Бүгүн:

Акыркы кабарлар

04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
06:38
Садыр Жапаров Стамбулдагы терактка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты
05:48
Үй камагына чыккан Руслан Бекназаров акимдин орун басары кызматына кайтып барды
06:11
Кытай кыргызстандык студенттерге 23 мамлекеттик стипендия бөлдү
06:07
Москва биржасында кыргыз сомун сатып алуу боюнча үч операция жүрдү
06:03
Австралияда Актан Арым Кубаттын "Эсимде" тасмасы "Азиянын Оскарын" алды
06:00
Кыргызстандык мушкерлер Азия чемпионатында төрт коло байгеге ээ болушту
07:52
Садыр Жапаровдун Өзбекстанга иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди
07:49
Байсалов Самбо боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземине катышты
07:47
Социалдык тармактардагы алдамчылардан кантип коргонуш керек? Улуттук банктын кеңештери
07:44
Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектеп ачылды
05:10
ОшТУда илим күнү белгиленди
05:06
Энергетика министри Дүйнөлүк банктын CASA-1000 долбоору боюнча миссиясы менен жолукту
05:04
Президент Садыр Жапаров Венгриянын премьер-министри менен жолугушту
05:01
Ош шаарында "Билим" лицейинин жаңы окуу корпусунун салтанаттуу ачылышы өттү
04:56
Электр энергиясын убактылуу чектөөнүн себеби айтылды
Бардык кабарлар

Кыргызстандын экономикасы былтыркыдан да төмөн түштү

Жаңылыктар / Экономика
690
0

Кыргызстандын экономикасы пандемиянын кесепетинен чыга албай, бир жарым жылдан бери нөлдүк өсүшкө да чыга элек. Жыл башынан бери ИДП былтыркы ушул убакка салыштырмалуу 1,6% түштү. Бирок өткөн жылы карантиндин айынан экономика такыр жылбай турган.

Республикадагы структуралык көйгөйлөрдү жана кризистин канчалык терең экенин көргөзүп турган себептерге токтолобуз.

Кумтөр – биздин бар байлыгыбыз

Кыргызстандын экономикасы ушунчалык чакан, бардык "аба ырайын” бир эле кен өзгөртүп коет. Статистиканын өсүп же түшө баштаганы дээрлик Кумтөргө көз каранды.

Эгер 2021-жылдын жети айы менен өткөн жылдын биринчи жылдыгын Кумтөр кенин эске албай салыштырсак, быйыл ИДП 3,6% өскөн. Ооба, Улуттук Статком ушул бир ишкананын көрсөткүчүн кошпой өзүнчө статистика чыгарат. Айласыз.

Кумтөр - Кыргызстандагы ИДПнын 10%, өнөр жайдын көлөмүнүн 20% жапкан ири алтын кени. Анын көрсөткүчтөрү өлкөдөгү реалдуу абалды бурмалап койчу күчкө ээ.

Мисалы, Кыргызстандын экспорту 2020-жылы пандемиядан жабыр тарткан эмес. Бирок, бир караганда гана. Экспорт көлөмү алтындын баасы өсүп кеткени менен сакталып турган. Кымбат баалуу металлдын баасы өлкө экспортунун жарымын же 1,9 миллиарддын 986 миллион долларын түзгөн. Бул Кыргызстандын алтындын дээрлик бардык көлөмү алынган Кумтөргө канчалык деңгээлде көз каранды экенин көрсөтүп турат.

2020-жылы алтын кымбаттап, Кыргызстан жолдуу болгон. Бирок 2021-жылдын башынан тартып кымбат баалуу металлдын баасы арзандаган.

Инфляция баарын жейт

Номиналдык түрдө айтсак, жети айдагы ИДП көлөмү 337 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдагы 282 млрд. сомдон алда канча көп.

Экономика көлөмү 55 млрд. сомго өскөндөй болду. Бирок ал инфляция менен коштолууда, товардын жана кызмат көрсөтүүнүн гана баасы көтөрүлбөсө, өндүрүш көлөмү өскөн жок.

"ИДП номиналдуу жана реалдуу болуп бөлүнөт. Реалдуу ИДП акчадан тышкары, баанын өсүшүн -инфляцияны эске алат. Номиналдуу менен реалдуу ИДПнын айырмаланганы өлкөдө баа өтө кымбат экенин билдирет. Муну баары эле көрүп турат”, - деп түшүндүрдү экономист Азамат Акенеев.

Кыргызстанда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку инфляция жүрүүдө, жыл башынан бери 7% түздү. Айрыкча тамак-аш баасы көтөрүлүп, 9,8% жетти. Баалардын өсүшү Министрлер кабинетинин баш оорусуна айланып, мал-жандыкты экспорттоого тыюу салып, импортко болгон салыкты алып салып же элдин керектөөсү үчүн товарды чет элдик өндүрүүчүдөн түз сатып алуудан башка аргасы калбады.

"Бийлик мындай жол менен инфляцияны жасалма түрдө кармап турат. Болбосо ал мындан да жогору болмок", - дейт экономист Эркин Абдразаков.

"Баанын өсүшү, элдин бийликке ишенимин түшүрбөш үчүн инфляцияны жумшартуу аракети жүрүп атат. Бирок биз элдин кантип жашап атканын көрүп жатпайбызбы”.

Капиталдын агышы

Адистердин айтымында, кыргыз экономикасынын дагы бир чоң көйгөйү - инвестициянын сыртка массалык агышы. Бул өндүрүш көлөмүнө түздөн түз таасир этүүдө. Акыркы маалыматтарда биринчи кварталда чет элдик түз инвестициянын келиши 112 млн. долларды түзгөн. Ошол эле маалда сыртка агып кеткен инвестиция көлөмү 480 млн. доллар. Тескери сальдо 368 млн. долларды түздү.

"Бул жылы сооданын жана курулуштун өсүү темпи жайлады, курулуш бул - капиталдык салым, инвестиция катары кетчү сектор. Бирок кризис маалында капитал курулушка эмес, банк эсебине кетип депозит өсүп жатат. Мен пандемия маалында киреше финансы блогуна кетти деп ойлойм”, - деди Экономика жана финансы министрлигинин экономика саясатын изилдөө институтунун эксперти Нургүл Акимова.

"Инвестициянын агып чыгышына ириде экономикалык туруксуздук жол берет", - дейт экономист Азамат Акенеев.

"Ишкерлер жөн гана акча салгандан коркот. Көпчүлүгү өз ишмердүүлүгүн токтотууну оң көрүшөт. Киреше дээрлик жок. Инвестициянын мындай тартыштыгы буга чейин эч качан болгон эмес. Мунун баары экономиканын калыбына келишин жайлатат”, - деп эсептейт ал.

Баары жакшы болобу?

Экономиканын эң жаман жылга салыштырмалуу төмөндөшү, капиталдын сыртка карай агышы жана эң жогорку инфляция бийликти анчейин коркутпагандай.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан 2023-жылы ИДПнын пандемияга чейинки өсүү темпине кайтат деп ишенет. Министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Марипов азыр эле экономикадагы "жагымдуу жылышты” көрүп турганын билдирди. Мамкатчы Чолпонбек Абыкеев андан да өткөн оптимисттик маанайда. Ал 10 жылдан кийин Кыргызстанды өнүккөн 50 мамлекеттин катарынан көрө турганын айтты.

Дүйнөлүк банктын маалыматында Кыргызстан өлкөнүн экономикалык өсүшүн жана кубаттуулугун көрсөткөн ИДП көлөмү боюнча дүйнөлүк рейтингде 148-орунду ээлейт. ИДП көлөмү 2020-жылы 7,7 млрд. долларды түзгөн. Бул КМШга кирген жана Орто Азия мамлекеттеринин ичиндеги эң төмөнкү көрсөткүч.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstandyn-ekonomikasy-byltyrkydan-da-yldyy-tushtu/31442204.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик