Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:53
Япония менен КРнын ортосундагы дипмамилелерге 30 жыл. Япониянын премьери Садыр Жапаровду куттуктады
22:53
Кыргызстандын бардык аймагына электр энергиясы берилди
22:50
Президент Садыр Жапаров “БА мамлекеттери – Кытай” онлайн-саммитинде сөз сүйлөдү
22:49
Кыргызстан Йемендин аймагынан Сауд Аравиянын шаарларына болгон ракеталык чабуулду кескин айыптайт
19:09
Садыр Жапаров высказал мнение по проекту железной дороги Китай — КР — РУз
23:57
"Тазалык" ишканасына механикалык көчө шыпыргыч машиналар берилди
23:57
Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү. Себеби?
11:29
Президент Садыр Жапаров аралыктан иштөө режимине өттү. Себеби?
23:35
Болот Темиров өзүнө каршы чагым болгонун билдирди
23:32
Кыргызстандын төрагалыгы астында ЕЭК биринчи кеңешмеси өттү
23:27
"Бир сулуунун жанында жүз аламан шайтан бар". Рамис Рыскулов жөнүндө 12 факты
23:26
Акылбек Жапаров Жер-Үй кенине барды
19:15
Эл менен талкуулаш керек! Министрлик Кыргызстанда АЭСтин курулушу боюнча үн катты
19:12
ТИМ Казакстанга нота тапшырып, сабалган Сыдыковго компенсация талап кылды
23:42
Азык-түлүк кымбаттап эле баратат. Арзандатуунун жолу барбы?
23:40
Кыргызстан алтынчы сапта. Суюлтулган газдын баасы боюнча дүйнөлүк рейтинг
23:35
Байсалов: Коронавирустун жаңы “омикрон” штаммы Кыргызстандын бүт аймагына жайылды
23:35
Президент 2022-жылдын республикалык бюджетине кол койду
22:28
2021-жылы «Кумтөрдө» 14.5 миң кг алтын өндүрүлгөн. Алар каякта, кимге сатылды?
22:23
Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуду
22:23
Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду
23:45
Январь айына 500 млн доллар менен кирдик – президент
23:41
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
23:38
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
20:46
Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү
19:32
Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды
19:28
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
14:56
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт
14:54
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
14:47
Соцфонд: Өткөн жылы пенсия жана жөлөкпулга 50,8 млрд сом каржыланган
14:47
Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш
19:29
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат
19:24
Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды
19:20
КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды
19:18
Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү
17:40
Викрам Рузахуновдун камакка алынышы боюнча УКМКнын башчысы: Казакстандын ЖМКлары жазгандары бизге катуу тийди
17:40
Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты
23:15
Садыр Жапаров депутаттарды Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болбоого чакырды
02:17
"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты
23:42
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт
23:35
Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого 14 талапкер катышуу ниетин билдирди
23:34
Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду
23:34
"Московский комсомолец” гезити Садыр Жапаровду "Жылдын президенти" деп тапты
21:51
Кышкы туризм. Садыр Жапаров чет өлкөлүк туристтерди Кыргызстанга чакырды
21:49
Экономист 2022-жылы биткоиндин келечеги кандай болорун айтты
Бардык кабарлар

Вакцина тукумсуздукка алып келеби? Расмий органдын жообу

Жаңылыктар / Здоровье
928
0

Коронавируска каршы вакцина тукумсуздукка алып келет деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынан депутаты Шайлообек Атазов эмдөө коркунучтуу иш-чара экенин айтып, "тукумсуздукка алып келиши мүмкүн" деген маанидеги пост жарыялаган.

"Вакцина алуу — бул күмөндүү, коркунучтуу иш-чара болуп жатат. Мага бүгүн маалымат келди. Кээ бир мекемелер мажбурлап башташыптыр. Вакцина алуу менен коронавирус жок болот деген эч кандай далил жок. Бир да лабораториядан текшерүүдөн өткөн эмес. Вакцина элибизди келечекте тукумсуздукка алып келүүсү ыктымал. Эксперимент жүргүзүп жаткан болсо, туура эмес", — деп жазды депутат.

Мындан улам редакция Республикалык иммунопрофилактика борборуна кайрылып, бул билдирүү боюнча пикирин укту.

 

"Кыргызстанга алып келинип, эмдөөгө колдонулуп жаткан ар бир вакцина боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нускамасы бар. Айтайын дегеним, биз өндүрүүчүлөрдөн жана башка маалымат булактарынан дагы маалымат албайбыз. Бир гана расмий орган болуп эсептелген ДССУнун сунушу менен иш алып барабыз. Аталган уюм берген нускамаларда бир дагы вакцина тукумсуздукка же башка кооптуу ооруларга алып келет деп жазылган эмес", — деди борбордун директору Ишенапысова.

 

Ошондой эле ал буга чейин Жогорку Кеңештин комитеттери менен вакциналар тууралуу талкуу болуп жатканда бир дагы депутат эмдөөгө каршы пикир айтпаганын кошумчалады.
"Вакцинаны алуу үчүн каражат бөлүү маселеси каралып жатканда биз Жогорку Кеңешке барганбыз. Анда мындай дооматтар айтылган эмес. Эгер депутаттар өзү айтып жаткандай, вакцина тукумсуздукка же башка ооруларга алып келери боюнча так маалыматтар болсо, ошол далилин көрсөтүп анан айтса туура болмок", — деди адис.

Белгилей кетсек, 11-июлдан бери өлкөдө калкты жапырт эмдөө жүрүп жатат.



Дагы: https://sputnik.kg/society/20210717/1053249756/koronavirus-vakcina-tukumsuzdukka-alyp-kelbejt.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно