Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:28
2021-жылы «Кумтөрдө» 14.5 миң кг алтын өндүрүлгөн. Алар каякта, кимге сатылды?
22:23
Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстанда эпидемиологиялык абал курчуду
22:23
Садыр Жапаров Салык кодексине кол койду
23:45
Январь айына 500 млн доллар менен кирдик – президент
23:41
Садыр Жапаров: Аскар Акаев эл алдында кетирген каталарын толук актады
23:38
Бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков коррупцияга шектелип кармалды
20:46
Улуттук бий искусствосу жаатындагы маданий мурасты сактоо боюнча “Бий-өнөр” фондунун бет ачары өттү
19:32
Кыргызстан менен ЕБнын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо талкууланды
19:28
Толук курамда кайтты. Кыргызстандын аскерлери Казакстандан келишти
14:56
Кыргызстанда автобус менен жүк ташуучулар жол үчүн акча төлөйт
14:54
Алматыдагы кыргыз аскерлеринин видеосу жарыяланды. Алар ТЭЦ-2ни кайтарууда
14:47
Соцфонд: Өткөн жылы пенсия жана жөлөкпулга 50,8 млрд сом каржыланган
14:47
Акылбек Жапаров: «Айыл банк» агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн локомотиви болуусу тийиш
19:29
Кыргызстандын жеке ишкерлери эми электрондук отчёт тапшырат
19:24
Биринчи ирет чочконун жүрөгү адамга трансплантацияланды
19:20
КР менен БАЭнин ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтык талкууланды
19:18
Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматында кеңешме өткөрдү
17:40
Викрам Рузахуновдун камакка алынышы боюнча УКМКнын башчысы: Казакстандын ЖМКлары жазгандары бизге катуу тийди
17:40
Президенттин басма сөз катчысы Викрам Рузахуновдун Казакстанда кармалышына байланыштуу үн катты
23:15
Садыр Жапаров депутаттарды Казакстанга кыргыз аскерлерин жөнөтүүгө каршы болбоого чакырды
02:17
"Манас" аэропорту Казакстандан жеке учактар келгени тууралуу маалыматты четке какты
23:42
Тарыхта биринчи жолу! Кыргызстан футзал боюнча Азия кубогунун тандоо турун өткөрөт
23:35
Бишкектин эки округундагы кайра шайлоого 14 талапкер катышуу ниетин билдирди
23:34
Кыргызстанда акыркы суткада 41 адамдан коронавирус табылып, бир бейтап каза болду
23:34
"Московский комсомолец” гезити Садыр Жапаровду "Жылдын президенти" деп тапты
21:51
Кышкы туризм. Садыр Жапаров чет өлкөлүк туристтерди Кыргызстанга чакырды
21:49
Экономист 2022-жылы биткоиндин келечеги кандай болорун айтты
21:47
Жеке каржы жаатында 2022-жылда элди эмне күтөт? Маалымат топтому
17:59
Кытай Кыргызстанга кайтарымсыз 1 млрд. юань берет
17:58
Кыргызстандан тонналап өзгөчө товар алган мамлекеттердин тизмеси чыкты
17:56
Владимир Путин президент Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады
23:42
Жаңы шайланган депутаттар Жогорку Кеңештин түзүмүн аныктоону жаңы жылга калтырды
23:41
Каракол шаарында заманбап гемодиализ борбору ишке кирди
23:46
Күткөндөн мыкты – Жерүй кенин иштетүүнүн жыйынтыктары пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты
23:45
Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын төрагасы болуп Талант Мамытов шайланды
23:45
"Манас" эл аралык аэропорту штаттык режимде иштеп жатат
23:44
Валентина Шевченкого "Спорттун отличниги" төш белгиси тапшырылды
20:42
Энергетика тармагына бюджеттен 2021-жылы 6 млрд сом бөлүнгөн
20:42
Түштүк Кореядан келе жаткан автоунааларды Кытай КРга жакынкы күндөрү кое берет
20:39
"Ысык-Көл": Тарыхый мурас менен кароосуз жайдын талашы
20:37
Министрлер кабинетинде кыргыз-кытай кызматташтыгы маселеси талкууланды
20:36
Садыр Жапаров КМШ өлкө башчыларынын бейформал жолугушуусуна катышууда
23:23
Баткен: чек арачылар күчөтүлгөн тартипте иштей баштады
23:17
Түркиядагы элчи Өмүралиев Конья шаарындагы кыргызстандыктар менен жолугушту
23:16
COVID-19 боюнча статистика: Акыркы суткада 38 адамдан табылып, үч бейтап каза болду
Бардык кабарлар

Кол санактын жыйынтыгы: алдыга чыккан алты партия

Жаңылыктар
1 027
0

Борбордук шайлоо комиссиясы добуштарды кол менен саноо дээрлик аяктаганын, азыр протоколдорду системага киргизүү 96% ашканын билдирди. Ошол эле кезде арыз-даттанууларды кароо уланууда.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) автоматтык эсептөө системасындагы маалыматка ылайык, 3-декабрга карата добуштардын 97.27% кол менен саналды жана алдын ала жыйынтык боюнча беш пайыздык чектен алты партия өтүп жатат. Мыйзам боюнча добуш берүү бүткөндөн кийин 20 күндүн ичинде шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланат.

 

"Азыр БШКнын тиешелүү жумушчу топторунда келип түшкөн арыз-даттанууларды кароого өттүк. Анткени, 2-декабрда участкалык шайлоо комиссияларынын аракетине, чечимине арыз, кайрылууларды кабыл алуу бүткөн. Мындан тышкары бир топ иштер мамлекеттик органдардын кароосунда болуп жатат. Керектүү корутунду, соттук чечимдерди алыш керек. Мыйзам боюнча, шайлоонун расмий жыйынтыгы 20 күндүн ичинде чыгышы керек. Соңку чечим ага жетпей чыгат деп ойлойм”,-деди БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча партиялык шайлоо системасы менен "Ата-Журт Кыргызстан” 16.99% , "Ишеним” 13.53%, "Ынтымак” 10.98% , "Альянс” 8.15% , "Бүтүн Кыргызстан” 6.94% , "Ыйман Нуру” 6.13% пайыз алууда.

 

Кол санактын көрсөткүчү автоматтык эсептөө системасынын жыйынтыгынан көп деле айырмаланган жок.

Бирок, 28-ноябрда добуш берүүдөн кийин БШКнын автоматтык эсептөө системасындагы бузуулуудан улам талаш-тартыш чыгып, айрым партиялар бюллетендерди кайра саноо оюнан кайтпай турат.

Добуштарды кайрадан санап чыгуу талабы

"Азаттык” партиясы менен шайлоого катышкан Жылдызкан Жолдошева шайлоонун жыйынтыгы парламенттин VII чакырылышынын легитимдүүлүгүнө шек жаратып турганын белгиледи.

 

"Азаттык” партиясы президентке жана БШКга расмий кайрылып, ар бир шайлоо тилкесинин документтерин текшерип чыгууга жана бюллетенди саноого шарт түзүп берүүсүн өтүндүк. Анткени, буга чейин президент Садыр Жапаров, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова партиялар текшерип чыкса болорун айткан. Эми БШКнын чечимин күтөбүз. Алар биздин шартка макул болбосо, анда Жогорку Кеңештин мыйзамдуулугуна шек кетет. Анда шайлоо бурмаланган деп эсептеп, шайлоонун жыйынтыгын тааныбайбыз”.

Борбордук шайлоо комиссиясы баардык добуштарды кайрадан санап чыгуу мүмкүн эместигин билдирди. Алардын айтымында, кайсыл бир шайлоо тилкеси боюнча маселе жаралып, ал жерде мыйзам бузулганы аныкталса, анда ошол жердеги бюллетендерди кайра санактан өткөрсө болот. Ага партиянын өкүлдөрү көзөмөл жүргүзө алат.

Добуштардын 97.27% кол менен саналгандан кийинки алдын ала жыйынтыкка ылайык, "Ата-Журт Кыргызстан”- 15, "Ишеним” -12, "Ынтымак” -9, "Альянс”- 7, "Бүтүн Кыргызстан”-6, "Ыйман Нуру” болсо 5 мандатка ээ болушу ыктымал экенин көргөзүүдө.зыркы учурда бир мандаттуу 36 шайлоо округунан депутат боло турган 34 талапкердин аты-жөнү белгилүү. Ал эми Бишкектеги Биринчи май жана Свердлов шайлоо округунан баарына каршы добуштар көп болгон.

Эми ушул эки тилкеде расмий жыйынтык чыккан соң Боршайком кайра шайлоо боюнча чечим кабыл алышы керек. Анын мөөнөтү белгилүү болгондон кийин эки айдын ичинде шайлоо өтөт.

https://www.azattyk.org/a/31592320.html

 

 

 

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик