Кыргызстан менен Россия аскердик-техникалык кызматташтык боюнча 459 миллион сомдук (5,5 миллион доллар) келишим түздү. Бул туурасында "Дастан" трансулуттук корпорациясынан билдиришти.
Макулдашуу корпорация менен "Рособоронэкспорт" акционердик коомунун ортосунда түзүлгөн.
"Дастандын" башкаруучулугун төрагасы Талантбек Иманов келишимге ылайык Россиянын Аскер-деңиз флотуна УСЭТ-85 (электр торпедасы) жана аны текшерүү-жөнгө салуу станциясы үчүн 54 аппараттык модуль чыгарып берерин билдирди.
Мындай продукциялар 2017-жылы заводдор аралык кооперациянын алкагында "Дагдизель" россиялык заводун атайын техника менен камсыздоо үчүн чыгарылганы айтылды.
Иманов 2021-жылдын февралында продукциянын баасы макулдашылып, апрелде Россия өндүрүш жана продукция менен таанышканын белгиледи. Андан соң акыркы келишимдерге кол коюлган.