Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:56
ЖК: Мыйзамдар жана регламент комитетинин төрайымы болуп Чолпон Султанбекова шайланды
07:28
Кыргызстанда Венгриянын маалымат жана маданий борбору ачылышы мүмкүн
07:26
Сөздөн ишке карай... Кыргызстанга Сауд Аравиядан инвестиция тартууну өнүктүрүү
07:24
Акылбек Жапаров Япониянын Улуттук банкынын төрагасы менен кызматташтыкты талкуулады
04:53
Оштун жаңы мэри жамаатка тааныштырылды
04:33
Бишкек: Бейтапканалар дем алышта да иштей баштады
04:26
"Тешилбеген жер калбады". Терек-Сайдын кейиштүү экологиясы
04:24
Бажы: киреше боюнча убада эмнеге орундалбай калды?
19:57
Кол күрөш боюнча спортчулар Азия кубогунда 25 медаль багындырышты
19:55
Элдияр Орозбеков шахмат боюнча Азия чемпионатында алтын медаль тагынды
07:53
Москвада Кыргызстандын жаңы коомдук борбору ачылды
07:48
Президент Жапаров-Ташиев тандемин сындаган делегат менен өзүнчө жолугат
06:31
Азизбек Мадмаров Кыргызстандын Түркмөнстандагы элчиси болуп дайындалды
06:30
Марипов ишин айкалыштыруу менен Кыргызстандын Бахрейн жана Египеттеги элчиси болуп дайындалды
04:40
Жогорку Кеңеште республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлору кабыл алынды
04:23
Медициналык 23 окуу жайдын бешөө гана эл аралык каттоодон өткөн
04:20
Жапаров ЖККУда чек ара коопсуздугун камсыздоону сунуштады
04:21
Шакиев баштаган депутаттар Түркия парламентинин ишмердүүлүгү менен таанышты
04:19
Садыр Жапаров Россиянын Тышкы чалгын кызматынын директорун кабыл алды
04:13
Москвада кыргызстандык таксист киши колдуу болду
04:10
Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды
06:56
Жапаров Токаевди президенттикке кайра шайланышы менен куттуктады
06:54
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу документтери апрелде даяр болот
04:38
"Тажикстан менен тил табыша баштадык". Камчыбек Ташиев чек ара боюнча сүйлөшүүлөр тууралуу
05:37
Кыргызстанда Google Pay пайда болду, бирок бул функция азырынча беш гана банкта бар
05:30
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Бек-Абад" бекети оңдолууда
05:28
Композитор Муратбек Бегалиев Франциянын ордени менен сыйланды
19:52
БУУ Кыргызстанга жакырчылыктан чыгуусуна 105 млн. доллар бөлөт
19:49
Ишкер аялдар күнү: Кыргызстан Араб Эмираттарынан эмнени үйрөнө алат?
17:52
17-20-ноябрь күндөрү Кадамжайдагы айрым айылдарда электр жарыгы өчүрүлөт
17:26
Доллардын өсүшү. Улуттук банк валюта рыногуна 55,2 млн. доллар сатты
17:24
Жапаров кыргыз-тажик чек арасын тактоо сунушу жыл соңуна чейин берилерин айтты
17:15
Садыр Жапаров: "Эң туура жол менен баратабыз"
08:09
18 жаштагы Айнура Ирисалиева үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
08:07
Үйгө кирип барып, бешилик менен өлтүргөн: Тайгандын Таш-Көмүрдөгү өлүмү
07:58
Жалал-Абад шаардык кеңешине 3 жаңы депутат келди. Алар кимдер?
07:49
Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата жумалык өтөт
07:45
Дүйнөнүн калкы 8 миллиард кишиге жетти
07:40
Элдик курултайга кимдер келатат, алар эмне маселе көтөрөт?
06:56
УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди
06:45
Кыргызстанда акыркы жумада коронавирустун 19 жаңы учуру катталды
06:43
Кыргызстанда инфляция 15,4%га жетти - ЕӨБ
06:41
Аскер бөлүктөрүнүн бириндеги курулушта мамлекетке 1 млн сомдон ашуун зыян келтирилген
06:39
Баткенде аткезчилик товар ташыган унаа конфискацияланды
06:38
Садыр Жапаров Стамбулдагы терактка байланыштуу Эрдоганга көңүл айтты
Бардык кабарлар

