Бүгүн:

Акыркы кабарлар

16:58
БШК «Ынтымак» партиясынан Талант Мамытовдун талапкерлигин каттоодон баш тартты
16:57
“Империя пиццы” кафеси. Тамактан уулангандардын саны 179 адамга жетти
16:02
Арбитраждык соттордо Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо боюнча план бекитилди
16:00
Кыргызстан — Кытай темир жол ишканаларынын башчылары кызматташууну талкуулады
15:54
Бажы кызматынын бардык жетекчилери алмашты. Жаңы келгендер
22:00
Арзыбек Кожошев атамекендик бизнес өкүлдөрү менен жолугушту
21:55
Кыргызстан менен Россиянын кызматташа турган мектептеринин тизмеси
21:52
Кыргыз бийлиги тажикстандык студенттер үчүн чек араны ачты
21:50
Күнгө чагылышкан алтын күз. Бишкектин көз талдырган видеосу
21:07
Биринчи жолу. Кыргызстан өз акчасына сооттолгон 40 техника сатып алды
21:06
Жапаров мэр, акимдерди өзү дайындамай болду, акимдин укуругу узарды. Жаңы мыйзам
21:03
Таштандыдан мүлккө чейин. Жапаров аткаминерлердин негизги милдетин атады
21:02
Туризмди өнүктүрүү үчүн укугу кеңири фонд түзүлүп, ага 1 млрд. сом бөлүнөт
23:54
ЖКга шайлоо. Екатеринбургдагы Башкы консулдук Тюмень шаарына жумушчу сапар уюштурду
23:47
Дарыгер баланы суперинфекциядан кантип сактаса болорун айтты
23:47
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. ИИМ иликтөөсүнүн жыйынтыгы эмне болду
23:46
Бийлик Бишкек менен аймактарда көмүрдүн баасын бекитти. Канчадан ашпаш керек?
16:15
Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тариф
16:05
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди
16:02
Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти
23:23
Энергетика министрлиги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер тууралуу түшүндүрмө берди
23:22
Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады
23:20
Акылбек Жапаров: президенттик администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөт
23:39
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:38
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:34
Кыргызстан эл аралык издөө тобуна кошулуу үчүн Түркиядан жардам сурады
23:32
Жапаров КМШ жана башка уюмдардын байкоочуларын парламенттик шайлоого чакырды
12:40
Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат
12:38
Шайлоого катышмак болгон 75 партиянын 23ү калды. Тизме
12:37
УКМК: 39 киши өлгөн терактыны каржылаган делип кыргызстандыктар кармалды
19:26
ЖК комитети президенттин жаңы өкмөт боюнча сунушун колдоду
19:25
Шаардык сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды
19:19
Кыргызстан делимитация процесси бүтмөйүнчө Тажикстан менен чектешкен аймактарда бизнес жүргүзүүгө тыюу салды
19:18
Сентябрда ири компаниялар 460 млн сомдук салыкты бюджетке аванс катары төлөшкөн
19:17
Президент Жапаров парламенттик шайлоого байланыштуу жалпы республикалык кеңешме өткөрөт
19:15
Акылбек Жапаров өкмөттү да, президенттик администрацияны да жетектемей болду
19:12
Министрлер кабинетинин жаңы курамына кимдер кирди? Тизме
19:10
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
19:10
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат
19:09
Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайындалды
22:39
АКЫН АЛЫМКАН ДЕГЕНБАЕВАНЫН КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ
22:34
Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утуп чыкты
22:33
Министрлер кабинети эми жаңы эреже менен иштейт. Мыйзамга президент кол койду
13:28
Түндө Таластагы мейманканага эркек киши кол салып, конокторду кууп чыккан
13:27
Милиция саясатка аралашпасын! ИИМде шайлоо алдында кеңешме өттү
Бардык кабарлар

Айзада Канатбекованын өлүм убактысын аныктоого мүмкүн болбоду. Сот уланууда

Жаңылыктар / Кыргызстан / Коом жана проблемалар
2 105
0

13-августта Бишкектин Биринчи май райондук сотунда уурдалып киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын иши боюнча кезектеги сот отуруму болду. Сот бул ишти бир нече айдан бери карап жатат, бирок отурумдар ар кандай себептерден улам жылдырылып келген.

Бул иш боюнча тергөө киши уурдоого катышкан деп эсептеген беш киши айыпталуучу катары өтүп жатат.

Отурумда эмне болду?

Отурумда Айзада Канатбекованын өлүм убактысын аныктоо негизги маселе болду. Бул үчүн соттук-медициналык эксперт чакыртылды.

Бирок, анын айтымында, кыздын сөөгү киши колдуу болгон учурдан бир суткадан ашып кеткенден кийин алып келингендиктен так өлүм убактысын аныктоого мүмкүн болбой жатат.

