Бүгүн:

Акыркы кабарлар

19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
23:25
Кыргызстандын тайбокс боюнча курамасы Азия чемпионатында 18 медаль жеңди
23:24
Кыргыз-казак чек арасындагы абал турукташып, кезек жоюлду
23:25
Казакстандын УККсы чек арадагы фуралар боюнча көрүнүшкө түшүндүрмө берди
23:28
Кыргызстандыктар, өзбекстандыктар чек арадан эми ID-карта менен өтө алат
22:07
Диетолог стресстен оңой чыгууга жардам берчү азыктарды айтты
23:26
Кыргызстандык академик чек арадагы көйгөйлөрдөн улам казак бийлигине кайрылды
23:34
ЕАЭБде дары-дармек каттоону жөнөкөйлөтүү иштери жүрүүдө
22:51
ЕАЭБде курулуш темпи активдешти. ЕЭКтин алты ай боюнча маалыматы
23:30
Трансулуттук УКТ мүчөсү кыргызстандыктын $1,8 млн криптовалютасын ээлеп алган
23:26
Администрация: Садыр Жапаров “Барселонанын” легендалары менен таймашат
23:17
Бали! Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынан коло медаль утту
23:43
Өлүмдөн кийинки өмүр. Бүгүн ырчы Виктор Цой эскерилүүдө
23:03
ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү
23:02
Кыргызстан II КМШ оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 7-орунду ээледи
23:01
Санкт-Петербургда кыргызстандык таксист келиндин төрөтүнө жардам берди
22:58
Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары салтанаттуу аяктады
22:57
КМШ оюндары. Самбо боюнча курама команда 3 медаль жеңди
22:56
КМШ оюндарында Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы күмүш медаль багындырды
22:51
Россиялык дарыгерлер Ошто кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасашты
22:48
Адистер кечки тамактан баш тартуу эрте өлүмгө кептээрин билдирди
22:18
КМШ оюндарында дагы бир күмүш! Мушкер Алмаз Орозбеков медаль тагынды
22:18
КМШ оюндарында дагы бир күмүш! Мушкер Алмаз Орозбеков медаль тагынды
22:10
Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү — Россиядагы мигранттардын утушу
22:08
Холестеринди азайтат. Диетолог коондун пайдасы тууралуу айтып берди
23:01
“Сколково” резиденттери "Армия-2023" форумунда технологиялык жабдууларды көргөзөт
Бардык кабарлар

УКМК "Кумтөр" иши боюнча толук маалымат берди

Жаңылыктар / Экономика
1 001
0

"Кумтөр" долбоору боюнча кылмыш ишинин 1992-2009-жылдардагы эпизоддору жыйынтыктоо этабына жетип калды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка караганда, чогултулган далилдерден улам "Камеко" жана Centerra Gold Inc. кызматташуу учурундагы ири коррупция Кыргызстандын кызыкчылыктарына каршы аракет болгон деген бүтүм чыгарылды.

1992-жылы Башкы келишимди түзүүдө жана 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда коррупция фактысы боюнча экс-президент Аскар Акаев жоопко тартылып, экс-премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов жана "Кыргыз алтын" мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов, Экономикалык кайра куруу жана өнүктүрүү комитетинин экс-төрагасы Борис Бирштейн издөөдө жүргөн.

 

"2003-жылы "Комеко" компаниясы менен түзүлгөн Башкы келишимди реструктуризациялоо учурунда коррупция үчүн мурдагы президент Аскар Акаев дагы кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошентип бул реструктуризациялоонун натыйжасында Centerra Gold Inc. Кыргызстандын үлүшүн 33,33 пайыз деп баалаган. Тергөө ошондой эле 2009-жылы "Кумтөр" долбоорунун жаңы шарттары жөнүндө келишим түзүүдө коррупциялык фактыга юридикалык баа берилип, 1992, 1994 жана 2003-жылдары түзүлгөн келишимдердин экономикага жана экологияга терс жактары аныкталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, бул эпизод боюнча кылмышка шектүү катары экс-премьер-министр Игорь Чудиновго, "Кыргыз алтын" ишканасынын мурдагы төрагасы Алмазбек Жакыповго, Мамлекеттик геология агенттигинин мурдагы директору Капар Курманалиев, директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеев, инвестордун өкүлү Андрей Сазанов, экс-президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиевге издөө жарыяланган.

"2012-2014-жылдар аралыгында "Центерра" компаниясынын кызыкчылыгында кылмыштуу аракеттерди жасоо боюнча экс-премьер-министр Өмүрбек Бабанов, биринчи вице-премьер-министр Тайыр Сарпашев, депутаттар Асылбек Жээнбеков, Талант Узакбаев, Алмазбек Баатырбеков, Исхак Пирматов, президенттин Жогорку Кеңештеги мурдагы өкүлдөрү Данияр Нарынбаев жана Динара Молдошева жоопко тартылган", — деп айтылат билдирүүдө.

 

Тергөөдө аныкталган коррупциялык фактыларды жана канадалык инвесторлор менен Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербеген келишимдердин шарттарын эске алуу менен "Кумтөр" долбоору боюнча келишимдерди денонсациялоо процесси башталды.

 

Ошондой эле Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча тергөө улантылып жаткандыктан айыпталуучуларга юридикалык баа берилери кошумчаланды.

 



Дагы: https://sputnik.kg/politics/20210811/1053510985/kumtor-boyuncha-ukmknyn-bildiruusu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно