Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды

Жаңылыктар / На злобу дня
806
0

Президент Садыр Жапаров UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алып, 1 миллион сомдук сертификат тапшырды. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Жапаров Валентинанын Кыргызстанга келиши бардык кыргызстандыктар үчүн кубанычтуу окуя экенин, бүтүндөй өлкө анын ийгилигине тилектештигин, спорттук жетишкендиктерин колдой турганын айткан. Ал спортчу кызга бекем ден соолук жана бакубатчылык каалаган.

"Жапаров Валентина Шевченкого 1 миллион сомдук сертификат, машыктыруучусу Павел Федотов менен апасы Елена Шевченкого эстеликке белектерди тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Валентина Шевченко Жапаровго кепка, футболка, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрында Лас-Вегастагы UFC 266 беттешинде чемпиондук наамын 6-жолу коргогон өзүнүн мушкерлик мээлейин белек кылган.

  • Президент Кырыгзстана Садыр Жапаров во время встречи с чемпионкой мира UFC Валентиной Шевченко, прибывшей в Кыргызстан
  • Президент Кырыгзстана Садыр Жапаров во время встречи с чемпионкой мира UFC Валентиной Шевченко, прибывшей в Кыргызстан
  • Чемпионка мира UFC Валентина Шевченко во время встречи с президентом КР в Бишкеке
  • Президент Кырыгзстана Садыр Жапаров во время встречи с чемпионкой мира UFC Валентиной Шевченко, прибывшей в Кыргызстан
1 / 4
 

 

Жапаров Валентинанын ата-энесине жана машыктыруучусуна спортчуларды даярдоодогу жогорку чеберчилиги, алардын жеңишке карата болгон эрки жана эң жогорку натыйжаларга жетишкендиктери үчүн ыраазычылык билдирген.

"Сиздер ийгилигиңер, талыкпаган эмгегиңиздер менен Кыргызстанды даңазалап келесиздер. Ал эми мамлекет өз кезегинде спортко, спортчуларга, машыктыруучуларга жана ошондой эле келечектеги улуу спортчуларды тарбиялап чоңойткон ата-энелерге көңүл бурууга милдеттүү. Биз мындан ары да спорт менен машыгууну каалаган жарандарыбызга шарт түзүп берүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшайбыз", — деген президент.

Валентина Шевченко мамлекет башчысына жана бардык кыргызстандыктарга көрсөткөн колдоосу жана жылуу кабыл алуусу үчүн ыраазычылык билдирип, өз үйү – Кыргызстанга кайтып келгенине кубанычта экенин айткан.

Баарлашуу учурунда Шевченко Лас-Вегаста өткөн UFC 266 турнириндеги кезектеги жеңишинен кийин Жапаровдун жеке өзү телефон чалып куттуктаганына абдан кубанганын айткан.

 

Валентина Шевченко мындай нерселер спортчу үчүн дем болуп, мыкты иштөөгө мотивация берерин кошумчалаган. Ал эми жердештеринин колдоосун дайым сезип турарын жана жеңишке болгон ишенимин арттырарын айтып берген.

 

Шевченко Бишкекке кечээ, 21-ноябрда, учуп келген. Ал мекенинде бир айга чукул болорун, Ысык-Көлгө барууну пландаганын айтты.

Валентина Кыргызстанга акыркы жолу 2019-жылы 7-апрелде келип, 8-9-апрель күндөрү Бишкекте жана Ошто күйөрмандары менен жолугуп, президент Сооронбай Жээнбековдун колунан "Даңк" ордени менен сыйланган. Ошондой эле бир жумалык эс алуусунда бир топ жерге барганга жетишкен.

https://sputnik.kg/society/20211122/1054692281/valentina-shevchenko-sadyr-zhaparovgo-meeleyin-belek-kyldy.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно