Эхинококкоз оорусун алдын алууга болот. Бул боюнча Кош-Булак айылдык ден соолук комитетинин отурумунда кеңири талкуу болду.
Айылдык ден соолук комитетинин башчысы Буухал Табалдиеванын айтымында, аймакта эхинококкоз оорусу менен каттоодо турган 26 жаран бар. 1 жаран жакында оорудан улам каза болгон. Оорунун эң коркунучтуу жагы — өтүшүп кетмейинче белгилери билинбейт. Бирок алдын алуу оңой. Андыктан ооруган малдын дартка чалдыккан өпкөсүн же ылаңдаган жерин итке бербей терең жерге көмүп салуу керек. Жолбуун иттерди жок кылуу керек жана жеке гигиенаны сактоо шарт.