Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:07
Биринчи жолу. Кыргызстан өз акчасына сооттолгон 40 техника сатып алды
21:06
Жапаров мэр, акимдерди өзү дайындамай болду, акимдин укуругу узарды. Жаңы мыйзам
21:03
Таштандыдан мүлккө чейин. Жапаров аткаминерлердин негизги милдетин атады
21:02
Туризмди өнүктүрүү үчүн укугу кеңири фонд түзүлүп, ага 1 млрд. сом бөлүнөт
23:54
ЖКга шайлоо. Екатеринбургдагы Башкы консулдук Тюмень шаарына жумушчу сапар уюштурду
23:47
Дарыгер баланы суперинфекциядан кантип сактаса болорун айтты
23:47
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. ИИМ иликтөөсүнүн жыйынтыгы эмне болду
23:46
Бийлик Бишкек менен аймактарда көмүрдүн баасын бекитти. Канчадан ашпаш керек?
16:15
Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тариф
16:05
Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымованын сөөгү жерге берилди
16:02
Акылбек Жапаров Кара-Кечедеги абалды көрүп, тартип керектигин эскертти
23:23
Энергетика министрлиги керектөөчүлөр үчүн электр энергиясына болгон тарифтер тууралуу түшүндүрмө берди
23:22
Кыргызстан Түркиядан тик учак жана катер сурады
23:20
Акылбек Жапаров: президенттик администрациянын түзүмү толугу менен өзгөрөт
23:39
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:38
Жапаров дүйнөлүк коомчулукту Афганстандын көп улуттуу элине ар тараптуу жардам көрсөтүүгө чакырды
23:34
Кыргызстан эл аралык издөө тобуна кошулуу үчүн Түркиядан жардам сурады
23:32
Жапаров КМШ жана башка уюмдардын байкоочуларын парламенттик шайлоого чакырды
12:40
Садыр Жапаров Евразиялык экономикалык кеңештин кезектеги жыйынына онлайн катышат
12:38
Шайлоого катышмак болгон 75 партиянын 23ү калды. Тизме
12:37
УКМК: 39 киши өлгөн терактыны каржылаган делип кыргызстандыктар кармалды
19:26
ЖК комитети президенттин жаңы өкмөт боюнча сунушун колдоду
19:25
Шаардык сот Темир Сариевди 30-ноябрга чейин абакта калтырды
19:19
Кыргызстан делимитация процесси бүтмөйүнчө Тажикстан менен чектешкен аймактарда бизнес жүргүзүүгө тыюу салды
19:18
Сентябрда ири компаниялар 460 млн сомдук салыкты бюджетке аванс катары төлөшкөн
19:17
Президент Жапаров парламенттик шайлоого байланыштуу жалпы республикалык кеңешме өткөрөт
19:15
Акылбек Жапаров өкмөттү да, президенттик администрацияны да жетектемей болду
19:12
Министрлер кабинетинин жаңы курамына кимдер кирди? Тизме
19:10
Мигранттарга Россияда жүрүү жана жарандык алууну жеңилдетүү каралууда. Шарты
19:10
"Акыркы көч" тасмасы Сан-Паулодогу беделдүү сынакта ат салышат
19:09
Чолпонбек Абыкеев мамлекеттик катчылыктан кетип, жаңы кызматка дайындалды
22:39
АКЫН АЛЫМКАН ДЕГЕНБАЕВАНЫН КИТЕП-СҮРӨТ КӨРГӨЗМӨСҮ ӨТӨТ
22:34
Кыргызстан MegaCom боюнча арбитраждык соттон утуп чыкты
22:33
Министрлер кабинети эми жаңы эреже менен иштейт. Мыйзамга президент кол койду
13:28
Түндө Таластагы мейманканага эркек киши кол салып, конокторду кууп чыккан
13:27
Милиция саясатка аралашпасын! ИИМде шайлоо алдында кеңешме өттү
13:26
Кышка чейин аба ырайы кандай болору айтылды
13:26
Кыргызстандын футболдук союзу президент Садыр Жапаровго кайрылды
14:39
Кыргызды даңазаладыңар! Президент Мээрим менен Айперини куттуктады
14:37
Улуттук банктын алтын-валюталык резерви рекорддук көлөмгө жетти
23:31
“Улуттук энергохолдинг” Тажикстандан электр энергиясын импорттоо боюнча түшүндүрмө берди
23:25
"Кыргыз көмүр": Кара-Кече көмүрүнүн баасы дагы түшөт
23:25
Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын далысын жерге тийгизип утту
23:24
Министрлер кабинети жана жергиликтүү бийлик жөнүндө мыйзамдар кабыл алынды
23:23
"Коопсуз шаардын" көчмө радарлары коюлган жерлердин даректери
Бардык кабарлар

ИИМ САЯСАТЧЫЛАРДЫ СУРАККА АЛДЫ

Жаңылыктар / Аналитика
701
0

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов "бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн” деген шек менен камалды.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов, Канатбек Исаев жана Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигине сурак берип чыгышты.

