Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:56
ЖК: Мыйзамдар жана регламент комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды
07:28
Кыргызстанда Венгриянын маалымат жана маданий борбору ачылышы мүмкүн
07:26
Сөздөн ишке карай... Кыргызстанга Сауд Аравиядан инвестиция тартууну өнүктүрүү
07:24
Акылбек Жапаров Япониянын Улуттук банкынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады
04:53
Оштун жаңы мэри жамаатка тааныштырылды
04:33
Бишкек: Бейтапканалар дем алышта да иштей баштады
04:26
"Тешилбеген жер калбады". Терек-Сайдын кейиштүү экологиясы
04:24
Бажы: киреше боюнча убада эмнеге орундалбай калды?
19:57
Кол күрөш боюнча спортчулар Азия кубогунда 25 медаль багындырышты
19:55
Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды
07:53
Москвада Кыргызстандын жаңы коомдук борбору ачылды
07:48
Президент Жапаров-Ташиев тандемин сындаган делегат менен өзүнчө жолугат
06:31
Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды
06:30
Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси болуп дайындалды
04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
06:38
Садыр Жапаров Стамбулдагы терактка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты
Бардык кабарлар

Мектепке ыктыярдуу взнос: чындыгы жана чыры

Жаңылыктар / Коом жана проблемалар
903
0

Мектептерге ата-энелерден кошумча төлөм алуу жөнүндө билим берүү министринин сунушу социалдык тармакта талкуунун жаңы барагын ачты. Бул канчалык мыйзамдуу болот жана кымбатчылык жакадан алып турганда анын кереги бар беле деген суроо көп болууда. Билим берүү жана илим министрлиги ата-энелердин мектепке акчалай жардамынын укуктук механизмин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлгөнүн кабарлады.

Билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев ата-энелердин мектепке жардам иретинде акча жыйноо жөнүндө сунушту бейшембидеги басма сөз жыйынында ортого салды.

"Окуу имараттарын кармаганга ата-энелер взнос төлөп турса деп атабыз. Ал бир жылда бир жолу белгиленген сумма болот. Биз муну ата-энелер менен кеңешип чечебиз”,-деди министр.

Ата-энелердин мектепке бере турган жардамы канча сумма экени азыр так эмес, министр болжолдуу түрдө шаарда миң сом, айылдарда сегиз жүз сом кылсак кандай болмок деген суроо салды.

Бул маселенин көп жагы бар. Биринчиден, Кыргызстандын Конституциясында акысыз  билим берүү кепилденип жазылган. Ошондуктан мектепке акча чогултуу баш мыйзамга каршы келип, ар бир баланын конституциялык укугун бузуу катары каралышы мүмкүн.

"Бүгүнкү күндө Конституцияда, "Билим берүү жөнүндө" мыйзамдын үч беренесинде бул бакыйып жазылып турат. Мамлекет толук эмес жана толук орто билимди бүтүндөй мойнуна алат, акысыз. Демек, бул коомчулуктан нааразылыгын туудурушу мүмкүн",-дейт агартуу ишмери Асылбек Жоданбек.

Бирок андай эмес деген башкача көз караштар да болууда.

"Кошумча төлөм киргизүү Конституцияга каршы келбейт”,-дейт жарандык активист Анара Дауталиева. –Анткени, ата-энелер билимдин сапатын эмес, инфраструктураны каржылашат. Алар аны азыр деле жасап атышат, окуу жайларда бор, тряпкадан баштап эмерек-техникасына чейин сатып беришүүдө”.

Ырас, мектепке ыктыярдуу түрдө ата-энелер өздөрү акчалай жардам бере алышат. Бирок ыктыярдуулук принцип сакталарына эч ким ишенбейт, анткени азыр деле айрым мектептердеги ата-энелер фондуна акчаны мажбурлап жыйнаган учурлар көп.

Аны түздөн түз мектепке эмес, ата-энелер түзгөн фондуга жыйнап, пайдаланышат. Андан сырткары, мектепке балдарын алпарган ата-энелер "ыктыярдуу жардам" бербесе, директорду ыраазы кылбаса, маселе оң чечилбейт.

Ата-энелер түзгөн фондко акча чогултууга мектептин директорунун да, мугалимдердин да тиешеси болбош керек. Бирок иш жүзүндө андай фонддорду башкарууга мектеп директорлору өздөрүнүн жакын тааныштарын коюп алышат. Ошондуктан андагы каражатты директорлор каалагандай калчай алышат дешет. А эми фондко акча чогултууну уюштурууну мугалимдерге, класс жетекчилерге жүктөп коюшкан. Мугалимдер өз кезегинде ата-энелерди кысымга алат.

Ошондой арыз болуп калган учурларда акчаны ата-энелер өздөрү чогултуп атат, коомдук фонддордун ишине директор менен мугалимдер кийлигише албайт деп администрация дайыма четке чыга берет.

"Мыйзам боюнча алар мектепке кирип, бардык окуучулар эч кимисинин социалдык абалына карабай бул фондко акча төлөшү керек деп талап кылганга укугу жок”,-деди министр Болотбек Купешев.


 
Мектеп

 Кошумча төлөм жөнүндө сунушту туура деп кабыл алгандар да, кабатыр болуп каршы чыккандар да болууда.  

"Мен ойлойм, ата-энелер бир жылда бир жолу миң сом төлөп турса, эч нерсе болбойт. Мектепти колдоп турбаса болбойт да, мамлекет каржылай албай жатпайбы”,-дейт Минара Жумасанова.

Каршы болгондор анын кымбатчылык каптап, пандемия менен карантинде эл жакырланып жаткан учурда көтөрүлгөнүн сынга алышууда.

"Ошол эле миң сом кээ бир үй-бүлөлөр үчүн чоң акча. Бир айда миң сом таппаган үй-бүлөлөр кантет. Төрт баласына төрт миң сом кайдан табат?”,-дейт ноокаттык мугалим Кундуз Арапова.

Ошол эле учурда мектепке жыйналган акчанын максаттуу жумшалышы дагы өзүнчө көйгөйлүү маселе экени айтылууда. Ага директорлор чеңгелин салбайт дегенге ишенич аз дешет.

«Эмнеге? Мектеп директорлору, завучтарды байытыш үчүнбү? Машинеден машина алмаштырып, участок сатып алсын үчүнбү? Менин балам окуган мектепте мындай учурлар болгон. Билим берүү министри баарын жакшылап ойлонот деп үмүт кылам»,-деп жазды Фейсбукка  Назгүл Бекболот кызы.

Мамлекет ата-энелерден акча чогулткандын ордуна коррупционерлер кусуп берген миллиарддаган каражаттарды эмне үчүн билим берүүгө жумшабайт деп суроо койду журналист Алмаз Исманов.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев алты айда коррупцияга каршы күрөштөн уурулар алты миллиард сом жыйналганы жөнүндө жакында эле отчет берген эле. Ошол эле убакта УКМК кызматкерлерине үйлөр салынып, мамлекеттик чиновниктерге акчалай сыйлыктарды берүү жөнүндө маселе каралып жатканда билим берүүгө акча жок деп ата-энелерге кайрылуунун өзүн туура эмес деп жатышат.

Министрликтин  мектепке кошумча төлөм жөнүндө сунушу азыр расмий түрдө боло элек. Анын үстүнөн азыр жумушчу топ иштеген жатат.

Бул Министрлер Кабинетинде акылдашып, бышкандан кийин гана элге долбоору чыгарылат болуш керек. Жогорку Кеңештин да колдоосу болбосо, ишке ашпайт. Анткени, кеп Баш мыйзам кепилдеген негизги укук жөнүндө болуп жатпайбы. (КС)

https://www.bbc.com/kyrgyz/articles/c9zv419vr7lo

скачать dle 11.0фильмы бесплатно