Бүгүн:

Акыркы кабарлар

21:34
Жүрөк кармайт деп кооптонгондор эмнелерди билиши керек
23:32
Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү
23:31
334 млн. сом профицит. Кыргызстанда экономикалык өсүш байкалганы айтылды
23:24
Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия
15:28
Кыргызстан Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунан 100 млн доллар насыя албай калды
15:26
Кыргызстанда эң жогорку пенсия 179 миң сомду түзөт
15:25
Президент Жапаров Беловодск айылындагы психоневрологиялык интернатка 500 миң сом тапшырды
23:45
Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды
23:41
ИИМ: Текебаевге кол салгандарды аныктоо үчүн тергөө жүрүп жатат
23:41
Ахматбек Келдибеков УКМКга суракка чакырылды
23:40
Президент добуш берген Бактыгүл Иманбек кызы: Жапаров менен канайымга тиешем жок
22:40
Жапаров: БШК сайтындагы мүчүлүштүктөр боюнча УКМК териштирүү иштерин баштады
22:39
7 партия босого чектен өтүүдө. Добуштардын 30 пайызы кол менен саналып бүттү
22:38
Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагындагы курулуш иштери токтотулду
22:36
Таласта Дастан Жумабековдун шайланышына каршы болгондор митингге чыкты
16:24
Президент эмне үчүн бир мандаттуу шайлоо округунан Равшан Жээнбековго добуш бергенин айтты
16:23
БШКнын имаратынын алдында митинг өтүп жатат
23:29
Эдил Байсалов: Шайлоо системасындагы мүчүлүштүккө БШК түшүндүрмө бериши керек
23:27
Октябрь округу боюнча эң көп добушту Дастан Бекешев алды
23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
Бардык кабарлар

Бурана мунарасынын чатыры оңдолуп, дубалдары бекемделет. Бирок бөлүнгөн каражат жетиштүү эмес

Жаңылыктар / Ош жаңылыктары / Аналитика
829
0

Бүгүн, 24-сентябрда, Токмок шаарында "Бурана мунарасын антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо" долбоорунун ачылыш аземи өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеев, президенттин администрациясынын билим берүү, илим, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек, КР Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов, АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Салтанат Аманова, жергиликтүү бийлик органдары жана тургундары катышты.

Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Чолпонбек Абыкеевдин айтымында, Бурана мунарасы жалгыз эле кыргыз элинин маданий мурасы эмес, жалпы адамзаттын байлыгы болуп эсептелет.

"Анткени мунара миң жылдан ашык убакыттан бери сакталып келе жаткан тарыхый эстелик. Ал кыргыз элинин, мамлекетинин сыймыгы. Өзүбүздүн тарыхыбыз жөнүндө кеп кылганда байыртадан бери сакталып келген Бурана эске түшөт. Алдыда мунараны сактоо боюнча иштер аткарылмакчы. Чүй өрөөнү өзү жер титирөөлөр көп катталган аймак болгондуктан андан сакташ үчүн бир катар иш-чаралар өткөнү турат. Ошондой эле археологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, тарыхый жайдын кыйроого учурабашы үчүн тиешелүү аракеттер жасалат”, - дейт ал.

Абыкеев мунаранын айланасына Баласагын шаарынын макетин куруу боюнча долбоор даярдалып жатканын айтып, келерки жылы башталып калышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

"Музей демилгелери борбору" коомдук уюмунун директору Чолпон Турдалиева маданий мурасты антропогендик жана сейсмикалык коркунучтардан коргоо боюнча иштер үч топто бөлүнүп аткарыларын белгиледи.

"Долбоордун максаты — Бурана мунарасын коргоо, сактоо жана маданий мурас тууралуу билимди кеңейтүү. Аткарыла турган иш-чараларды үч топко бөлгөнбүз: биринчи, ар кайсы тармактагы эл аралык адистер тарабынан илимий изилдөө жүргүзүлүп, алгач кайсы жерин оңдоого муктаж экендиги тууралуу анализ жасалат. Бурананын үстүнө чыксаңыздар, андагы бышкан кыштар сынып жатканын көрөсүздөр. Аны кантип оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керектигин адистер карап чыгат. Алсак, мунаранын бузулган чатырын суу өткөрбөгөн материал менен калыбына келтирилип, антисейсмикалык техниканын жардамы менен дубалдары корголот. Экинчи, малдардын кирип кетишин алдын алуу үчүн мунаранын тегерегин курчаш керек. Үчүнчү, долбоордун алкагында тарыхый жайдын айланасындагы жети айылда илимий иш-чаралар өткөрүлөт”, - деп айтат коомдук уюмдун директору.

Турдалиева маалымдагандай, долбоордун бюджети 200 миң долларды чапчыйт.

"Бөлүнгөн каражат жетиштүү эмес. Бул биринчи этап деп түшүнүшүбүз керек. Бирок, азыркы эң негизги максат — илимий изилдөө. Анткени 1980-жылдан бери изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Балким башка дагы донорлор чыгат. Белгилей кетсем, долбоор ушул жылдын октябрь айынан баштап ишке кирет”, - деп сөзүн жыйынтыктады Турдалиева.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер бүгүнкү иш-чара эки өлкө ортосундагы өнөктөштүктү гана далилдебестен эки өлкөнүн ортосундагы достукту көрсөтүп жатканын белгиледи.

"Ошондой эле Кыргызстан менен АКШнын 30 жылдык мамилесинин жышааны болуп турат. Бурана мунарасы миң жыл бою кылым карытып турду жана келечекте дагы ошончо жыл бекем турат деп үмүт кылабыз”, - деген пикирин билдирди Коултер.

Долбоор "Музей демилгелери борбору" коомдук уюму тарабынан ишке ашырылып, АКШ элчилигинин "Элчилердин маданий баалуулуктарды сактоо” фонду тарабынан каржыланат.

Эскерте кетсек, "Бурана мунарасы” музей-комплекси 2014-жылы ЮНЕСКОнун материалдык маданий мурастарынын тизмесине кирген.

 
 
 
 
 
http://kg.kabar.kg/news/burana-munarasynyn-chatyry-o-dolup-dubaldary-bekemdelet-birok-b-l-ng-n-karazhat-zhetisht-emes/
скачать dle 11.0фильмы бесплатно