«Биздин методика боюнча эгерде бир суткадан ашуун убакыт өтүп кетсе, биз [өлүм убактысын] аныктай албайбыз [...] Корутундуда "өлүм сөөк изилденип жатканда бир суткадан ашуун убакытта болгон” деп жазылган», — деди ал соттук отурумда.

Анын айтымында, кыздын сөөгү моргго 7-апрель күнү кечинде жеткирилген.

*Айзада Канатбекова 5-апрелде эртең менен уурдалган. Анын сөөгү эки күндөн кийин табылган. 7-апрелде саат 13:14тө Аламүдүн РИИБне мал жайып жүргөн чабан — Чоң-Таш айылынын тургуну чалган. Ал Чокморов (Чоң-Таш) жана Арашан айылдарынын ортосунда Honda Civic турганын кабарлаган.

Чабандын айтымында, ал унааны талаадан 5-6-апрелде да көргөн, бирок баткакка тыгылып калган унаага окшотуп маани берген эмес.

Ал эми жабырлануучу тараптын жактоочусу Нурбек Токтакунов соттук-медициналыкк эксперттен эмне себептен ал отурумда айткан маалыматын өз корутундусунда көрсөткөн эмес деп сурады.

«Өлүм убактысы бул жерде [корутундуда] көрсөтүлбөгөнү бул менин катам», — деди эксперт.

Токтакуновдун пикири боюнча, жабыр тарткан тарап бул атайын жасалган деп шекшип жатат.

«Алгач өлтүрдү деп чечим чыгарышкан, тактап айтканда Замирбек Теңизбаевге карата ишти токтотушкан. Өлтүргөн киши ошол деп чечип, анын негизинде [ишти токтотушкан]. Бирок өлүм убактысы аныкталбаса кантип алар кандайдыр бир чечимдерди кабыл ала алышат эле?» — деп айтып берди адвокат «Клоопко».

Мындан сырткары, отурумда судья экспертизанын жыйынтыгы боюнча айыпталуучулар кармалгандан кийин алардын денелеринде жаракаттар жана көгөргөн жерлери аныкталбаганын маалымдады. Анын айтымында, бул айыпталуучулар милиция тарабынан ур-токмокка алынбаганын далилдейт.

Ошондой эле, отурумда судья психиатриялык экспертизанын корутундусун окуп берди. Анын айтымында, айыпталуучулардын бири — Сыймык Молдосариев «кем акылдык, артта калгандык көрүнүштөгү өнөкөт-психикалык оорусунан» жабыркайт.

Бирок эксперттер корутундусунда айыпталуучу буга карабастан кылмыш жасап жатканда эмне кылып жатканын түшүнгөн, өзүн башкара алмак, ошондуктан «аны акыл эси ордунда деп эсептөө керек» деген бүтүм чыгарган. Судьянын айтымында, шектүүлөрдүн калган төртөөсүндө эксперттер психиатриялык экспертизадан кийин эч кандай ооруу же жабыркоолорду тапкан эмес.

13-августтагы отурумда сот иштин материалдарын изилдеп бүттү. Кийинки отурум 6-сентябрга дайындалды, ал жерде эки тараптын жарыш сөзү болот.

Бул иштин биринчи отуруму кандай өткөнүн бул жерден, ал эми экинчи жана үчүнчү отурумдар тууралуу бул жактан окуй аласыз. Төртүнчү отурумду кененирээк бул жерден, ал эми бешинчи отурумду бул жерден окуй аласыз.

Айзада Канатбекованын уурдалып, андан соң өлтүрүлүшү


Айзада Канатбекова 5-апрелде таңкы саат 5те уурдалган. Арадан эки күн өткөн соң, 7-апрелде Бишкектин чет жакасындагы талаадан чабан машинаны байкап ал жерден кыздын, ал эми жанында аны уурдап кеткен адам Замирбек Теңизбаевдин сөөгү табылган. Милиция Теңизбаев кызды муунтуп, андан соң өз жанын кыйганын билдирген. Кийинчерээк Теңизбаев Айзаданы өлтүрөөр алдында зордуктаганы белгилүү болгон.

Айзада Канатбекованы уурдоого беш адам жардам берген — эки жолу соттолгон Кубаныч Токон уулу менен Замирбек Раманкулов, бир жолу соттолгон Ажикабыл Рысбай уулу, кылмыш жообуна тартылган Орозбек Нурумбетов жана буга чейин бир да жолу сот жообуна тартылбаган Сыймык Молдосариев.

Айыпталуучулардын баарына «Алдын ала сүйлөшүп алуу менен адамдардын тобу менен уурдоо» беренеси боюнча айып тагылууда.Орозбек Нурумбетов күнөөсүн толук мойнуна алды. Раманкулов күнөөсүн мойнуна алган жок, калган шектүүлөр күнөөсүн жарым-жартылай моюндашты.


https://ky.kloop.asia/2021/08/14/116567/скачать dle 11.0фильмы бесплатно