Кыяз Молдокасымов кесиптешинин илимий ишмердиги, тарыхый эмгектери жөнүндө Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Архивди терең казган, тарыхты катыра жазган, элге кеңири таанылган Ташманбет Кененсариев агайыбыздан айрылдык. Капысынан кармаган жүрөк оору агайды арабыздан түбөлүккө алып кетти. Мындай суук кабарга али ишене албай отурабыз. Кечээ эле сүйлөшүп, Би-би-си радиосуна кезектеги маегибизди аралыктан жаздырып, кийинкисин пландаштырып жатпадык беле?! Шум ажал баарын быт-чыт кылды. 41 жылдан бери билген мыкты агайым оо дүйнө кете берди.

Ташын агай экөөбүздүн изилдөө темаларыбыз, жылнаамалык мезгили да жакын эле. Өзгөчө 167 жылга созулган Кокон хандыгынын тарыхы совет доорунда Кыргыз тарыхынан обочолонуп, ал кыргызга үстөмдүк кылган чоочун, баскынчыл мамлекет катары каралып, жазылып келген. Кокон хандыгы түптөлгөндөн жоюлганга чейин кыргыздар ар дайым жигердүү аралашып, башкарып да келишкендиги, эң негизгиси орток мамлекет болгондугу тууралуу сөз айтуу мүмкүн эмес эле. Эгемендүү жылдардан тарта Кокон хандыгынын тарыхын жаңыча изилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүп, мамлекеттеги кыргыздардын ролун терең изилдөөгө, натыйжада орток хандык болгонун далилдөөгө кеңири жол ачылды. Ушул татаал маселеде да ар дайым пикирлеш болуп, бири-бирибизди колдоого алып, жакындыгыбыз артты. Анын натыйжасында Кыргыз тарыхнаамасында Кокон хандыгы Борбордук Азиядагы кыргыз, кыпчак, өзбек, тажик, казак элдеринин орток хандыгы болгондугу тууралуу илимий көз караш орноп, жаңыча карала баштады. Бул тарых илимдеги зор жетишкендик, ийгилик деп белгилесек болот.

Ошондой эле кыргыз тарыхнаамасындагы инсантаануу маселесинде да эриш-аркак эмгектенип, изилдөө иштерин жүргүзүп келебиз. Нүзүп миңбашы, Жаркын айым, Алымбек датка, Курманжан датка, Алымкул аталык, Мамыр Мерген уулу, Абылдабек, Молдо Исхак - Полот хан сыяктуу көптөгөн тарыхый инсандардын тарыхын изилдөөдө, алар тууралуу жаңы маалыматтарды илимий айлампага киргизүүдө да ар дайым пикирлеш болуп, чогуу аракеттенип келдик. Ташын агайдын тарыхтагы белгилүү инсандарды ээлеген ордуна жараша "улуттук, регионалдык, уруулук, уруктук деңгээлде карайлы" деген негиздүү сунушу тарыхчылардын арасында гана эмес, мүлдө коомчулук тарабынан да колдоого алынып келген. Инсантаануу маселесиндеги Ташын агайдын эмгектерин илимий ишмердигиндеги зор ийгиликтердин бири деп баса белгилей алабыз.

Ташманбет Кененсариев Кыргыз тарыхындагы оторчулук доор боюнча эң ири адис эле. Анткени Оруссия империясынын Кыргызстандагы колониялдык саясатын өтө терең изилдөөгө алып, ал боюнча Москвада кандидаттык диссертациясын коргоп, бир нече илимий эмгектерин жаратты. Бул маселени изилдөөдө Москвадагы, Санкт-Петербургдагы, Ташкенттеги архивдерди терең изилдөөгө алып, ал мезгилде жазылган эмгектерди ар тараптан талдоого алып, кыргыз тарыхнаамасына көптөгөн жаңылыктарды киргизе алды. Бүгүнкү күнгө чейин, же жетимиштен жашы өтсө да архивдерде талбай эмгектенген окумуштуулардын бири, ал гана эмес жалгызы десек жаңылбайбыз. 1916-жылы Кыргызстандын архив кызматкерлери менен бирге Санкт-Петербург шаарындагы архивдерден жаңы маалыматтарды, алардын арасында өзгөчө 1916-жылдагы улуттук-боштондук күрөшкө байланыштуу Оруссия империясынын Мамдумасынын депутаты, жана бул окуя боюнча атайын түзүлгөн комиссиянын жетекчиси А.Ф. Керенскийдин Мамдумада жасаган тарыхый докладынын түп нускасын таап келип, коомчулукка маалымдаганы көпчүлүктүн эсинде.

Азырынча агайдын айрым гана ийгиликтерин, илимдеги мыктылыгын учкай гана эскерип өттүк. Алдыда акыл-эсибизди жыйнап, агай тууралуу кененирээк эскермекчибиз. Азыр агайды кош дегенге ооз барбай, айлабыз курган абалдабыз".

https://www.bbc.com/kyrgyz/kyrgyzstan-57704669