Кумтөр кенин иштетүүдөгү коррупцияга айыпталып кармалган саясатчыларды УКМКнын тергөө абагында калтыруу мөөнөтү 2022-жылдын 30-январына чейин узартылды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбековдун, Төрөбай Зулпукаровдун, экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашевдин, президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаевдин бөгөт чарасы узартылды. Мындай чечимди бүгүн, 25-ноябрда, Биринчи май райондук соту кабыл алды.
https://sputnik.kg/society/20211125/1054730053/sayasatchylardyn-abaktagy-moonotu-uzartyldy.html
Аталган саясатчылар үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен УКМК тарабынан кармалган.