Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Нью-Йорк соту Centerra’нын кыргыз өкмөтүн айыпка жыгуу доосун четке какты

Жаңылыктар / Экономика
799
0

15-сентябрда Нью-Йорктун банкрот иштери боюнча соту Centerra Gold Inc’тин адвокаттарынын Кумтөр кени боюнча доосун карап, Кыргызстандын өкмөтүнө санкция колдонуудан баш тартты. Бул тууралуу учурда өлкө бийлиги сыртынан башкарып жаткан «Кумтөр Голд Компаниге» (КГК) таянып, Tazabek басылмасы жазды.

Судья азыркы учурда кыргыз бийлигинин аракети соттун «автоматтык түрдө токтото туруу» тууралуу буга чейинки буйругун бузбаганын белгилеген.

«Убактылуу сырткы башкаруунун улануусу бул — статус-кво, ал эми Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан документтерди кийинкиге калтыруу же суратуу чечими иштин негизине байланыштуу болбогондуктан, ал эми кылмыш иликтөөлөрү тийиштүү өзгөчөлүктөргө туура келгендиктен жана келишим бузулганы тууралуу божомолдор иш жүзүндө мурда Нью-Йорк соту киргизген автоматтык түрдө сырткы башкарууну токтотуучу бузууга алып келген эмес», — деп билдирген КГК.

Centerra кандай өтүнүч келтирген?

Centerra Gold компаниясынын туунду ишканалары — «Кумтөр Голд Компани» (КГК) жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» (КОК) 25-августта Нью-Йорктун түштүк округунун банкрот иштери боюнча сотуна кайрылышкан. Алар «Кумтөр алтын кенин мыйзамсыз басып алганы үчүн» Кыргызстандын өкмөтүн айыпка жыгууну өтүнгөн.

Centerra компаниясынын адвокаттары айыптын өлчөмүн күнүнө бир миллион доллар деп баалашкан.

Ошондой эле, документте Кыргызстан соттун токтомун бузуп жатканы жана КГК менен КОКту аларга АКШнын банкротко учуратуу тууралуу кодекси камсыздаган коргоодон ажыртканы айтылган.

Айыптан тышкары, доо арызда Кыргызстандын өкмөтүнүн ишти кыскартуу аракеттерине тыюу салуу өтүнүчү келтирилген. Аны менен катар арызда «Кумтөрдүн» убактылуу сырттан башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн ыйгарым укуктарын жана Кыргызстанда өтүп жаткан соттук териштирүүлөрдү токтотуу талабы дагы бар.

Бирок кендин айланасындагы соттор муну менен бүтпөйт. Нью-Йорк сотундагы отурум октябрда уланат.

Банкротко учуратуу боюнча сот

1-июнда Centerra’нын туундуу ишканалары «Кумтөр Голд Компани» жана «Кумтөр Оперейтинг Компани» банкрот болуу процессин баштоо үчүн Нью-Йорктун түштүк округундагы банкрот иши боюнча сотуна кайрылышкан.

Арыз Кыргызстандын өкмөтү экологиялык бузуулар жана мыйзам бузуулары үчүн Кумтөрдө тышкы башкаруу киргизгенден кийин беришкен. Centerra кыргыз өкмөтүнүн иш-аракетин «жалган жана адамдардын башын адаштырган маалыматтын негизинде кенге болгон көзөмөлдү тартып алуу» катары баалайт.

Нью-Йорктун түштүк округунун банкроттук иштер боюнча соту 19-июлда Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кумтөрдү» банкрот деп жарыялоо тууралуу өтүнмөсүн карап, аны кароодон убактылуу баш тартууну чечкен.

Нью-Йорктун түштүк округунун банкроттук иштер боюнча соту 19-июлда Канаданын Centerra Gold Inc. компаниясынын «Кумтөрдү» банкрот деп жарыялоо тууралуу өтүнмөсүн карап, аны кароодон убактылуу баш тартууну чечкен.

https://ky.kloop.asia/2021/09/16/nyu-jork-sotu-centerra-nyn-kyrgyz-km-t-n-ajypka-zhyguu-doosun-chetke-kakty/

скачать dle 11.0фильмы бесплатно