Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады. Бул тууралуу КР президентинин басма сөз кызматы билдирет.

«2021-жыл достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелеринин оң динамикасы менен белгиленди. Соода-экономикалык, гуманитардык жана аймактар аралык байланыштар, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында өз ара кызматташуу, коронавирус пандемиясына каршы күрөштө күч-аракеттерди бириктирүү күчөтүлдү.

Биз Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты — элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн, Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында мындан ары да ийгиликтүү жүргүзө берерибизге ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

http://kg.kabar.kg/news/vladimir-putin-prezident-zhaparovdu-zhana-kyrgyzstandyktardy-zha-y-zhyly-menen-kuttuktady/