КР эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев менен Казань федералдык университетинин ректору Илшат Гафуров кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Документке ылайык, эмгек рыногунда талап кылынган адистиктер боюнча эмгек мигранттарынын квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле аларды андан ары ишке орноштуруу боюнча өз ара аракеттенүү уюштурулат.

«Биздин маалымат боюнча Татарстанда 25-30 миңдей кыргызстандык жашайт. Келишим биздин кызматташтыгыбызды кеңейтет. Татарстанда болгон кыргыздар Россия Федерациясынын ушул предметине керектуу кесиптерди ала алышат.

Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин биздин мигранттар орус тили, тарыхы жана орус мыйзамдарынын негиздери боюнча экзамен тапшыруунун зарылдыгы жок болсо да, эгер кааласа алар КФУда билимин жогорулата алышат», — деди Кудайберген Базарбаев.

Илшат Гафуров КФУ орус тилин чет тили катары окутууга уруксат берилген 14 федералдык университеттин бири экенин ырастады.

http://kg.kabar.kg/news/kr-emgek-ministrligi-menen-kazan-universiteti-kyzmattashat/