Билдирүүдө "Кумтөр" долбоору боюнча келишим 2009-жылы кайра түзүлүп, аны Кыргызстандын парламенти менен Конституциялык соту жактырганы, ошондой эле алар 2017-жылы кайрадан бекитилгени, аны менен кошо айлана чөйрөнү коргоо боюнча өзүнчө стратегиялык келишим түзүлүп, ал 2019-жылы күчүнө киргени айтылган. Аталган стратегиялык келишимде Кыргызстан "Кумтөрдөгү" экологиялык зыян боюнча мурдакы доолордон баш тарткан эле.

Кенден жылына болжолу менен 15-18 тонна алтын өндүрүлөт. "Центерра Голд" компаниясынын Директорлор кеӊешинин курамы 11 адамдан турса, кыргыз тараптан үч гана өкүл бар.

УКМК "Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысына байланыштуу мурдагы жогорку кызматтагы адамдарын суракка чакырууда. Буга чейин мурдагы премьер-министр Темир Сариев сурак берип чыкканы белгилүү.

Өмүрбек Бабанов Кыргызстандагы белгилүү саясатчы, "Республика" партиясынын лидери . Ал 2011-2012-жылдары өкмөттү башкарды. 2009-жылы вице-премьер-министрлик кызматта турган.

2017-жылы өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун эң башкы атаандашы болгон. Шайлоо жарышы учурунда анын коңшулаш Казакстандын президентине барып жолукканы, кыргыз-казак мамилесин бир топ чыңалткан. Ошол кездеги казак президенти Нурсултан Назарбаев Ѳмүрбек Бабановду кабыл алып, колдоо көсрөткөнүн Ак-Ордонун сайты жазып чыккан. Ошондон кийин расмий Бишкек бул эгемен өлкөнүн ички ишине кийлигишүү болуп жатат деп казак элчисин чакыртып, каршылык нотасын тапшырган.

Көп өтпөй үгүт маалында шайлоочулардын алдында сүйлөгөн сөзү коомчулукта катуу талкууларды жаратып, кийин "улут аралык кастыкты козуткан" сөз сүйлөдү деп, кылмыш иши козголгон.

Өмүрбек Бабанов шайлоодо 33 пайыздан ашуун добуш алып, айрым облустарда жеңишке жетишкен эле. Шайлоодон кийин, саясаттан кеткенин айтып, Орусияга чыгып кеткени белгилүү болду. Эки жыл мурун Кыргызстанга кайтып келди.

https://www.bbc.com/kyrgyz/57270228