Германия канцлери Ангела Меркель менен 16 аймактын башчылары өлкөдө мыйзамсыз жүргөн мигранттарды депортациялоо жараянын тездетүү жана качкын макамын албаган адамдарды чыгаруу боюнча макулдашышты. Бул тууралуу Associated Press агенттиги жазды.
Меркелдин айтымында, өкмөттүк аткаминерлер депортацияларды координациялоо боюнча улуттук борборлорду түзүүгө ниеттенип жатышат. Ошондой эле бозгундардын качып кетүүсүнө жол бербөө максатында белгиленген депортациялоо мөөнөтүнө чейин аларды кармап турчу «өлкөдөн чыгаруу борборлорун» ачуу каралууда.
Regnum.ru сайтынын маалыматына караганда, 2016-жылы башкалка сурап кайрылгандардын 55 миңге жакыны өз каалоосу менен өлкөдөн чыгып кетсе, 25 миңден ашыгы депортацияланган.
Жалпысынан өткөн жылы 280 миң адам Германиядан башкалка берүүнү сураган. Бул 2015-жылдагы көрсөткүчкө караганда кыйла аз. Анда өлкөдөн жардам сурап 890 миң адам кайрылган.