Парламенттик шайлоого катышып жаткан "Кыргызстан жашылдар” партиясынын тизмесиндеги үч талапкер бийликти басып алууга шектелүүдө. Бул туурасында УКМКнын өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчүсү Дамир Суваналиев БШКнын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, Руслан Акматбеков, Бекназар Купешов, Нурис Сүйөркуловдор саясий күчтөрдүн колдоосу менен шайлоодон кийин Бишкекте башаламандык уюштурууга камынып жаткан. Анын арты менен мамлекеттик бийликти басып алууга даярданган.
Тергөөчү аталган талапкерлерге карата жетиштүү далилдер чогултулганын белгилеп, Борбордук шайлоо комиссиясынан аларды кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сурады. Суваналиев тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн иштин чоо-жайын ачыктоодон карманарын эскертти.
Шайлоо мыйзамына ылайык, кылмыш жасаган жеринде кармалган учурларды кошпогондо, талапкер шайлоонун натыйжасы расмий жарыяланганга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын макулдугусуз кылмыш жоопкерчилигине тартуу, кармоо, камакка алуу же жаза чараларын колдонуу мүмкүн эмес.
Белгилей кетсек, бүгүн УКМК менен ИИМдин иликтөөсүнүн натыйжасында бийликти күч менен басып алууга даярданып жаткан деген шек менен 15тен ашык жаран кармалганы кабарланган. Алардын арасында депутаттар менен экс-чиновниктер, талапкерлер бар экени айтылган.