Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Кыргызстандагы коронавирус. Күзгө карата абал кандай болот?

Жаңылыктар / Аналитика / Здоровье
1 079
0

Кыргызстанда коронавирус менен ооругандардын саны азайганы менен, күн сайын ооруну алдын алуу боюнча активдүү иштер уланууда. Эмдөөнүн маанилүүлүгү боюнча түзүлгөн кампания кичине болсо дагы өзүнүн натыйжасын берип жатат. Мисалы, Кыргызстанда коронавирустун 3-толкуну болуп өттү, анын үстүнө күнүгө өлкөдө 200гө жетпеген адам расмий түрдө оору менен катталууда. Бул сезондук факторго байланыштуу экени түшүнүктүү, бирок мындай тенденция өлкө кийинки чоң толкунга даяр жана курмандыктар аз болот деген үмүттү пайда кылат.

Белгилей кетүүчү жагдай, бүгүнкү күнгө карата жок дегенде биринчи дозасын алгандар 700 миң адамдан ашты. Дээрлик 500 миң адам эмдөөнүн толук курсун алды. Бул азырынча жамааттык иммунитетке жетүү үчүн жетишсиз экени түшүнүктүү, ошондой болсо да процесс жүрүп жатат. Башка адамдар менен көбүнчө байланышта болгон адамдар күнүмдүк процесстин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн биринчи эмдөөдөн өткөнү эмдөөнүн дагы бир маанилүү бөлүгү болуп саналат. Бул актуалдуу, анткени бир жумадан кийин жаңы окуу жылы башталат. Буга чейин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билим берүү процессине катышкан адамдардын көбү коронавируска каршы эмдөөдөн өткөнүн, ага ылайык, окуу жылы салттуу режимде башталарын билдирген.

Ошондой болсо да бары жакшы дегенге азырынча эрте. Анткени, күзүндө сасык тумоо, курч респиратордук вирустук инфекция менен ооругандар көбөйөт, анын симптомдорун көбүнчө коронавирус менен чаташтырууга болот. Мындан тышкары, иммунитет алсызданып, организм түрдүү ооруларга, анын ичинде коронавируска көбүрөөк дуушар болот. Ушуга байланыштуу бийлик тараптан активдүү маалыматтык иштер жүргүзүлүүдө.

«Коммуникациялык кампаниянын алкагында Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору маалыматтык материалдарды иштеп чыгып, калкка коронавирус инфекциясы тууралуу, алдын алуу чаралары жана эмдөө боюнча иштерди улантууда. Биздин борбордун кызматкерлеринин 74%дан ашыгы COVID-19га каршы эмделип, ошону менен "жашыл зонага кирип", өзүн жана жакындарын коргой алды», - деди аталган борбордун директору Нурила Алтымышева.

Анын айтымында, азыр өзүңдүн ден соолугуң жөнүндө ойлонуп, ага кам көрүүнүн убагы.

«Мен жөнөкөй эле санитардык эрежелерди сактап, сергек жашоо образын карманууга жана туура тамактанууга, анан албетте COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө чакырам, анткени эмдөө – инфекциялык ооруларга каршы натыйжалуу чара»,-деди Алтымышева.

Бүгүнкү күнгө чейин элде эмдөөнүн коопсуздугу жана анын натыйжалуулугу тууралуу суроолор жаралып келет. Жана суроолордун көбүнө Кыргызстандын адистери жана ДССУнун өкүлдөрү жооп бергенине карабай, элдер дагы эле эмдөөдөн өтүүдөн кооптонуп келишет. Вакцина массалык түрдө колдонулаардан мурда ал адистер тарабынан текшерилээрин дагы бир жолу белгилей кетүү керек.

"Кыргызстандан эмдөө атайын бекитилген Улуттук календардын негизинде жүргүзүлөт. Эмдөөлөрдүн улуттук календарында вакциналарды киргизүү жана колдонуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды киргизүү үчүн вакцинанын коопсуздугун жана натыйжалуугун аныктоо зарыл. Бул боюнча иш алып барган эксперттердин илимий-техникалык тобу КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы вакциналар жана иммунизация боюнча консультациялык топ болуп саналат”, - деп билдирди жогорку категориядагы дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты Нурмухаммед Бабажанов.

Анын айтымында, вакцинанын коопсуздугуна жана натыйжалуугуна кепилдик алуу үчүн Кыргызстан 17 жылдан бери ЮНИСЕФ аркылуу ДССУнун сертификациясынан өткөн улуттук календардагы вакциналарды алып келүүдө. Ал эми, биздин өлкөдө Улуттук көзөмөлдөө органы болуп Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти саналат.

"Эмдөө - жугуштуу ооруларга каршы натыйжалуу жана экономикалык жактан пайдалуу коргонуу каражаты болуп саналат”, - деп белгиледи Н. Бабажанов.

Белгилей кетүүчү жагдай, күз айларынын башталышына карата өлкөдө вакцинанын жетишсиздиги жок. Саламаттык сактоо министрлиги сентябрдын башына карата өлкөгө 3 млн доза вакцина келгенин, анын 1 млн дозасы кодонулганын билдирген.

Эмдөө боюнча лидерлер:

  • Ош облусу - 44%;
  • Нарын облусу - 41%;
  • Ош шаары - 39%.

«Саламаттык сактоо министрлиги өлкө боюнча зарыл персоналдар менен 900 эмдөө пунктун ачты, алар эмдөөдөн өтүүнү каалагандардын ыйңгайлуулугу үчүн аэропорттордо, мектептерде, калкты тейлөө борборлорунда, соода борборлорунда, ЖОЖдордо, андан тышкары көчмө ыкчам бригалар уюштурулду, бардык эмдөө пунктарында вакцинанын жетиштүү саны бар, алар бардык коопсуздук нормаларын сактоо менен сакталат»,-деп билдирди ведомстводон.

Белгилей кетсек, эмдөө пункттарынын саны көбөйүүдө. Муну менен катар, 1-сентябрдан 10-сентябрга чейин калкты коронавируска каршы эмдөө боюнча кеңири кампания башталган.

«Жамааттык иммунитетке жетүү үчүн калктын 70%ын эмдөөдөн өткөрүү керек. Биздин негизги милдет – Кыргызстанды «кызыл зонадан" чыгарып, ар бир мекемени, кварталды, райондорду, облустарды жана жалпы өлкөнү COVID-19дун жугуусу минималдуу болгон коопсуз «жашыл зонага» киргизүү.

Министрлик буга чейин "Кыргызстан - Жашыл аймак" интерактивдүү картасын ишке киргизген, анда 70% эмдөөдөн өткөн кызматкерлер картага өздөрүн белгилеп, атайын стикер ала алышат. Бул уюм социалдык жана жеке жоопкерчиликти көрсөттү дегендик жана уюмга барууда COVID-19 жугузуп алуу тобокелдигинин төмөн экенин билдирет. Биз сизди ушул 10 күндүн ичинде өзүңүздү карта менен белгилеп, уюмуңуз коопсуз "жашыл" аймакта экенин билдирүүгө чакырабыз”,-деп билдирди Саламаттык сактоо министрлигинен.

http://kg.kabar.kg/news/kyrgyzstandagy-koronavirus-k-zg-karata-abal-kandai-bolot/

скачать dle 11.0фильмы бесплатно