Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кумтөр кенинин айланасындагы акыркы окуялардын өнүгүүсүнө байланыштуу төмөнкү билдирүү менен чыкты:

«Мындан бир нече саат мурда, канадалык убакыт боюнча 19-ноябрда, кечке маал биржалык соода жыйынтыкталган соң, Centerra Gold Inc. компаниясы аларга мындан ары кыргыз элинин улуттук мурасы – Кумтөр кени таандык эместигин тааныгандыгы тууралуу чечим кабыл алды. Centerra Gold Inc. өзүнүн баланстык наркынан 926 млн долларды эсептен чыгарууга жана Кумтөр кенине контролду жоготуу фактысын билдирүүгө аргасыз болду.

Аталган чечим Онтарио (Канада) провинциясынын баалуу кагаздар боюнча Комиссиясынын талабы боюнча Centerra Gold Inc. компаниясы тарабынан кабыл алынган.

Кыргыз өкмөтү алгачкы күндөн тарта Centerra Gold Inc. компаниясынын менеджментин биздин өлкөнүн жаратылышына жана экономикасына көлөмдүү зыян келтирилгендигин таанууга чакырып келген.

Биз эл аралык коомчулук жакын арада инвесторлордун кызыкчылыгын чектөө тууралуу кеп жүрбөгөндүгүнө күбө болот деп эсептейбиз. Министрлер кабинети мыйзам үстөмдүгүн жана Кыргыз Республикасынын элинин улуттук кызыкчылыгын активдүү жактоону улантат».

http://kg.kabar.kg/news/centerra-gold-inc-kumt-r-keni-alarga-taandyk-emes-ekenin-taanygan-chechim-kabyl-aldy-akylbek-zhaparov/