Бүгүн:

Акыркы кабарлар

23:14
ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду
23:10
КМШ өкмөт башчыларынын Бишкектеги кеңешинде кол коюлган документтердин тизмеси
22:42
Кыргызстандык спортчу Кытайдагы Пара Азия оюндарында коло медаль тагынды
22:39
Бишкекке Беларусь менен Казакстандын премьер-министрлери келди
22:39
Президент Садыр Жапаров Индиянын тышкы иштер министрин кабыл алды
23:38
Бишкекте 26-октябрда ШКУ, КМШ жана ЕАЭБ саммити өтөт. Талкууланчу маселелер
23:39
Кыргызстандын балыгын кайсы өлкөлөр көп алары айтылды. Сап башында ЕАЭБ
23:37
Кыргызстанда жүргөн ЕАЭБ мамлекеттеринин жарандары үчүн маанилүү маалымат
22:03
Кыргызстандын каратэчилери Азия оюндарынан эки медаль утту
22:32
Караколдо Москва мамлекеттик университетинин филиалы ачылат
22:16
Депутат: евразиялык интеграция Кыргызстан үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү тартуулады
22:13
Борбор Азияда суу жана энергетика союздарын түзүү сунушу
23:24
Кыргызстан менен Өзбекстан кино өндүрүшүн өркүндөтүү жаатында кызматташат
23:15
Кыргызстан менен Россия авиация тармагында өнөктөштүгүн күчөтүүдө
23:12
Кыргызстандык Сардана Трофимова Азия оюндарында коло медаль тагынды
23:10
Экономикалык абалы кооптуу болгон аймактар аталды. БУУнун маалыматы
23:53
Кыргызстан жана Тажикстан УКМК башчылары чек ара талашына чекит койгон протоколго кол койду
23:26
Айсулуу, Акжол, Жоламан дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү
23:21
Окумуштуулар адамды кем акылдыкка жетелей турган 5 кесипти санашты
22:24
Олимпиадага дагы бир жолдомо. Шаршенбеков дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
Бардык кабарлар

Туруктуулукту бузабыз дегендерге жол бербейбиз! Жапаров элге кайрылды

Жаңылыктар
1 149
0

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, жаңы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш берүү аяктагандыгына байланыштуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

"Урматтуу мекендештер!

Кымбаттуу кыргызстандыктар!

Бүгүн —  тарыхый күн.

Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагы болгон Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаттарын шайлоо өнөктүгү соңуна чыгып олтурат.

"Эл керегине ушул азамат, ушул партия жарайт" деп, талапкерлердин калың тизмесинен иргеп, келечектеги өнүгүүбүзгө жол чаап бере турган мыйзамдарды иштеп чыгып, кабыл алчу бийлик бутагынын курамын илгери үмүт менен шайладыңыздар.

Бул жолку парламенттик шайлоо сиздер колдоп берген Баш мыйзамыбыздын негизинде, жаңы ыкма менен өткөнүнө жалпыбыз күбө болдук.

Ага ылайык, партия аркылуу келген талапкерге да, партиясыз эркин чыккан талапкерге да добуш берүүгө шарт түзүлдү.

Тагыраак айтканда, партиялык тизмедеги талапкерди тандап алууга да мүмкүнчүлүк берилди. Элибиздин буга чейин коюп келген талабы ушундай эле.

Бул ирет саясий өнөктүгүбүздү калыс, адилет, ачык-айкын, таза жана тынч өткөрүп алганыбыз чоң жетишкендик болду.

Өзүңүздөр билгендей, өлкөбүздүн эгемендигинин 30 жылдык тарыхында болуп өткөн революциялардын баарына бийликтин шайлоо процессине кийлигишүүсү, кайсы бир партияларды күчтөп сүрөөнгө алышы себеп болуп келген.

Биз, калыстыкты туу туткан калкыбыздын эркине каршы келген мурдагы жагымсыз окуялардан сабак алып, парламенттик шайлоону таза, мыйзам талаптарына ылайык өткөрүүнү башкы милдетибиз катары кабыл алганбыз.

 

Биз демократиялык өлкө катары ушул милдетибизди так аткардык десем жаңылышпаймын. Бийлик тараптан бардык партияларга жана талапкерлерге бирдей, Конституцияда кандай белгиленсе, так ошондой теңдик шарттар түзүлдү.

