Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:41
УКМК: Базар-Коргон райондук көзөмөл-текшерүү кызматынын башкы инспектору кармалды
22:41
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү
21:53
Жапаров менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?
21:51
Министр Кулубаев РФ элчиси Удовиченко менен мигранттардын абалын талкуулады
23:24
Садыр Жапаров Москвада өткөн ЖККУ саммитинин юбилейлик жыйынында сөз сүйлөдү
23:23
Алымкадыр Бейшеналиев УКМК сурагы, үйүнө жеткирген кеңешчи кыз, аңдуулар боюнча айтты
23:22
Германия Кыргызстандын 15 млн. евро карызын кечип, бир шарт койду
23:20
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши билдирүү жасады. Эмне камтылган
22:42
Манастын Жолойду жарадар кылышы. Кошой менен табышуусу. Улуу баяндан 5 факт
22:41
Кантип алдамчылардын кылтагына илинбей, акчадан кол жууп калбоо керек? Улуттук банктын жообу
22:40
Садыр Жапаров Москвага учуп кетти – коштоп кеткендердин тизмеси
18:08
Ысык-Атада милиция кызматкерлери чет өлкөлүк студенттер арасында кылмыштуулуктун алдын алууда
18:07
Кыргызстандын делегациясы Алматыда өткөн БА өлкөлөрүнүн ректорлорунун форумуна катышты
18:07
Акылбек Жапаров Ысык-Көлдө жайгашкан пансионаттардын ээлери менен жолугушту
18:06
Кыргызстанда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө баалары 7,1%га өстү
19:49
Мамытов БА мамлекеттеринин жана РФнын парламенттер аралык форумунун ачылышына катышты
19:49
Бишкекте турак үйдөн акча жана алтын буюмдар катылган сейфти уурдап кеткендер кармалды – видео
22:32
Коррупцияга шектелип Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды
22:31
Тышкы башкарууга бир жыл. Садыр Жапаров Кумтөрдү текшерте баштады
22:28
Ректорлорду шайлоону жоюп, министр тарабынан дайындоо мыйзамы сунушталды
22:28
Ушунча азапты тартып балдарды көрбөсөм арман ичте калат го... Фронттон кат
08:24
Москвада кыргыз диаспораларынын Бүткүл россиялык форуму өтүп жатат
08:23
9-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
08:22
Садыр Жапаров: Дача-СУ окуясы боюнча коомдук комиссия түзүлдү
14:56
"Жасалма жүк" көбөйдү. Казакстан чек арадагы көзөмөл кайра күчөтүлөрүн эскертти
14:53
Өзбекстандын чек арачыларынын огунан 3 кыргызстандык каза болду
14:51
Эмгек министри Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин 9-май – Жеңиш күнү менен куттуктады
14:51
Өмүрбек Текебаев Германиянын президентине ишеним грамоталарын тапшырды
19:00
Бишкекте "Георгий тасмасы" өнөктүгү башталды. Лентаны кайдан алууга болот
18:56
Кыргызстан менен Венгрия маданият тармагында кызматташат. Меморандумга кол коюлду
18:54
Коргоо министрлигинен 4-майдан 9-майга чейин пландалган иш-чаралар тууралуу айтып беришти
13:08
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады
23:40
Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловду кабыл алды
21:11
Орозо айт намазы эски аянтта окулат. Программа
21:06
Кыргызстан кезектеги V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр
21:06
1-майдан тарта КРга киргенде ПЧР-тест жана эмдөө жөнүндө сертификат талап кылынбайт
21:05
Садыр Жапаров ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды
21:12
Уюлдук телефондорду идентификациялоодо аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндө акы алынбайт
21:12
Садыр Жапаров Макронду Франциянын президенти кызматына кайра шайланышы менен куттуктады
21:07
Кыргызстандык ишкерлер Рязанга инвестор катары чакырылууда
22:12
Камчыбек Ташиев сурактан чыккан соң журналисттердин суроосуна жооп берди
22:12
Сот Атамбаевге кардиология борборунан кароодон өтүүгө уруксат берди
22:07
КР ТИМ башчысынын орун басары Сауд Аравиянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады
22:06
Асел Чынбаева: Балдарды тарбиялоонун маселелери ата-энелер тарабынан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат
22:04
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН «КАБАР» АГЕНТТИГИНЕ БЕРГЕН ЭКСКЛЮЗИВДҮҮ МАЕГИ
Бардык кабарлар

