Борбордук шайлоо комиссиясы мажоритардык шайлоо тутуму боюнча шайлоо округдарынын расмий схемасын жана чек араларын жарыялаганын кабарлады.
Мыйзамдарга ылайык, шайлоо округдарын түзүүдө төмөнкү талаптар эске алынды:
- шайлоо округдарынын шайлоочулардын саны боюнча болжолдуу теңдиги, мында шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен 20 пайыздан ашпаган четтөөгө жол берилет;
- шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, шайлоо округун өз ара чектешпеген аймактардан түзүүгө жол берилбейт.
Эреже катары республиканын администрациялык-аймактык бөлүнүшү эске алынат.
https://sputnik.kg/society/20210911/1053881674/shajloo-okrugdarynyn-skhemasy-menen-chek-arasy.html
Бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү үчүн БШК мамлекеттик органдардын маалыматтарына таянды.
Облустар боюнча шайлоо округдарынын схемасы менен чек арасын БШКнын сайтынан көрүүгө болот.