2021-жылдын 3-сентябрынан 5-сентябрына чейин Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов өзбек тараптын чакыруусу боюнча улуттар аралык ынтымакты жана достукту чыңдоо жаатында жүрүп жаткан иштер менен таанышуу алкагында иш-чараларга катышуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Андижан, Фергана жана Наманган облустарында болду. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган сапардын алкагында Андижан облусунда Элчи Ибрагим Жунусов «Үч муундун жолугушуусу» аттуу иш -чарага катышып, 450,000 тургуну үчүн 3 жылдын ичинде бүтүрүүгө пландалган заманбап «Янги Андижан» («Жаңы Андижан») шаарынын курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Элчи Фергана жана Наманган облустарында болгон учурунда Маргилан шаарындагы атлас жана адрас, ошондой эле бут кийим өндүрүү ишканасына барып, жергиликтүү продукциялардын көргөзмөсүнө катышты.

Кыргыз делегациясынын курамында президенттин Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана район акимдери да болду.

http://kg.kabar.kg/news/uluttar-aralyk-yntymakty-chy-doo-elchi-zhunusov-andizhan-fergana-namangan-oblustarynda-boldu/