Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:22
Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды
23:21
ЖКга шайлоонун партиялар боюнча жыйынтыгы чыкты
19:31
Садыр Жапаров: Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын кайтарууга чакырам
19:28
БШК Момбеков боюнча соттун чечимине макул эмес. Кийинки кадам кандай болот?
19:27
Жапаров: Кыргызстан шайлоону демократиялык принциптерге ылайык өткөрөт
19:26
Добуш бересизби? Бул номер менен тизмеден өзүңүздү тактап аласыз
23:30
УКМК бийликти басып алууга шектелген талапкерлердин атын атады
23:29
Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды
16:00
Абдувапов: Ноябрга карата 94,1 млрд сом салык чогултулду же план 102,5%га аткарылды
15:55
Бишкекте арзан көмүр кайра сатыла баштады. Бирок бир шарты бар
15:53
3 млн. долларлык зыянды Эсеп палатасынын кызматкерлери жашырган деп шектелүүдө
15:52
Жээнбеков, Зулпукаров, Сарпашев жана Нарымбаев жаңы жылды абактан тосот
21:56
Акылбек Жапаров: Парламенттик шайлоолор коомдук жана эпидкоопсуздукту камсыздоо менен өткөрүлүшү тийиш
21:54
Кыргызстанда сүт тартыштыгы жаралдыбы? Министрдин жообу
21:53
БШК Дастан Жумабековго 22,5 миң сом айып салып, эскертүү берди
21:52
Кыргызстанда чакан ГЭС документациясын иштеп чыгууга сынак жарыяланды
21:51
Шайлоо өнөктүгүнө катышкан спорт, маданият кызматкерлери иштен алынды
21:50
"Дастан" заводу продукциясын Россияга сатат. 459 млн. сомдук келишим түзүлдү
21:49
Маморгандар менен ЖМКлар "кыргызчаланат". Өзгөрүү кирчү тил мыйзамына сереп
21:48
Авиация агенттиги: президенттик учак жыл сайын көп чыгым талап кылууда
20:17
Улуттук банк Кыргызстандан чыгарылган акча боюнча комментарий берди
20:16
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды
20:56
Улуттук тарых музейи 22-ноябрда санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот
20:55
Centerra Gold Inc. Кумтөр кени аларга таандык эмес экенин тааныган чечим кабыл алды - Акылбек Жапаров
20:52
Жаңы жылда кыргызстандыктар кеминде 3 күн эс алат. Календарь
10:32
КР Эмгек министрлиги Казань федералдык университети менен кызматташат
10:28
Жапаров Татарстандын президенти Минниханов менен жолукту. Талкууланган маселелер
10:28
"Бишкекгаздын" бригадалары газ көбүрөөк жыттанган жердин баарын текшерди
10:26
Кыргызстанда ветеринария тармагында өзгөчө кызмат көрсөтүүлөр иштелип чыкты
23:12
Акылбек Жапаров Михаил Мишустин менен жолугушту
23:09
Акылбек Жапаров өкмөттөр аралык кеңешке катышуу үчүн Ереванга барды
23:08
Митинг жардамчы эмес, бирок маселе каралат. Жапаров Ак үйгө келгендерге жолукту
23:07
260 миң сомдук айып, 2,5 жылдык түрмө. Шайлоо эрежесин бузгандар кантип жазаланат
15:05
Кыргызстанда кумшекер өткөн жылга салыштырмалуу 15 сомго кымбаттады
15:04
Өзбекстан менен Түркмөнстан авариялык жагдайдан улам КРга электр энергия берүүнү убактылуу токтотту
15:00
БУУ: Кыргызстанда жакырлар көбөйүп, эл начар тамактанууда
14:59
Бишкектин мэри Жунушалиев Минскидеги автозаводго барды
14:59
Төрт вакцинанын каалаган түрүн аласыз. Бишкектеги даректер
14:58
Талапкердин шайлоочуга акча таратууга шектелген тууганы кармалды
12:12
Гуманитардык жардам үчүн кайрылууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көбөйүүдө – жакырчылык
12:10
Чүйдө алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгында беш курал жана 24 ок-дары табылды
12:09
Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова изделүүдө
12:06
Балыкчы — Каракол жолу кантип курулуп жатат
12:05
"Түндүк электр": карыз төлөнбөсө эртеңден тарта 4600 үй электр энергиясыз калат
11:34
Өлкө ИДПсы 557 млрд. сомду түздү. Экономиканын кайсы тармагы өсүп жатат
Бардык кабарлар

Электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тариф

Жаңылыктар / Аналитика
840
0

15-октябрдан тартып электр энергиясы жана жылуулук үчүн жаңы тарифтер күчүнө кирди. Ага ылайык өндүрүш үчүн баалар кымбаттады.

Ал эми калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса 2 сом 16 тыйындан төлөйт. Мекеме-ишканалар, компаниялар үчүн тариф 1 сом 68 тыйындан 5 сом 4 тыйынга чейин болду.

Кыргыз өкмөтү электр энергиясын кымбаттатуунун себебин, эскилиги жеткен тармактын ишин жакшыртуу аракети деп түшүндүргөн. Мекеме-уюмдардын жана ишканалардын электр энергиясына бааны көтөрүү менен өкмөт жыл аягына чейин бюджетке 476 млн. сом кошумча киреше болот деп үмүттөнөт.

"Баа көтөрүлбөсө, тармактан ажырап калабыз"

Энергетика жана өнөр-жай министри Доскул Бекмурзаев энергетика тармагы толук жаңылоого жана реформалоого муктаж экенин "Азаттыкка" курган маегинде билдирген.

"Биз бүгүн киреше тапкан жокпуз. Жалаң чыгаша менен иштеп келе жатабыз. Учурда 15 млрд. кВт саат айланасында электр энергиясы иштелип чыгат. 6-7 жыл мурун керектөөбүз 12 млрд. болчу, азыр 20 млрд. ашып түштү. Ушундан улам чектөөгө аргасыз болуудабыз. Анткени, күн сайын биз лимиттен орточо 3 млн. кВт саат ашыкча колдонуп жатабыз".

Доскул Бекмурзаев электр энергиясын көтөрүүдөн түшкөн акча тармактын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жана жумушчулардын айлык акысын көтөрүүгө жумашаларын айтты.

Кыргызстандын энергетика сектору толук реформалоого жана жаңылоого муктаж. Тармактын 80% эскилиги жеткен абалда турганын министрлер кабинетинин төрагасы жана президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров да билдирген. Ал эми Бишкек Жылуулук электр борборунун 60% эски жабдыктар.

Ушундан улам айрым эксперттер энергетика тармагын сактап, жаңылап, өнүктүрүү үчүн электр кубатынын баасын көтөрүү - учурдун талабы экенин айтууда. Алардын бири, энергетика тармагы боюнча эл аралык эксперт Жаныбек Оморов тармак толук жаңылоого муктаж дейт.

"Тармак эскирди, авариялык өчүүлөр көбөйүп жатат. Өкмөт аргасыздан электр кубатын үнөмдөөгө чакырууда. Ошондуктан, эгерде биз тармакты сактап калабыз, өнүктүрөбүз десек, бааларды көтөрүүгө мажбурбуз. Бааларды тескөөчү көз карандысыз орган өкмөттүн, бийликтин же шайлоонун көзүн карабай, тарифти жогорулатып, бирок андан түшкөн каражатты да жалаң тармакты жакшыртууга жумшоо керек. Өкмөт энергетиканын акчасына көз артпай, 1 тыйын да оңго-солго кетпегендей болуусу зарыл. Элдин өкмөткө ишеними жоктугу да тарифтин кымбатташына нааразылык жаратып келет. "Баа көтөрүлсө, эл көтөрүлөт" деп жалтаңдоодон энергетика тармагы таптакыр отуруп калышы ыктымал. Учурда биздин элдин 10-15% гана электр энергиясын үнөмдөп жаккандардын категориясына кирет. Ошолорго өзүнчө субсидия аркылуу жеңилдик берип, маселени чечсе болот".

Баалардын көтөрүлүшү товардын кымбатташына алып келди

Бишкектин базарындагы нандын баасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектин базарындагы нандын баасы. Иллюстрациялык сүрөт.

"Азык-гранд" ишканасы Ош шаарындагы соода түйүндөрүн салттуу ачыткыга жасалган нан менен камсыздайт. Мурда бир нандын наабайканадан сатылган баасы 19 сом болсо, эки күндөн бери дагы бир сомдон кошулууда. Буга электр энергиясынын кымбаттаганы негизги себеп болгонун ишкананын жетекчиси Сапаргүл Бердалиева "Азаттык" менен бөлүштү:

"Мына бүгүн эле Оштогу соода түйүндөрү көп "Ак ниет" бизден нан алуудан баш тартты. Себеби, бааны 1 сомго көтөргөнүбүз. Силерден "20 сомдон алып, биз канчадан сатабыз" деп албай жатышат. Бул деген мага буйрутманын азайышына, кол алдымдагы жумуш орундарынын кыскарышына алып келет. Баанын кымбатташына деле каршы эмеспиз, бирок бизге электр энергиясын келишимдегидей үзгүлтүксүз бербей жатышат. Мындан биздин өндүрүш да үзгүлтүккө учурап, жок жерден банкрот болуудабыз. Кечээ бир күн кечке электр энергиясы берилген жок. Ачыткыга жасалган камырларыбыз ачып, нан кылууга жараксыз болуп калды. Жок жерден чыгаша болуп жатабыз".

  • 15-октябрдан тартып электр энергиясы менен жүрүүчү транспорттук унаалар, мектеп-интернаттар, карылар жана майыптар үйлөрү, социалдык мекемелер, диний уюмдар 1кВт саат электр энергиясы үчүн 1 сом 68 тыйындан төлөшөт.
  • Коммерциялык, бюджеттик, өндүрүштүк, айыл чарба жана башка мекеме-ишканалар 1 кВт саат электр энергиясына 2 сом 52 тыйындан төлөй башташат.
  • Металл жана башка заттарды эритүүчү жана куючу ишканалар 1 кВт саат электр энергиясына 3 сом 78 тыйын, цемент заводдору 3 сом 28 тыйындан төлөшөт.
  • Алкоголдук ичимдик өндүргөн, кен казуучу жана майнинг ишканалар үчүн 1 кВт саат электр энергиясынын тарифи 5 сом 04 тыйын деп бектилген.
  • Карапайым калк 700 кВт саатка чейинки электр жарыгы үчүн 77 тыйындан, андан ашса, 2 сом 16 тыйындан төлөйт.
  • Бийик тоолуу жана шарты катаал аймактарда жашагандар үчүн керектөөнүн көлөмүнөн көз карандысыз түрдө 77 тыйын деген тариф бекитилди.

Товар өндүрүүчүлөр ассоциациясынын президенти Карыпбек Алымкулов өкмөт бааны бир кылка көтөрсө туура болмок деп эсептейт. Анын пикири боюнча, 700 кВт саатка чейин 77 тыйын деген чектөөнү алып салып, мурда сунушталган 1 сом 04 тыйын деген тарифти бекитүү максаттуу болмок.

"Бааны жалаң эле бизнес коомчулугуна көтөрбөй, жалпы кымбаттаса болмок. 77 тыйын деген тариф көп жылдан бери кармалып турат. Ошону буга чейин сунушталгандай, 1 сом 04 тыйындан төлөгөндөй кылып бекитсе болмок. Ал эми 130 миңдей жакыр жашаган үй-бүлө бар экен, аларга субсидия төлөп берсе туура болот эле. Ошондой эле бийик тоолуу аймактарда жашагандар үчүн жыл бою 77 тыйын деп койгону да туура эмес болуп калды. Аларга деле жалпы 1 сом 4 тыйын кылып коюу керек эле. Анткени, бааларды ишканаларга гана көтөрүүдөн өзгөчө чакан ишкерлерге көп күч келип жатат. 5 сомдон төлөй турган тоо кен, майнинг жана башка компаниялар көп деле эмес. Алардын төлөгөнү эч канча сумма боло албайт".

Расмий маалыматтар боюнча, акыркы жылдары Кыргызстанда электр энергиясын керектөө деңгээли 4-6% жогорулоодо. Бүгүнкү күндө электр энергиясынын тартыштыгы 6 миллиард киловатты түзөт.

Кыргызстан электр кубатына тартыштыкты жөнгө салуу үчүн аны кошуна өлкөлөрдөн импорттоого аргасыз болууда.

 

 

https://www.azattyk.org/a/elektr-energiyasy-zhana-zhyluuluk-uechuen-zhangy-tarif/31515064.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик