Бишкекте дайынсыз жоголгон 13 жаштагы Мырзайым Каниметова изделүүдө. Бул тууралуу "Кабар” агенттигине Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, А.Э. аттуу жаран өзүнүн 13 жаштагы кызы (Мырзайым Каниметова) 14-ноябрда саат 15:00дө Жантөшев көчөсүндөгү үйүнөн чыккан бойдон катып келбегенин айтып, арыз менен кайрылган.

Белгилери: бою 154 см, арык чырай, чачы кыска жана кара.

Кийими: пальто, шымы жана бут кийими кара түстө, аниме чагылдырылган рюкзак.

"Кимде-ким Мырзайым Каниметованын жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалыматы болсо 0(555) 011-717, 0(312) 54-41-84 жана "102” кызматына кайрылууңуздарды суранабыз”, - деп айтылат маалыматта.

http://kg.kabar.kg/news/bishkekte-daiynsyz-zhogolgon-13-zhashtagy-myrzaiym-kanimetova-izdel-d/