ИИМ Курсан Асанов 14-сентябрда Жазык кодексинин 309-беренеси ("бийликти күч менен басып алуу аракети”) менен сотко чейинки териштирүүнүн негизинде камалганын маалымдады. Билдирүүдө ал "башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн” деп айтылат.

Бул иштин алкагында Асановдун шайлоо штабында иштеген Алмаз Сарыбаев да кармалды. "Азаттыктын” кабарчысы жеринен орган кызматкерлери Сарыбаевди колуна кишен салып, машинеге отургузуп алып кетишкенин айтты.

Жанарбек Акаев Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген интернетке жарыяланган видео боюнча төрт саат сурак берип чыкты.

"Бийликти басып алууга коомчулукка чакырык жасаган эмесмин. Кыргызстанда бир дагы киши аны далилдеп бере албайт. Суроо-жоопту ачыкка чыгарбоо тууралуу катка кол коюп бергеним үчүн көп нерсени айта албай турам. Суракка чакырган мөөнөттө келип туруу боюнча катка дагы кол коюп бердим”.

Алтынбек Сулайманов сурактан чыккандан кийин бийлик шайлоо алдында биригүү ниети бар топторду алсыратуу аракетин кылып жатышы мүмкүн экенин белгиледи.

"Менин жеке пикиримде, шайлоо алдында чоң командаларды алсыратуу түшүнүгү болуп жатат окшойт. Бизге келе тургандар качышы керекпи же башкабы?.. Мени чакырууга эч себеп жок эле. Эмнеге чакырышканы өзүмө да түшүнүксүз болууда”, – деди ал.

Акматбек Келдибеков менен Исмаил Исаков дагы сурак берип чыгышты.

"Биз сурак берип жатканда Сонунбүбү Кадырованын видеокайрылуусу чыкты. Ал андай жазбаганын, биринчи бет алмаштырылганын, фамилиялар жоктугун, көпчүлүк текст өзгөргөнүн айтты. Бул боюнча сөзсүз изилдөө жүргүзүү керек. Суракта маданият кызматкерлеринин кайрылуусу дегендеги түшкө кирбеген, ойго келбеген нерселер боюнча суроолор берилди. Ким фальсификация кылса, ошону ким жасаган болсо жоопко тартылышы керек”, – деди Келдибеков.

Ал эми Исмаил Исаков бул аракеттерди өзүм билемдик, мыйзам бузуу, коркутуу катары баалады.

"Адамдарды коркутуп, эркиндикти кысып, басып, бардыгын дудук кылуу аракети деп ойлойм. Шайлоого бардырбай же болбосо "бул командага кирбегиле” деген аракеттер болушу ыктымал”, – деди ал.

Исаков кайсы бир билдирүүнү "Ак үйдө же Көк үйдө отуруп бурмалап жазып койсо, башкаларды камап жок кылганга бүгүн мүмкүнчүлүк түзүлүп калганы өтө коркунучтуу” экенин кошумчалады.

Туйгуналы Абдраимов суракка чейин журналисттерге аны "каралоо” аракети жүрүп жатканын билдирген.

Ички иштер министрлиги жогоруда аталган саясатчылардын суракка чакырылышы боюнча расмий маалымат бере элек.

Мамлекеттик ЭлТР телеканалы "Президент Садыр Жапаровго жети облустан кайрылуу түштү” деген атайын материал көрсөткөн. Маданият ишмерлери кол койду деген ага үндөш кайрылуунун тексти интернетте тараган. Анда "Туйгуналы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Жанар Акаев, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Акматбек Келдибеков, Алтынбек Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева ж.б. жарандар баштаган адамдар 17-сентбярь күнү 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз” деп жатканы үчүн аларга чара көрүү талабы жазылган.

Көп өтпөй кагазда аты аталган айрым адамдар кайрылууга кол койбогонун билдирип чыгышты.


https://aimak.kg/janylyktar/sayasat_jana_koom/94384-%d0%b8%d0%b8%d0%bc-%d1%81%d0%b0%d1%8f%d1%81%d0%b0%d1%82%d1%87%d1%8b%d0%bb%d0%b0%d1%80%d0%b4%d1%8b-%d1%81%d1%83%d1%80%d0%b0%d0%ba%d0%ba%d0%b0-%d0%b0%d0%bb%d0%b4%d1%8b.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно