Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:41
УКМК: Базар-Коргон райондук көзөмөл-текшерүү кызматынын башкы инспектору кармалды
22:41
Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү
21:53
Жапаров менен Токаев телефон аркылуу сүйлөштү – эмнени талкуулашты?
21:51
Министр Кулубаев РФ элчиси Удовиченко менен мигранттардын абалын талкуулады
23:24
Садыр Жапаров Москвада өткөн ЖККУ саммитинин юбилейлик жыйынында сөз сүйлөдү
23:23
Алымкадыр Бейшеналиев УКМК сурагы, үйүнө жеткирген кеңешчи кыз, аңдуулар боюнча айтты
23:22
Германия Кыргызстандын 15 млн. евро карызын кечип, бир шарт койду
23:20
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңеши билдирүү жасады. Эмне камтылган
22:42
Манастын Жолойду жарадар кылышы. Кошой менен табышуусу. Улуу баяндан 5 факт
22:41
Кантип алдамчылардын кылтагына илинбей, акчадан кол жууп калбоо керек? Улуттук банктын жообу
22:40
Садыр Жапаров Москвага учуп кетти – коштоп кеткендердин тизмеси
18:08
Ысык-Атада милиция кызматкерлери чет өлкөлүк студенттер арасында кылмыштуулуктун алдын алууда
18:07
Кыргызстандын делегациясы Алматыда өткөн БА өлкөлөрүнүн ректорлорунун форумуна катышты
18:07
Акылбек Жапаров Ысык-Көлдө жайгашкан пансионаттардын ээлери менен жолугушту
18:06
Кыргызстанда өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө баалары 7,1%га өстү
19:49
Мамытов БА мамлекеттеринин жана РФнын парламенттер аралык форумунун ачылышына катышты
19:49
Бишкекте турак үйдөн акча жана алтын буюмдар катылган сейфти уурдап кеткендер кармалды – видео
22:32
Коррупцияга шектелип Аламүдүн айыл өкмөтүнүн башчысы кармалды
22:31
Тышкы башкарууга бир жыл. Садыр Жапаров Кумтөрдү текшерте баштады
22:28
Ректорлорду шайлоону жоюп, министр тарабынан дайындоо мыйзамы сунушталды
22:28
Ушунча азапты тартып балдарды көрбөсөм арман ичте калат го... Фронттон кат
08:24
Москвада кыргыз диаспораларынын Бүткүл россиялык форуму өтүп жатат
08:23
9-майга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
08:22
Садыр Жапаров: Дача-СУ окуясы боюнча коомдук комиссия түзүлдү
14:56
"Жасалма жүк" көбөйдү. Казакстан чек арадагы көзөмөл кайра күчөтүлөрүн эскертти
14:53
Өзбекстандын чек арачыларынын огунан 3 кыргызстандык каза болду
14:51
Эмгек министри Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин 9-май – Жеңиш күнү менен куттуктады
14:51
Өмүрбек Текебаев Германиянын президентине ишеним грамоталарын тапшырды
19:00
Бишкекте "Георгий тасмасы" өнөктүгү башталды. Лентаны кайдан алууга болот
18:56
Кыргызстан менен Венгрия маданият тармагында кызматташат. Меморандумга кол коюлду
18:54
Коргоо министрлигинен 4-майдан 9-майга чейин пландалган иш-чаралар тууралуу айтып беришти
13:08
Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктады
23:40
Садыр Жапаров Казакстандын премьер-министри Алихан Смаиловду кабыл алды
21:11
Орозо айт намазы эски аянтта окулат. Программа
21:06
Кыргызстан кезектеги V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүгө даяр
21:06
1-майдан тарта КРга киргенде ПЧР-тест жана эмдөө жөнүндө сертификат талап кылынбайт
21:05
Садыр Жапаров ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раевди кабыл алды
21:12
Уюлдук телефондорду идентификациялоодо аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндө акы алынбайт
21:12
Садыр Жапаров Макронду Франциянын президенти кызматына кайра шайланышы менен куттуктады
21:07
Кыргызстандык ишкерлер Рязанга инвестор катары чакырылууда
22:12
Камчыбек Ташиев сурактан чыккан соң журналисттердин суроосуна жооп берди
22:12
Сот Атамбаевге кардиология борборунан кароодон өтүүгө уруксат берди
22:07
КР ТИМ башчысынын орун басары Сауд Аравиянын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады
22:06
Асел Чынбаева: Балдарды тарбиялоонун маселелери ата-энелер тарабынан өзгөчө көңүл бурууну талап кылат
22:04
ПРЕЗИДЕНТ САДЫР ЖАПАРОВДУН «КАБАР» АГЕНТТИГИНЕ БЕРГЕН ЭКСКЛЮЗИВДҮҮ МАЕГИ
Бардык кабарлар

Күткөндөн мыкты – Жерүй кенин иштетүүнүн жыйынтыктары пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты

Жаңылыктар / Аналитика
1 226
0

2021-жыл Кыргызстан үчүн эң оор жылдардан болду. Локдаундан кийин саясий окуялардын курчушуна байланыштуу кыргызстандык ишканалардын ишмердигин калыбына келтирүү кыйынга турду.

Быйыл Кыргызстандын экономикасына пайда алып келген алгылыктуу долбоорлордун бири катары Жерүй кенин ишке киргизүү аракетин айтсак болот. Бардык кыйынчылыктарга карабастан өз убагында өздөштүрүү башталып, алтын өндүрүү боюнча алгачкы жыйынтыктар пландалган көрсөткүчтөрдөн ашты.

Баары кантип башталган

Таластагы алтын кен комбинатынын салтанаттуу ишке киришүү аземи Кыргызстан менен Орусиянын мамлекет башчыларынын деңгээлинде өттү. Иш-чарага КРнын президенти Садыр Жапаров менен РФнын президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында катышты.

КРнын президенти инвесторлорго – «Альянс Алтын» компаниялар тобуна Кыргызстандын экономикасына инвестиция салганына ыраазычылык билдирип, «Жерүй» Россиянын мамлекеттик банкынын катышуусундагы өлкөдөгү иштеп жаткан эң ири инвестициялык долбоор экенин белгиледи.

Белгилей кетсек, кенди ишке киргизүүгө даярдык көрүү стадиясында эле инвесторлор бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фонддорго салык жана салыктык эмес төлөмдөр түрүндө дээрлик 1.5 млрд сом которгон.

ВТБ Банк башкармалыгынын төрагасы Андрей Костин заводдун ишке кириши аталган банктын Кыргызстандагы дебюттук жана Россиянын катышуусундагы эң ири долбоор экенин баса белгиледи. Каржылоонун жалпы суммасы 190 млн долларды түзөт.

Костин КРнын экономикасы «Жерүй» долбоору аркылуу руданы казуудан тартып, алтын куймаларын алганга чейинки толук циклди түзгөн уникалдуу өндүрүш объектисин алды деп эсептейт.

Эске салсак, «Альянс Алтын» компаниясы Жерүй кенин иштетүү үчүн лицензияны 2015-жылы 100 млн долларга алган. Бул Кыргызстанга буга чейин  төлөнгөн эң чоң сумма десе болот. Ал кезде Жерүй 580 млн долларлык соттук милдеттенмелеринен улам көйгөйлүү объект катары эсептелип турган эле.

Кыргызстандын бюджетине канча түштү?

«Жерүй» кенинде алтын өндүрүлүп баштагандан бери – 2015-жылдан 2021-жылдын март айына чейин «Альянс Алтын» ишканасынан түшкөн бюджеттик жана социалдык чегерүүлөрдүн көлөмү өндүрүштө таза кирешенин жоктугуна карабастан 923 млн сомду түзгөн.

Фабрика ишке киргенден бери «Альянс Алтын» ЖЧКсы өлкөнүн бюджетине ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдү пландуу түрдө көбөйтүп келет. Ал эми июнда Жерүйдөн бюджетке биринчи млрд сом, тагыраак айтканда, 1.3 млрд сом которулган.

2021-жылдын декабрь айына карата «Альянс Алтын» ЖЧКсы республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 3.9 млрд сом, анын ичинен 1.9 млрд сомду алтынды сатуудан түшкөн кирешеден төлөгөн.

Талас дотациядан чыкты

Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Талас облусунда салык жана башка кирешелер өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2.5 эсеге өсүп, рекорддук көрсөткүчкө, тагыраак айтканда, 2 млрд 120 млн сомго жеткен. Райондун кирешесинин бир кыйла өсүшү Жерүй кенин ишке киргизүүнүн эсебинен камсыз болгон.

Учурда облустун бүт кирешесининин үчтөн эки бөлүгү «Жерүй» кенин иштетүүчү «Альянс Алтын» ЖЧКдан түшөт. Бул көрсөткүчтөр менен дотациядагы Талас облусу өлкөдө салык жана башка төлөмдөр боюнча дароо акыркы орундан 6-орунга көтөрүлдү.

Жергиликтүү аймактын инфраструктурасын өнүктүрүү жана кармоо үчүн компания тарабынан 200 млн сом төлөнүп, анын 50%ы – Талас облусунун өнүктүрүү Фондуна, 30%ы – Талас районунун өнүктүрүү Фондуна жана 20%ы – Бекмолдоев айылдык кеңешинин өнүктүрүү Фондуна берилген.

Мындан тышкары, «Альянс Алтын» Талас районундагы социалдык долбоорлорду да каржылап, кичи жана орто бизнеске арзан пайыз менен жеткиликтүү насыяларды берген «Бакубат Талас» фондуна өзүнчө 150 млн сом которгон.

Өндүрүштүн көлөмү

Алтын өндүрүүчү фабриканын кубаттуулугу жылына 1.3 млн тонна руданы түзөт. Бардык казылып алынган рудалар алтынды өндүрүүчү фабрикада кайра иштетилет, андан кийин КРнын аймагында аффинаждалат. КРнын Улуттук банкы жогорудагы алтын куймаларын сатып алуу укугуна ээ.

Фабрика ишке кирип жатканда Жерүй алтын комбинатынан жылына эки тоннадан ашык алтын өндүрүлөт деп пландалган. Жылдын аягында болсо 950 миң тонна руда казылып алынып, 3000 килограммга жакын алтын эритилген. Бул пландаштырылгандан 300 килограммга көп болгон.

Экология 

Руданы кайра иштетүү алтын өндүрүүчү  фабриканын башкы корпусунун ичинде нейтралдаштыруу аркылуу кудуктан эритүү технологиясы менен жүрөт. Анткени зыяндуу заттарды айлана-чөйрөгө түшүрбөө маанилүү болуп саналат.

Ошондой эле Жерүйдө суунун пайдаланылышы толук көзөмөлгө алынып, тиешелүү чаралар көрүлгөн. Суу фабриканын ичинде пайдаланылат жана ачык суу булактарына төгүлбөйт, бул рудадан алтынды алуу учурунда жогорку экологиялык стандарттарды сактоодо өтө маанилүү.

Нейтралдаштырылган калдыктарды жарым кургак сактоочу жайдын Кыргызстанда аналогу дээрлик жок жана бул эксплуатациялоодо коопсуз деп эсептелет.

Ай сайын адистер кендеги экологиялык көрсөткүчтөрдү көзөмөлдөө үчүн керектүү анализдерди жүргүзүп турушат. «Чүй экологиялык лабораториясы» көз карандысыз компаниясы жакында жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыгында, ишкананын кендеги өндүрүштүк ишмердүүлүгү экологияга эч кандай терс таасирин тийгизбегенин аныктаган.

«Жерүй» кенинде баштапкы рудадан баштап,  кайра иштетилген продукцияга чейин бардык керектүү анализдерди жүргүзгөн борбордук-аналитикалык лаборатория бар.

«Альянс Алтын» ЖЧКсы рекультивация фондуна атайын ай сайын 795 миң сом которуп турат. 2021-жылдын декабрь айына карата атайын рекультивациялык эсепке 29 млн 92 миң сом топтолгон.

Жумуш менен камсыз кылуу  

Бүгүнкү күндө шахтада подрядчы ишканалардын кызматкерлерин кошкондо 1200дөн ашуун адам иштейт. Бул жергиликтүү калктын 97%ын түзөт.

Ишканада 400гө жакын адам окутулуп, анын ичинен 195 адам ишканада эмгектенет. Жумушчулардын эмгек акысы тоо-кен тармагында иштегенине жараша татыктуу деп айтууга болот.

Эске салсак, Жерүй кени Талас районунун аймагында, Талас шаарынан 60 чакырым алыстыкта ​​жайгашкан. Кендин жалпы рудасынын көлөмү 21 млн тоннаны түзөт, рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 3.7 грамм болсо, баланс запасы – 88 тоннаны түзөт.

https://economist.kg/kyrgyzcha/2021/12/29/k-tk-nd-n-mykty-zher-j-kenin-ishtet-n-n-zhyjyntyktary-plandalgan-k-rs-tk-cht-rd-n-ashty/

скачать dle 11.0фильмы бесплатно