Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп билдирди бүгүн, 5-июнда УКМКнын басма сөз кызматы.
Тергөөнүн маалыматына караганда, Нурлан [аты өзгөртүлдү, Ш.Н.Р.] президент Садыр Жапаровдун жакын туугандарынын атын жамынып, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы мамлекеттик мекеменин жетекчиси К.Т.С.дан 5000 доллар жана 45 миң сом алган.
Нурлан жетекчиден ээлеген кызматын сактап калуу үчүн акча берүүгө мажбурлаган.
Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) 2-бөлүгү менен катталды.
Нурлан кечээ, 4-июнда кармалып, Каракол ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда УКМК аталган алдамчылыкка тиешеси бар калган бардык адамдарды аныктап жатат.
Шектүү