"Ысык-Көл": Тарыхый мурас менен кароосуз жайдын талашы

Жаңылыктар / Тарых
3 975
0

Бишкектеги "Ысык-Көл" мейманканасынын бузулушун айрым оппозициячыл саясатчылар "тарыхый имаратты талкалоо" катары баалап, бийликти сындап жатышат. Шаардын түштүк ыптасында советтик доордо салынган, мамлекеттик резиденцияга жакын турган конок үйү көп жылдардан бери кароосуз калган.

"Ысык-Көл" мейманканасын бузуу иштери башталганы социалдык тармактарда кызуу талкууга жем таштады. Сындагандар "тарыхый имаратты талкалоо" катары бааласа, колдогондор "конок үйү каралбай калганын" айтып, ордуна жаңы имарат тургузууну эп көрөт.

"Тарыхый архитектуралык мурас"

Мейманкананы бузуу 24-декабрда башталган.
Мейманкананы бузуу 24-декабрда башталган.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров "Ысык-Көл” мейманканасы калаадагы тарыхый архитектуралык мурастардын бири экенин айтып, анын бузулушун кескин сындады. Оппозициялык саясатчы конок үйүнүн бузулушу ага караштуу жерге жана кытай инвесторлору катышкан долбоорго байланыштуу болушу ыктымалдыгын айтат.

"Кеп "Ысык-Көл" конок үйүнө караштуу болгон жер жөнүндө. Ал жерде чоң тилке бар. Демилге кайдан чыкканы да бир аз белгилүү. Себеби, кезинде 2008-2009-жылдары кытай инвесторлору менен ошол жерге имарат курабыз деген долбоор бар болчу. Ошол долбоорго Акылбек Жапаровдун дагы тиешеси болушу керек. Бул имарат тарыхый, архитектуралык мурастардын бири болушу керек эле. Республикалык деңгээлде болбосо дагы, борборубуз Бишкектин деңгээлиндеги тарыхый архитектуралык, маданий имарат болушу керек. Аны ал тизмеден ким чыгарды? Эмне үчүн чыгарды? Бул чоң маселе", - деди Мадумаров.

Мадумаров видеокайрылуусун социалдык тармактар аркылуу жарыялады. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мадумаровдун пикирине жооп бере элек.

Ал эми президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев саясатчыга мындай жооп кайтарды:

"Адахан Мадумаровдун мамлекеттик, саясий же коомдук ишмердүүлүгүндө бир да жолу аталган мейманкананы оңдоо боюнча демилге көтөргөнүн эстей албайбыз. Мейманкана Бишкектин тарыхый, маданий эстеликтер мурасынан чыгарылган. Анткени имарат көп жылдардан бери колдонулбай, эскилиги жетип, жараксыз абалга келген. Саясатчы ар бир актуалдуу темадан чуу жараткысы келгендей сезим калтырат".

Султанбаев бул долбоорду ишке ашыруу үчүн чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу боюнча маселе күн тартибинде жок экенин кошумчалады.

Мейманкананын арткы көрүнүшү.
Мейманкананын арткы көрүнүшү.

24-декабрда президенттин иш башкармалыгы "Ысык-Көл" мейманканасы көп жылдан бери каралбай, эскирип авариялык абалга келгенин, мындан ары пайдалануу кооптуу экенин маалымдаган. Анда аны кайра калыбына келтирүү үчүн дээрлик жаңы имаратты курууга чыгымдала турган сумма талап кылынаары айтылган.

27-декабрда президенттик аппарат каражатты рационалдуу пайдалануу, автоунаа жолдорун бошотуу жана борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу үчүн "Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна мамлекеттик маанидеги жаңы административдик комплекс куруу чечими кабыл алынганын билдирди. Азырынча жаңы имаратты салууга канча каражат сарпталаары айтыла элек. Ошондой эле комплекстин аянтты канча экени белгисиз.

Багы ачылбаган мейманкана

2005-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында жетекчилик кызматта иштеп, 2021-жылы жарым жылдай Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарган Балбак Түлөбаев "Ысык-Көл" мейманканасынын чоо-жайын жакшы билгендердин бири.

Анын айтымында, президенттин иш башкармалыгына караштуу бул мейманкана 2007-жылдардан баштап иштебей калган. Андан бери бардык бийликтин тушунда конок үйүнө сырттан дагы, ички дагы инвестор тартуу үчүн бир топ аракет жасалган. Бирок эч ким кызыккан эмес.

Былтыр Түлөбаев мэр кызматын аркалап турганда Маданият министрлигинде тарыхый-маданий мурас маселесин иликтеген атайын комиссия түзүлүп, шаардык кеңештин чечими менен архитектуралык эстелик макамы алынган. Экс-мэр мейманкананын бузулуп жатканын колдоп, анын ордуна жаңы имарат салууну туура көрөт.

"Президент, Министрлер кабинетинин төрагасы дагы жумушка келатканда жолдор жабылып, элге ыңгайсыздык жаралат. Бузулуп, талкаланып калган мейманкананын ордуна жакшынакай жаңы имарат туруп, айланасы жашылданып, ишке кирип калса жакшы болот”, - деди Түлөбаев.

Борбор калаанын түштүк бөлүгүндө жайгашкан сегиз кабаттуу комплекс 1984-жылы Кыргыз ССРинин 60 жылдыгына курулган. 200 орундуу имаратта кафе-ресторан сыяктуу бардык шарттар каралган. Конок үйү 1993-жылы архитектуралык эстелик макамына ээ болгон.

2000-жылдардан баштап мейманкана кароосуз калып, жыл өткөн сайын талкалана баштаган. Колдонулбай турган имарат оорукана, окуу жай, мектеп жана өкмөт үйүнө берилиши керек деген сунуштар маал-маалы менен айтылып келген.

 

Архитектордун айыптоосу

2019-жылы "Ысык-Көл" мейманканасынын имаратына өкмөттүн аппаратын көчүрүү сунушталган. Анда имаратты оңдоп-түзөөгө 60 млн. доллардан ашык каражат сарпталары айтылган.

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору, 1990-жылдары Кыргызстандын Курулуш жана архитектура министрлигин башкарган Ишенбай Кадырбеков "Ысык-Көл" мейманканасын бузууну "вандализм" деп сыпаттады.

"Эгемендүү Кыргызстанга чейин курулган архитектуралык эстелик. Тарыхыбызды сакташыбыз керек. Тарых архитектура менен сакталат. Бүгүнкү күндө жакпай жатса 100 жылдан кийин эң баалуу архитектура болушу мүмкүн. Күчтүү архитектор Каныбек Алыкулов автор болуп, биринчи жолу боз үйдүн образы жасалган. Функциясын өзгөртүп, өзүнө тийбеш керек болчу. Кургусу келсе башка жерлер толтура. Уратып коюш вандализм”, - деди Кадырбеков.

Бишкекте буга чейин 1980-жылдары курулган Бишкектин чок ортосундагы "Нарын” ресторанын 2017-жылдары бузууга уруксат берилген. ​Бирок азыркы кезге чейин жаңы имарат тургузула элек. Убагында эл көп барган жайлардын бири он жылдан ашуун ээн турган.

https://www.azattyk.org/a/ysyk-koel-tarykhyy-muras-menen-karoosuz-zhaydyn-talashy/31627840.html

скачать dle 11.0фильмы бесплатно
18+ © 2016 - Все права соблюдены.
Любое копирование, в т.ч. отдельных частей текстов или изображений, публикация и републикация, перепечатка или любое другое распространение информации, в какой бы форме и каким бы техническим способом оно не осуществлялось, строго запрещается без предварительного письменного согласия со стороны редакции. Во время цитирования информации подписчиками ссылки обязательны. Допускается цитирование материалов сайта без получения предварительного согласия, но в объеме не более одного абзаца и с обязательной прямой, открытой для поисковых систем гиперссылкой на сайт не ниже, чем во втором абзаце текста.
счетчик счетчик