Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин өз ара кызыкчылык туудурган ар кыл тармактагы эки тараптуу кызматташтыктын маселелерин талкуулады.

Тараптар салык жана бажы органарынын ишин санариптештирүү, анын ичинде салык башкаруу тутумун техникалык жана программалык өнүктүрүу боюнча маселени талкуулады.

«Биз «жакыр» өлкө синдромунан баш тартуудабыз жана колдогу бардык жеке ресурстарды пайдаланууга умтулабыз. Биз үчун Россия Федерациясынын салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруудагы тажрыйбасы абдан маанилүү. Жакын арада бюджеттин киреше бөлүгүн салык жана бажы башкаруу тутумун толук санариптештирүу жолу аркылуу жогорулатууну көздөп жатабыз», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Михаил Мишустинге кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы жаңжалдын натыйжасында жабыркаган Баткен облусун калыбына келтирүү алкагында жана коронавирус инфекциясына каршы вакцина жеткирүү боюнча көрсөтүлуп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир алышууда тараптар ошондой эле гуманитардык тармактагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоонун маанилүүлугун белгиледи. Атап айтканда, Кыргыз Республикасында 2019-жылдан бери ийгиликтүү ишке ашырылып келе жаткан «Чет жердеги Россиялык мугалим» долбоору жана өлкөдө 2022-жылдан тарта 9 жалпы билим берүучү уюмдардын курулушу маселеси талкууланды.

Россия Федерациясы анын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына алдыдагы парламенттик шайлоодо добуш берүүсү үчүн шайлоо участокторун уюштурууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди, ошондой эле кыргыз тарапка Бишкек, Ош шаарлары жана Ысык-Көл облусу менен аба катнашынын кайра жанданышы тууралуу маалымат берди.

Мындан тышкары, Өкмөт башчылар соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагындагы биргелешкен ишти жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишин активдештирүү маселесин талкуулады.

http://kg.kabar.kg/news/akylbek-zhaparov-mikhail-mishustin-menen-zholugushtu/