Чүй облусунун аймагында алдын алуу иш-чаралардын жыйынтыгында беш курал жана 24 ок-дары табылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Чүй облусунда коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында үстүбүздөгү жылдын 4-ноябрь күнүнөн тарта мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүүнү алдын алуу жана ок атуучу курал-жарактарды сактоо боюнча эрежелерин текшерүү боюнча алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Иш-чарага Чүй облусу боюнча ички иштер органдарынын лицензияга уруксат берүү кызматынан, коомдук коопсуздук кызматынан, криминалдык милиция кызматынан жана жол коопсуздугу боюнча кызматкерлерден турган 300дөн ашуун кызматкерлер тартылган.

2021-жылдын 4-ноябрынан 15-ноябрга чейин Чүй облусунун аймагында жеке күзөт агенттиктердин жетекчилери менен жолугушуулар өткөрүлүп, курал-жарактарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Иш-чарада юридикалык 14 жай, 150 куралдын ээлери текшерилген. Милиция кызматкерлери тарабынан пневматикалык бир даана курал, кичи калибрлүү бир даана курал, газ травматтык үч даана курал, ар түрлүү калибрдеги 24 даана ок-дарылар, гранатанын тетиги алынган.