Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:58
Катар-2022: Аргентина 1/8 финалга чыкты
22:56
ЖК: Мыйзамдар жана регламент комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды
07:28
Кыргызстанда Венгриянын маалымат жана маданий борбору ачылышы мүмкүн
07:26
Сөздөн ишке карай... Кыргызстанга Сауд Аравиядан инвестиция тартууну өнүктүрүү
07:24
Акылбек Жапаров Япониянын Улуттук банкынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады
04:53
Оштун жаңы мэри жамаатка тааныштырылды
04:33
Бишкек: Бейтапканалар дем алышта да иштей баштады
04:26
"Тешилбеген жер калбады". Терек-Сайдын кейиштүү экологиясы
04:24
Бажы: киреше боюнча убада эмнеге орундалбай калды?
19:57
Кол күрөш боюнча спортчулар Азия кубогунда 25 медаль багындырышты
19:55
Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды
07:53
Москвада Кыргызстандын жаңы коомдук борбору ачылды
07:48
Президент Жапаров-Ташиев тандемин сындаган делегат менен өзүнчө жолугат
06:31
Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды
06:30
Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси болуп дайындалды
04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
Бардык кабарлар

Алишеров: ЕАЭБге экспорт өткөн жылга салыштырмалуу 70%га өстү

Жаңылыктар / Интеграция
842
0

Экономика жана финансы министринин орун басары Элдар Алишеров учурунда ар кандай кооптонууларга карабастан ЕАЭБге кирүү туура чечим болгонун белгиледи.

Өткөн жылга салыштырмалуу ЕАЭБ алкагында Кыргызстандын соода жүгүртүүсү 30, экспорт 70, импорт 20 пайызга өстү. Бул тууралуу Элдар Алишеров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көрсөткүчтөр 2021-жылдын беш айынын жыйынтыгы боюнча чыгарылган.

"ЕАЭБге кирүү боюнча талкуулар өлкөдө эки-үч жыл жүрдү. Бул убакытта саясий-экономикалык талдоолор жүргүзүлүп натыйжасында өлкө аталган уюмга кирүү чечимин кабыл алган. Ошол учурда айрым эксперттер "уюмга киргенде өлкөдө гиперинфляция болот, ишканалар жабылат, ички дүң өндүрүм төмөндөп, атаандаштыкка туруштук бере албай калабыз" деген кооптонууларды билдирген. Бирок ошого карабастан статистика деген факт. Ага кайрыла турган болсок, уюмга киргенден бери пандемия учурун эске албаганда өлкөнүн ИДӨсү төрт пайыздан жогору өсүш болуп турду. Инфляция дагы коюлган чектен, жети пайыздан өткөн жок. 2014-2015-жылдары ишкерлер күтүү режиминде болгон. Ошого байланыштуу соода жүгүртүү төмөндөгөн. Анткен менен 2019-2020-жылдары бул багытта өсүш болду. Мисалы, 2021-жылы Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт 70, соода жүгүртүү 30, импорт 20 пайызга өскөн. Албетте, 2020-жылы пандемияга байланыштуу экономикалык көрсөткүчтөр төмөндөп кеткенин эске алуу зарыл. Ошого карабастан бул жылы экономика калыбына келе баштаганын байкоого болот", — деди Алишеров.

Ошондой эле ал Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылы мүчө болгонун кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз:

 

https://sputnik.kg/Radio/20210815/1053555674/eaehbge-kirgen-alty-zhyl.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно