Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров Индия Республикасынын президенти Рам Натх Ковиндди Кыргызстандын элинин жана өзүнүн атынан Индия Республикасынын улуттук майрамы - Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдайт.

"Биз мамлекеттердин ортосунда түзүлгөн стратегиялык мамилелерди абдан жогору баалайбыз. Кыргыз-Индия өнөктөштүк байланыштар эки элдин бакубатчылыгы үчүн мындан ары да бекемделе берет деп ишенем”, - деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Садыр Жапаров Рам Натх Ковиндге чың ден соолук жана ийгилик, ал эми Индия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

http://kg.kabar.kg/news/sadyr-zhaparov-indiianyn-prezidenti-ram-natkh-kovinddi-egemend-l-k-k-n-menen-kuttuktady/