Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:25
Жапаров: Ата-бабалардын мурасына аяр мамиле кылуу, улуттук, тарыхый каада-салттарды сактоо — негизги милдет
23:22
ЖМК: Орхан Инандынын соту башталды, ал Түркия жарандыгынан баш тартты
23:20
Афганистанга жардам, коопсуздук, кызматташуу. Жапаровдун Душанбедеги сөзү
23:19
УКМК "Кумтөрдү" иштетүүдө 200 млн. доллар чыгарып кеткендерге издөө жарыялады
23:18
Койгула, андай кылбагыла дейли... Окуусуз 15 күн
22:54
Мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаев кармалды
17:52
ЖККУ саммитинде жыйынтыктоочу декларация кабыл алынып, бир катар көп тараптуу документтерге кол коюлду
17:49
БШК бул шайлоодо талапкерлерди кандай тобокелчилик күтөрүн айтты
17:45
Эмомали Рахмон Жапаровду "Улут сарайынан" тосуп алды
17:40
Нью-Йорк соту Centerra’нын кыргыз өкмөтүн айыпка жыгуу доосун четке какты
17:39
ИИМ САЯСАТЧЫЛАРДЫ СУРАККА АЛДЫ
17:38
Ысык-Көлдө туристтердин тоо текеге аңчылыгы мыйзамдуу болгону айтылды
18:37
Адвокат: Атамбаев, Асанов, Акаев бийликти күч менен басып алууга шектелүүдө
18:35
Бишкекте дагы бир мамлекеттик лабораторияда ПЦР-тест тапшыруу арзандады
18:29
Жанар Акаев менен кошо Алтынбек Сулайманов да ИИМге сурак бергени кирип кетти
21:21
Парламенттик шайлоодо дээрлик 3,7 млн адам добушун бере алат
21:21
Марипов: Уюлдук идентификациялоо тутуму калктын мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө онлайн режимде жеткиликтүүлүгүн жогорулатат
21:15
"Кумтөр": Centerra Кыргызстанды дүйнө коомчулугунун алдында каралап жатат
21:14
Ошто жаш мугалимдерге жер тилке менен үйдүн сертификаттары берилди
21:13
Бишкек — Ош жолунда кар көчкүдөн сактай турган тоннель салынууда
17:50
Бет кап тагыныш керекпи? Бийлик балдар кандай шартта окуурун айтты
17:49
36 депутат кантип шайланат? Бир округга бириктирилген айыл, райондордун тизмеси
17:46
Ысык-Көлдө пилотсуз учуучу аппараттарды колдонуу боюнча машыгуу башталды
17:45
Мал союп этин тараткан. Аксыда 7 адам күйдүргүгө шектелип ооруканага түштү
23:00
БШКнын кармалган мүчөсү Акылбек Эшимов тууралуу эмне белгилүү
22:57
550 миң доллар алган. УКМК коррупцияга шектүү деп БШК мүчөсүн кармады
22:55
БШК шайлоо округдарынын схемасы менен чек арасын жарыялады
16:16
КР ТИМ башчысы Сибирь жана Уралдагы мекендештер менен онлайн жолугушуу өткөрдү
16:15
Улукбек Марипов Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту
16:04
Кургакчылыктан улам быйыл дан эгиндеринин түшүмү 46 пайызга азайды
16:03
Бийликти басып алууга чакырган. ИИМ Орозайым Нарматова эмнеге кармалганын айтты
16:02
Мамлекетке 8 млн. сом зыян келтирген. УКМК Бажыдагы эки кызматкерди кармады
03:29
Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Кытай элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту
03:24
Кыргызстандагы коронавирус. Күзгө карата абал кандай болот?
18:04
Токтогул суу сактагычынын запасы апрелде «өлүк көлөмгө» чейин төмөндөшү мүмкүн
17:58
Бишкек жана Чүйдө майнинг-фермалардын мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду
17:57
Садыр Жапаров кыргызстандык суучул Владислав Шулико менен жолугушту
17:51
Жаңы мектеп ачылары күтүлүүдө. Бишкекте кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт
17:51
Акаев: заман тез өзгөрөт, Суталинов менен Конгантиевдин сүрөтүн илип коюш керек
17:48
Өкмөт Россия менен пошлинасыз бензиндин көлөмүн көбөйтүүнү сүйлөшүүдө
17:47
Алтындан жасалган буюмдар. Даниялык киши кенч таап алды
18:29
Улуттар аралык ынтымакты чыңдоо. Элчи Жунусов Андижан, Фергана, Наманган облустарында болду
18:29
Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери салыктарды 4,7%га ашык жыйнаган
18:25
ЖК шайлоосу: Кыргызстан 36 округга бөлүндү
18:23
Пакистандыктарга виза берүүнү токтотууга ЖК депутаты каршы чыкты
Бардык кабарлар

Шайлоо -21: Чайдан кийин жибиген мамиле, көтөрүлгөн босого чек

Жаңылыктар / Аналитика
531
0

Кыргызстанда күзүндө боло турган саясий жарыштын эрежеси такталып бүтүп баратат. Депутаттар бүгүн шайлоо мыйзамын экинчи-үчүнчү окууда карап баштады. Анын алдында депутаттар менен президент Садыр Жапаров өзүнүн резиденциясында экинчи ирет жолукту,  айрымдары менен жекеме-жеке жолукканы да айтылууда.