Бирөөнө дагы жан тартууга, административдик ресурс колдонууга жол берилген жок. Ошондуктан шайлоо өнөктүгүн баштан аяк мыйзамдын чегинде, ачык-айрымдуулуктун шартында  жүргүзүүнү камсыз кыла алдык.

Таза жана адилет шайлоо өткөрө аларыбызды далилдедик!

"Бийликтин жалгыз булагы — эл" деп Баш мыйзамыбыздын баш барагында бадырайта жазылган.

Элдин эрки менен шайлоонун өтөөсүнө чыктык. Кеменгер элибиз өзүнүн мыкты уул-кыздарын Жогорку Кеңештин кезектеги курамына шайлап алышты.

Жалпыңыздар көрүп, күбө болгондой, бул жолку шайлоого бийлик өкүлдөрү кыпындай да аралашкан жок. Аралашып баштагандарды дароо кызматтан алып жаттык. Шайлоо өнөктүгү башталганга чейин эле бийлик өкүлдөрү тигил же бул партиянын, же кайсы бир талапкердин пайдасына иштесе, катуу чаралар көрүлөрүн байма-бай эскертип келген элек.

Үгүт иштеринин жүрүшүндө андай мыйзам  бузуулар катталаар замат кескин, чечкиндүү кадамдарга барганыбыз ат салышкан партияларга да, талапкерлерге да чоң сабак болду.

Ошентип бул шайлоону элибиздин, Баш мыйзамыбыздын талабына жана эл аралык ченемдерге ылайык, акыйкат өткөрө алдык деп ишенимдүү айта алабыз. Добуш берүүнүн жүрүшүнө жана жыйынтыктарына эл аралык коомчулуктун, байкоочу миссиялардын өкүлдөрү калыс баа берет деп ишенем.

Мен учурдан пайдаланып, шайлоого катышкан жана белгилүү себептер менен катыша албай калган бардык саясий күчтөргө кайрыла кетейин.

Шайлоонун жыйынтыктарын таанып, элдин эркине баш ийүү — мыйзамдын жана демократиянын талабы.

Демократиялык өнүгүү жолун тандаган Кыргызстанга эң биринчи кезекте тынчтык жана туруктуулук керек!

Туруктуулукту, тынчтыкты бузабыз деген ниети барларга бийлик тараптан эч качан негиз бербейбиз, таза жана адилеттүү иштейбиз деп баарыңарды ишендирип кете алам.

Кимде ким негиз жок эле тынчтыкты, туруктуулукту бузам деген аракети болсо, андай жарандарга катуу чаралар көрүлөт.

Урматтуу мекендештер!

Борбордук шайлоо комиссиясы жакын арада тийиштүү мыйзамдардын чегинде расмий жыйынтыкты жарыялайт.

Президент, министрлер кабинети Сиздер шайлап берген партиялар жана талапкерлер менен өлкөбүздүн келечеги, мамлекетибиздин кызыкчылыгы үчүн эриш-аркак болуп, биргелешип иштешүүгө даяр экенин баса белгилейм.

 

Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин кароосуна бир катар мыйзам долбоорлору биринчи сессиянын биринчи эле күнүндө киргизилет.

Убакыт өтүп жатат, ал эми аткара турган иштерибиз арбын!

Эми өлкөбүздө алдыдагы 5 жыл ичинде ири саясий өнөктүктөр болбойт.

Биз бул мезгилде Кыргызстандын экономикасын көтөрүүгө, элибиздин жашоо-турмушун жакшыртууга багытталган иш-аракеттер менен гана алек болушубуз кажет.

Элибиз бизден азыр чечкиндүү жана натыйжалуу чараларды талап кылууда.

Бийликтин үч бутагы чогуу-чаран иш алып барып, Кыргызстаныбыздын өнүгүшүн камсыздашыбыз зарыл.

Ал үчүн жаңы шайланып келген парламенттин депутаттары менен жемиштүү кызматташып, албан-албан ийгиликтерге жетишебиз деген ишенимим чоң.

Элибиздин үмүтү да, көксөөсү, күткөнү да ошол.

Жергебизде ар дайым тынчтык болуп, береке-кут консун!

Элибиздин ынтымагы, мекенибиздин бүтүндүгү бекем болсун!"

https://sputnik.kg/politics/20211128/1054784407/sadyr-zhaparov-dobush-ber-ayaktady-kajryluu.htmlскачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик