Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:28
2021-жылы «Кумтөрдө» 14.5 миң кг алтын өндүрүлгөн. Алар каякта, кимге сатылды?
22:23
Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуду
22:23
Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду
23:45
Январь айына 500 млн доллар менен кирдик – президент
23:41
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
23:38
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
20:46
Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү
19:32
Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды
19:28
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
14:56
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт
14:54
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
14:47
Соцфонд: Өткөн жылы пенсия жана жөлөкпулга 50,8 млрд сом каржыланган
14:47
Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш
19:29
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат
19:24
Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды
19:20
КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды
19:18
Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү
17:40
Викрам Рузахуновдун камакка алынышы боюнча УКМКнын башчысы: Казакстандын ЖМКлары жазгандары бизге катуу тийди
17:40
Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты
23:15
Садыр Жапаров депутаттарды Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болбоого чакырды
02:17
"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты
23:42
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт
23:35
Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого 14 талапкер катышуу ниетин билдирди
23:34
Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду
23:34
"Московский комсомолец” гезити Садыр Жапаровду "Жылдын президенти" деп тапты
21:51
Кышкы туризм. Садыр Жапаров чет өлкөлүк туристтерди Кыргызстанга чакырды
21:49
Экономист 2022-жылы биткоиндин келечеги кандай болорун айтты
21:47
Жеке каржы жаатында 2022-жылда элди эмне күтөт? Маалымат топтому
17:59
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 млрд. юань берет
17:58
Кыргызстандан тонналап өзгөчө товар алган мамлекеттердин тизмеси чыкты
17:56
Владимир Путин президент Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады
23:42
Жаңы шайланган депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоону жаңы жылга калтырды
23:41
Каракол шаарында заманбап гемодиализ борбору ишке кирди
23:46
Күткөндөн мыкты – Жерүй кенин иштетүүнүн жыйынтыктары пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты
23:45
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды
23:45
"Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат
23:44
Валентина Шевченкого "Спорттун отличниги" төш белгиси тапшырылды
20:42
Энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн
20:42
Түштүк Кореядан келе жаткан автоунааларды Кытай КРга жакынкы күндөрү кое берет
20:39
"Ысык-Көл": Тарыхый мурас менен кароосуз жайдын талашы
20:37
Министрлер кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы маселеси талкууланды
20:36
Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышууда
23:23
Баткен: чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштей баштады
23:17
Түркиядагы элчи Өмүралиев Конья шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугушту
23:16
COVID-19 боюнча статистика: Акыркы суткада 38 адамдан табылып, үч бейтап каза болду
Бардык кабарлар

Гуманитардык жардам үчүн кайрылууга аргасыз болгон кыргызстандыктар көбөйүүдө – жакырчылык

Жаңылыктар / Аналитика
1 289
0

Пандемиядан улам пайда болгон кризисти жеңүү үчүн барган сайын көбүрөөк кыргызстандыктар «кризис» жана «өзгөчө кырдаал» стратегияларына азык-түлүк эмес товарларга чыгымдарды кыскартууга, мүлкүн сатууга жана гуманитардык жардам издөөгө аргасыз болууда. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эксперттери Улуттук статистикалык комитет менен биргеликте жүргүзгөн изилдөөдө айтылат.

Изилдөөдө мындай үй-бүлөлөрдүн саны 2020-жылы 12% болсо, 2021-жылы 36%га өскөн. Бул келечектеги соккуларга туруштук берүү жөндөмүнүн, ошондой эле учурдагы жана келечектеги өндүрүмдүүлүктүн төмөндөшүнө жана жашоо каражаттарына коркунучтарга алып келери айтылат.

COVID-19 пандемиясы Кыргызстандын калкынын эң жакыр катмарына, өзгөчө шаар тургундары  үчүн азык-түлүк коопсуздугуна жана тамактануусуна олуттуу коркунучтарды жаратты.

Салыштыруулар көрсөткөндөй, кирешенин төмөндөшү тамак-ашка болгон суроо-талапты гана азайтпастан, аларды сатып алуудагы өзгөрүүлөргө да алып келген. Жарандар мөмө-жемиштер, жашылчалар жана жаныбарлардын эти сыяктуу пайдалуу заттарга бай тамак-аштарга караганда нан, кант сыяктуу жогорку калориялуу тамактарды көбүрөөк сатып ала баштаганын айтышат адистер.

Пандемия менен келген экономикалык кризис Кыргызстанда көп жарандарды жакырчылыкка кириптер кылды жана жумушсуздардын санынын көбөйүшүнө алып келди. Бул жагдайды жеңүү үчүн үй-бүлөлөр алардын тамактануусуна, ден соолугуна жана өндүрүмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизген жана келечекте өзгөртүү кыйын болгон күрөштүн ар кандай стратегияларын колдонуп жатышканын билдиришкен. Бул өз учурунда калк арасында жакырчылыкка дуушар болгон аярлуу катмар көбөйүп жатат дегенди билдирет.

Изилдөөдө калкты мындай соккуларга туруктуулугун жогорулатуу үчүн төмөнкүлөр сунушталган:

• киреше алып келүүчү иш-чараларга, жакырчылыкты кыскартуу программаларына, коопсуздук тармактары менен тамак-аш системаларынын ортосундагы секторлор аралык байланыштарды чыңдоого басым жасоо

• калкты дени сак жана ар түрдүү тамактанууга үгүттөө жана аны жайылтуу

• эч ким колдоосуз калбашы үчүн социалдык жөлөкпулдардын түзүмдөрүн бекемдөө

https://economist.kg/kyrgyzcha/2021/11/15/gumanitardyk-zhardam-ch-n-kajryluuga-argasyz-bolgon-kyrgyzstandyktar-k-b-j-d-zhakyrchylyk/
скачать dle 11.0фильмы бесплатно