Жыл башынан бери Кыргызстанда салык пландалгандан 4,7%га ашык жыйналды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйнында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Илияз Иманбетов билдирди.

Анын айтымында, январь-август айларында жалпы 66 млрд 131,7 млн сом салык жана төлөмдөр жыйналган. План 104,7%га ашык аткарылган, же 2 млрд 985,3 млн сомго көп жыйналган.

«2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салык жана төлөмдөр 18 млрд 140,9 млн сомго көбөйгөн же өсүү ыргагы 137,8%ды түзгөн.

Анын ичинде республикалык бюджетке 53 млрд 565,7 млн сом суммасында салыктар түшкөн. Аткаруу 105,0%ды түзгөн же 2 млрд 526,9 млн сомго ашыгы менен аткарылган»,-деди ал.

МСК төрагасы жергиликтүү бюджетке 12 млрд 566 млн сом келип түшүп, аткаруу 103,8%ды түзгөн же 458,4 млн. сомго ашыгы менен аткарылган белгиледи.

«Камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча 2021-жылдын 8 айында 24 млрд 735,7 млн сом келип түшкөн, белгиленген план 102,6%га аткарылган же 635,7 млн сомго ашыгы менен аткарылган.

2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 4 млрд 77,6 млн сомго көп топтолгон же өсүү ыргагы 119,7%ды түздү»,-деп кошумчалады Иманбетов.

http://kg.kabar.kg/news/mamlekettik-salyk-kyzmaty-zhyl-bashynan-beri-salyktardy-4-7-ga-ashyk-zhyinagan/