Быйыл кыргызстандыктардын турмушуна жана каражатына, ал тургай айрым категориядагы азыктануусуна кайсы бир деңгээлде таасир эте турган бир катар чечимдер күчүнө кирет.
Мындай чаралардын бир даары жаңы Салык кодексинде камтылган. Бул документти 22-декабрда парламент кабыл алып, бирок президент кол кое элек.
Жарык тарифтери
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тарта https://sputnik.kg/20211206/ehlektr-kubatyna-tarif-tomondodu-1054875919.html 16 жашка чейин балдары бар жана "үй-бүлөгө көмөк" мамлекеттик жөлөк пулун алуучу бүлөлөргө 50 тыйындык тариф (700 киловатт-саат чегинде керектөөдө бир киловатт-саатка 50 тыйын) киргизилет.
Социалдык чегерүүлөр (төгүмдөр)
Былтыр сентябрда эле өлкө президенти чакан жана орто ишкердик субъектилер үчүн камсыздоочу төгүмдөрдүн тарифин жумушчулардын санына, аларга которулган маяна көлөмүнө жараша үч жылдык мөөнөткө төмөндөтүү боюнча жарлыкка кол койгон. Тагыраагы, анда 2022-жылдан 2024-жылга дейре 27,5 пайыздан 22 жана 14 пайызга төмөндөтүү боюнча айтылган.
Салыктын бир катар түрүнөн бошотуу
Декабрдын башында Жапаров каржы жаатындагы дагы бир жарлыкка кол койду. Ага ылайык, жылдык айлантуу 8 миллион сомго жетпеген ишкерлер киреше жана жумушчулары болгон шартта Социалдык фондго төгүмдөрдөн тышкары салыктын дээрлик бардык түрүнөн бошотулат. Бирок бир нече талап коюлат, анын ичинде ККМ сөзсүз болушу шарт.
Орто бизнес үчүн (8 миллиондон 30 миллион сомго чейин айлантылган) бирдиктүү салык режими каралган Ишкерлер ишмердүүлүк түрүнө жараша 0,25 пайыздан 10 пайызга чейин салык төлөшөт. Айлантуусу 30 миллиондон ашкан ири бизнес салыктын ар бир түрүн өзүнчө төлөйт.
Ишкерлер январь айында 15 иш күн аралыгында салык режими менен такташып алууга тийиш. Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басарынын эсебинде акыркы мөөнөт январдын аягына чейин болушу ыктымал. Эгер бизнесмендер салык тартибин тандашпаса, жалпы режимде иштешет. Эгер мурда сиздики жөнөкөйлөтүлгөн тартип болсо, ал тастыктоосуз калтырыларын эске алыңыз. Дагы бир көңүлгө түйө турган жагдай — салыктардын жоюлушу менен салык отчеттору да тапшырылбай калбайт. Аларды квартал сайын тапшыруу зарыл.
Милдеттүү патенттер жоюлду, ошондой эле тийиштүү орган ишкерлик ишмердигине алынчу ыктыярдуу патентти жоюу боюнча да документ камдоодо. Буга себеп – 8 миллионго жетпеген акча айланткан ишкерлерди салык төлөөдөн бошотуу, ошондуктан "патенттин кажети жок". Жеке эмгек ишмердиги үчүн ыктыярдуу патенттердин тагдыры азырынча белгисиз.
Жетим балдар жана карыялардын тамагы жакшырат
Министрлер кабинетине 1-январдан тарта республикадагы бардык балдар үйү жана интернаттардагы тамак-ашка бөлүнгөн каражат 100 пайызга көбөйтүү тапшырылган. Бул ата-эненин багуусунан ажыраган, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, социалдык мекемелерде баш калкалаган карыялардын тамактануу сапатын жакшыртууга багытталган.
Фермерлерге көмөк
Айыл чарба өндүрүшчүлөрүн колдоо иретинде министрлер кабинетине айдоо жерлерин пайдаланууга жер салыгын төлөөдөн 2022-жылдан 2024-жылга (3 жыл) чейинки убакытка бошотуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун иштеп чыгуу табышталды.
Жөлөк пулдун көлөмү көбөйөт
1-январдан тарта төмөндөгү категориялар үчүн жөлөк пул жогорулайт:
1-апрелден тарта мугалим, врач, маданият жана илим ишмерлеринин маянасы жогорулайт. Жылдын биринчи чейрегинин жыйынтыгы боюнча 50 же 100 пайызга көтөрүлөрү так болорун министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров былтыр октябрда билдирген.
https://sputnik.kg/20220101/biyyl-chontokko-kop-zyyan-kelbebi-zhylga-saresep-1060902153.html