Коопсуздук кеңеши Улуттук коопсуздук концепциясын жактырды

Жаңылыктар / На злобу дня / Коопсуздук
1 095
0

Бүгүн, 26-ноябрда, президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкөнүн Улуттук коопсуздук концепциясы жактырылды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Улуттук коопсуздук концепциясынын долбоорун тааныштырды. Айрым талкуулардан соң кеңештин мүчөлөрү документти бир добуштан колдоп беришкен.

Жыйында сөз сүйлөгөн мамлекет башчысы өз сөзүндө буга чейинки Улуттук коопсуздук концепциясы 2012-жылы кабыл алынганын белгиледи.

"Улуттук коопсуздуктун чакырыктары жана коркунучтары статистикалык болуп саналбайт, алар трансформацияланат жана эволюцияланат”, — деген Жапаров.

Өлкө башчысы ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүндө инновациялык технологиялардын тездик менен өнүгүүсү, агрессиянын өсүшү, туруктуу негиздеги конфессия аралык жана башка терс факторлор улуттук коопсуздук үчүн жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды жаратарын белгиледи.

 

"Ушуга байланыштуу концепция жана анын негизинде иштелип чыккан программалар жана доктриналар статистикалык документ, өзгөртүүгө болбой турган догма болуп калбашы керек. Мындай мамиле концепцияны ишке ашыруу коомду сактоого, адамзат потенциалын өнүктүрүүгө, жарандардын жашоо сапатын жана жыргалчылыгын жогорулатууга, коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө, коомдун биримдигине жана ынтымагына, өнүгүүнүн улуттук максаттарына жетишүүгө, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жана эл аралык абройду жогорулатууга максималдуу түрдө өбөлгө түзөт”, — деп белгиледи президент.

 

Өлкө башчысы ар бир министрлик, комитет жана ведомство концепцияны ишке ашыруу боюнча тиешелүү тармактык, региондук жана ички ведомстволук программаларды жана пландарды эки айлык мөөнөттө иштеп чыгууга жана бекитүүгө тийиш экендигин белгилеп кетти.

Жапаров бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине бул процессти жеке көзөмөлгө алууну тапшырды.

"Биринчи кезекте бул Коргоо министрлигине тиешелүү, алар Аскер доктринасынын жаңы долбоорун кыска мөөнөттө иштеп чыгып, бекитүүгө киргизиши керек. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуунун алкагында коопсуздук чөйрөсүндө мыйзамдар туруктуу негизде өркүндөтүлүүгө тийиш. Ал кыска жана орто мөөнөттүү мезгилдерге гана эмес, узак мөөнөттүү болушу керек. Биз мезгилге шайкеш иш кылууга, бул тармакта мыкты эл аралык тажрыйбаны иликтөөгө жана талдоого милдеттүүбүз”, — деген президент.

Жапаровдун сөзүндө өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоо, күчтөндүрүү жана улуттук кызыкчылыктарды сактоону камсыз кылуу үчүн мыкты методикаларды жана механизмдерди күнүмдүк ишке колдонууга киргизүү керектиги айтылды.

"Бул иште өлкөнүн жаңы Улуттук коопсуздук концепциясын ишке ашыруу олуттуу жардам көрсөтөт. Сиздер өзүңүздөр байкагандай, концепциянын долбоору өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун деңгээлин жогорулатууга багытталган практикалык бир топ иш-чараларды камтыйт”, — деп белгиледи президент.

 

Жапаров ушул бардык иш-чаралар максималдуу тез жана натыйжалуу ишке ашырылышы керектигин белгилеген.

https://sputnik.kg/politics/20211126/1054748294/koopsuzduk-kontseptsiyasy-ishke-ashyruu-kozomolgo-aluu-tapshyrma.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно