Баткен районунун Өзбекстандын Сох анклавына чектеш Кара-Токой, Боз-Адыр айылдарында суу жетишсиз. Облус жетекчиси Абиш Калмурзаев
тийиштүү мекемелердин жетекчилери менен барып, айылдардан кабар алды.
Жергиликтүү элдин айтымында, Өзбекстандын Шархабат айылында жайгашкан суу тартып берүүчү насостук станция өзбек айылдарын аралап өткөндүктөн Кыргызстанга тиешелүү каналдардан өзбек жарандары сууну өздөрүнө буруп алышат. Андан улам Боз-Адыр жана Кара-Токой айылдарындагы айдоо аянттарына суу жетпей калууда. Сох анклавында жайгашкан насостук станцияга өзбек жарандары айрым учурда киргизбей да коюшат. Облус жетекчиси көз
карандысыз насостук станция курууну райондун акимине тапшырды.
Кара-Токой айылынын тургундары буга катар эле Кожо-Ашкан дарыясынын суусу ашып жатканын билдиришти.