Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Койгула, андай кылбагыла дейли... Окуусуз 15 күн

Жаңылыктар / Коом жана проблемалар
702
0

Кыргызстанда быйыл балдардын мектеп босогосун 15-сентябрда аттаганы окуу программасында, бүтүрүүчүлөрдүн башка өлкөлөрдүн окуу жайларына тапшырышында кыйчалыштыктарды жаратканы турат. Бул туурасында педагог, колумнист Абдыкерим Муратов негиздүү пикирин жазды.

Жалпы журтка белгилүү: быйылкы жылы мектептерде жана башка окуу жайларында сабактар 15-сентябрдан башталды. Демек, билим майрамы, биринчи коңгуроо, биринчи жолу 1-класс... дегендей иш-чаралар он беш күн кечикти.

Себебин өкмөт эки жагдай менен түшүндүрдү: биринчиси – бүт дүйнөнү каптаган оорунун айынан эпидемиологиялык-карантиндик абалга байланыштуу; экинчиси – туристтик сезонду узартуу максатында. Окуунун башталышы он беш күнгө кечиккен соң окуунун бүтүшү да он беш күнгө кечигет, андай болсо, биздин балакайлар чын эле кыргыз туризмине салым кошуп жаткан болсо, дал туристтик сезондун башталышында — 1-15-июнда балдар мектепте болуп калып, туристтер тейленбей уят болбойбузбу? Деги эле окууну туристтик сезон менен байланыштыруунун анчалык зарылдыгы жок, окуучулардан тышкары деле миңдеген жумушсуздар армиясы туристтер келип эле берсе, колдон келишинче тосуп алууга шайма-шай турат.

 

Туризм жана билим берүү жагынан дүйнөнүн алдыңкы өлкөлөрү деп эсептелген Гонконг, Тайвань, Кытай, Израиль, Словения, Бельгия, Польша, Венгрия, Ирландия мектептерин 1-сентябрда эле ачышты. Өнүгүп келе жаткан Монголия менен Лаос да 1-сентябрь билим майрамы кылды. Ушул эле күнү өнүгүүдөн артта калган, каражаттары тартыш деп келген Африканын көп мамлекеттери да мектептерин балдардын чурулдагына бастырды. Францияда булардан үч күндөн кийин окуу башталды. Скандинавия өлкөлөрү, алардын ичинде билим берүүдөн дүйнө биринчиси болуп келе жаткан Финляндия, алардан кем калбаган Швеция окуу жылын 15-августта эле баштап жиберди.

 

ЮНЕСКО бүт мамлекеттерге окууну салттуу түрдө офлайн форматта эле ачкыла деди, дүйнө боюнча окуучулардын 29 пайызы онлайн окууга мүмкүнчүлүгү жок экен, биринде компьютер, бир жерде интернет жок, дагы бир жерде өтө майда балдар өз алдынча иштей албайт. Натыйжада балдардын төрттөн биринен көбүрөөгү окуусуз калууда. Ал эми мектептерде окуу жашындагы балдар бир жарым миллиарддан ашык.

Биз эң биринчи Россияга карап көнгөн эмеспизби, алар деле 1-сентябрда мектептерин ачты. Коңшу Казакстанда 7 миң мектеп 1-сентябрда 3,6 миллион окуучуну, анын ичинде 1-класска 380 миң баланы кабыл алды. Ушундай кырдаалда тегерек-четтин кыймылын карап туруп да биз окуу жылын 15-сентябрга жылдырдык. Же бир эл депутаты, же бир педагог окумуштуу, же бир психолог, же бир ата-эне лам деп ооз ачпай, өкмөттүн айткан-дегени менен болдук...

 

Бир жылда 1-класстар 33, калган класстар 34 жума окушат, бүт окуу жүгү, окуу программасы, каникулдар, мугалимдердин жумушчу пландары ушуга карата түзүлүп калган. Тээ СССР убагынан бери. Эми элестетип туруңуз, 16-сентябрда класска кирген мугалим, "Билим күнүңөр менен" деп куттуктап жатса, окуу китебинде "1-сентябрь – Билим майрамы" деп жазылып турса... Окуулуктардагы "Алтын күз", "Түшүм жыйноо" деген темалар кышка, "Кар жаады", "Жылгаяк тептик" деген темалар жазга, "Бак тиктик" дегендейлер жайга өтүп кетип жатпайбы. Мугалимдин сөзү башка, китептин сөзү башка, календардык даталар башка болуп турса балдар эмне дейт? Окуу китептерин жазгандар материалдарды жайгаштырууда жыл мезгилдерин сөзсүз эске алат, алардын эл караган бети жер карап жатпайбы?..

 

Деги эле окуу жылынын башталышы жана бүтүшү бир нече факторго ылайыкталып, илимий жактан негизделип түзүлгөн: биринчиси – климаттык фактор, экинчиси – социалдык фактор, үчүнчүсү – психологиялык фактор ж.б. Мисалы, Кыргызстандын шартында жайдын үч айы (июнь, июль, август) ысык болот, эл жана алардын мал-алы жайлоого кетет, андыктан бул мезгилде каникул болуп, биз аз салкын тартканда – августтун жыйырмаларынан мал жакага түшөт. Ата-энелер ошол малынан сатып балдарын окууга даярдайт. Майдын аягында мал жайлоону самап калат, мында май аягы-июнь башы балдар ата-энелери менен кошо тоого кетүүлөрү керек. Ошол климаттык-турмуш-тиричиликтик фактор бузулуп жатат.

Дагы бир нерсе – программадагы материалдарды жылдырып-жылдырып отуруп, июндун он бешине дейре окуп коёбуз деген ишенимсиз, бул мезгилде ысык башталат, өзгөчө пахтачылык зоналарында аптаптуу мектепте жаш балдар отура албай калат. Бүтүрүүчү класстардын экзамендери, университеттердин кабыл алуулары, жалпы республикалык тестирлөө дегендер бар. Европанын, Россиянын, Казакстандын окуу жайларына тапшырабыз дегендер бул жакта окуусу бүтпөй шашып калат. Дүйнөлүк билим олимпиадалары, Россия менен Казакстанда балдардын каникулу мезгилинде өтүүчү иш-чараларга биздин балдар катышы албай калышы ыктымал...

 

Совет учурунан ушундай болуп келген. Эл да ушуга көнгөн. Биз үчүн Билим майрамы да, окуунун ачылган күнү да 1-сентябрь делинип, Акыркы коңгуроо 25-май болуп калган, башканы билбейбиз, кабыл алууга даяр эмеспиз. Японияда мектептер 1-апрелде ачылат, себеби ошол кезде сакура гүлдөйт, балдар ошол гүлдөргө суктанып саякаттап келип, мектеп терезелеринен да аларды карап туруп, жаңы окуу жылына кирип кетет. Япония бир жылы эле окууларын он беш күн кеч ачып алса, өлкөдө эмне болуп кетерин элестетип көргүлө...

 

Анан эле бизде быйыл окуу он беш күн кеч ачылды. Эми дайым ушундай кылабыз дешти. Койгула, андай кылбагыла дейли...

1-сентябрь – Билим майрамы бойдон калсын, ошол эле күнү мектептер келечек муундарга эшигин ачсын...

https://sputnik.kg/columnists/20210917/1053932203/bilim-kununun-zhyldyrylyshy-kemchilik-pikir.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно