Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каржаттарын КРга кайтарууга чакырам. Бул кайрылууну президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-ноябрда КРнын Коопсуздук Кеңешинин жыйынында жасады.
Президенттин билдиришинче, ишкерлер бардык мыйзамсыз аракеттердин таасиринен мамлекет тарабынан корголот.
«Жаңы жылдын ар жак бери жагында бизнесмендерди, куруучуларды чогултабыз. Ата мекендик ишкерлерди офшордук аймактардан каражаттарын өлкөгө кайтарууга чакырам. Аны коргоого багытталган сунуштарды, мыйзамдарды иштеп чыгабыз», – деди ал.
Мындан тышкары президент, ким болбосун, ишкерлерге же инвесторлорго кысым көрсөтсө жазаланаарын, көзөмөл жана укук коргоо органдары бизнестин ишине кийлигишпеш керектигин, мамлекет колдоо көрсөтө турган мезгил келгендигин айтты.
«Бизнес мамлекет тарабынан корголбогондуктан, ишкерлер жарым легалдуу иштөөгө мажбур болушууда. Ишкерлерди колдоону түп тамырынан бери өзгөртүүгө тийишпиз», – деди ал.
Ошондой эле Жапаров өлкөнүн экономикасы тууралуу маалымат берип жатып, 2021-жылы инвестициянын агылып келүүсү 324 млн долларга көбөйгөнүн, бул өлкө үчүн керек экенин белгиледи.
«Биз инвесторго эмес, инвестиция бизге керек. Алар Кыргызстандан кетишсе, алар үчүн жөн гана бизнесин өнүктүрүү үчүн аймак алмаштыруу болуп саналат. Түркияга, Россияга, Англияга болгон иш сапарларымдын жүрүшүндө инвесторлордун мыйзамдуу корголушуна кепилдик бердим», – деди ал.