Президент депутаттар менен шейшембиде дагы жолукту. Анын өзүнүн басма сөз кызматы учурдун актуалдуу маселеси боюнча бейформал пикир алышуу болду деп билдирди. Башкалары чай үстүндө шайлоо жөнүндө сөз болду деп атышат.

Ошол чайдан кийин, шайлоо мыйзамынын долбоорунда босого чек мурунку үч пайыздан беш пайызга көтөрүлүп калганын бүгүн депутат Рыскелди Момбеков козгоду:

"Бул мыйзам биринчи окууга киргенде саны боюнча токсон, бөлүнүшү боюнча 55-35, босого чек үч эле пайыз эле. Экинчи окууга келгенде эмнегедир эки пайыз кошулуп, беш пайыз болуп калыптыр. Эки жолу чай бергенге эрип кеттиңерби?"

Депутат Алтынбек Сулайманов бул комитеттин чечими деп жооп кайтарды, бирок анын зарылдыгын негиздеген жок.

Долбоор боюнча депутаттардын саны 120 дан токсонго кыскарат, анын 55 партиялык тизме менен, 35 бир мандаттуу округдардан шайланат.

Партиялык тизме менен шайлоодон элдин көңүлү калды, партия лидери менен сүйлөшүп алган капчыгы калыңдар кайра эле парламентке толуп алат, баягы эле олигарх, нотариус парламент кайра келет деген пикирлер көп болуп кеткен эле.

Ошондуктан бир мандаттуу округдардан шайлоону кайта алып келип жатышат.

Рыскелди Момбеков

 

Ал эми преференциалдык система кыргыздар үчүн жаңы. Партиялык тизме ачык болсо,  шайлоочулар андагы талапкерлер үчүн да добуш берсе, ошондо гана партия лидеринин кысымы, үстөмдүгүн азайтууга болот дешет.

Депутат Жанар Акаев бул чечимдин маанисин тарыхый жаңы бурулуш деп атады.

Бирок бул системанын деле кемчилигин көргөндөр көп болуп атат. Мындай парламентте улуттук азчылыктардын, аялдардын өкүлдөрүнө жол тийбейт, анткени, акча үстөмдүк кылган жерде партия лидерлери квотаны карап да койбойт дешет.

Саясий эксперт Алмаз Акматалиев "Фейсбукка" анын он минусун санап жазды.

"Электоратты сатып алуу, тек гана байлар депутат болуу рисктери чечилбейт. Мурун өз округунан гана сатып алып келишсе, эми бүт өлкө боюнча сатып алуу толук мүмкүн болуп калды...Кайын журт, дос-классташ жашаган жерлерде дегеним....-дейт эксперт.

Акматалиев ошондой эле парламенттеги фракция өз стабилдүүлүгүн жана туруктуулугун жоготот, мурункудай партия лидеринин формалдуу авторитети болбойт деген кемчиликтерди да белгиледи.

Шайлоо мыйзамындагы дагы бир жаңылык – жеңишке жеткен партия парламенттеги 55 орунду бүт алып коюе алат экен. Албетте, мындай учурда бир саясий күчтүн монополиясы орнойт деп каршы чыккандар болуп жатат.

Кыргызстанда шайлоо саясий опурталдуу иш, эгерде бийликтин камчысы катуу болсо, эл чыдабай бийликтин өзүн аңтарып сала турганын мурунку шайлоолор көрсөттү. Бир жыл мурда Жээнбековдун бийлигинин түбүнө жеткен да ушул шайлоодогу ырбаган чыр болду. 2005-жылы Акаевдин бийлигинин кулашына дагы парламенттик шайлоодон чыккан нааразылык себеп болгон. Ошол себептүү, азыркы шайлоодо оюнду ийкемдүү жана акылдуу алып кетпесе, күчкө салганда болбой турганын азыркы бийлик башындагылар да жакшы билет.

Президент менен мындан мурунку жолугушуудан кийин депутаттар шайлоо мыйзамын биринчи окууда колдоп беришкен.

Шайлоо мыйзамы эми экинчи-үчүнчү окууда кабыл алынып, президентке жөнөтүлүп, кол коюлар замат кезектеги парламенттик шайлоо жарыяланмакчы.

https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c16y4y0m62jo

скачать dle 11.0фильмы бесплатно