Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 16-сентябрда, Душанбе шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясына катышты.

Жыйын жүрүшүндө ЖККУга мүчө-өлкөлөрдүн башчылары регионалдык коопсуздук жана эл аралык кызматташтык маселелерин, ошондой эле Афганстандагы кырдаалды жана бирикменин ишине байланыштуу маселелерди карашты.

Саммит Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өттү.

Ошондой эле жыйынга ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась дагы катышты.

ЖККУ саммитинин жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;
  2. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө-мамлекеттердин территориясында жамааттык коопсуздуктун күчтөрүнүн жана каражаттарынын убактылуу жайгашуу иштерине байланыштуу, юрисдикция маселелери жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча келишим;
  3. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскерлерин (жамааттык күчтөрдү) биргелешип материалдык-техникалык жана медициналык камсыздоо жөнүндө келишим;
  4. Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 2007-жылдын 6-октябрындагы тынчтык орнотуучу ишмердүүлүк жөнүндөгү келишимине өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол;
  5. «Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгына жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 20 жылдыгына арналган иш-чаралар планы жөнүндө» Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  6. «Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ыкчам чара көрүү күчтөрүн заманбап курал-жарак, аскердик жана атайын техника, атайын каражаттар менен камсыздоо планы жөнүндө» Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  7. «Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун корголгон мультисервистик байланыш түйүнүнүн схемасы жөнүндө» Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  8. «Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысынын тынчтык орнотуу маселелери боюнча атайын өкүлү жөнүндө» Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  9. «Жамааттык келишим уюмунун мамлекеттер аралык аскердик-экономикалык кызматташтык комиссиясынын төрагасы жөнүндө» Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  10. «Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Бириккен штабынын башчысы жөнүндө» Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  11. «Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун аскердик контингенттеринин курамы жана атайын багыттагы күчтөрүн калыптандыруу жөнүндө» Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  12. «Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 2020-жылга бюджетинин аткарылышынын отчету жөнүндө» Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин чечими;
  13. «Жаматтык коопсуздук келишим уюмунун 2022-жылга бюджети жөнүндө» Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жаматтык коопсуздук кеңешинин чечими;
  14. «Уюмдун төрагалыгы, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясынын убактысы жана өткөрүү орду жөнүндө» Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин протоколдук чечими.
 
http://kg.kabar.kg/news/zhkku-sammitinin-so-unda-zhyiyntyktoochu-deklaratciia-kabyl-alynyp-bir-katar-k-p-taraptuu-dokumentterge-kol-koiuldu/