2021-жылдын январь-декабрь айыларында пенсия жана жөлөкпулга 50 млрд 819,4 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Бишкек шаары — 8 млрд 309,4 млн сом;
- Чүй облусу — 7 млрд 796,9 млн сом;
- Нарын облусу — 4 млрд 044,8 млн сом;
- Ысык-Көл облусу — 4 млрд 630,8 млн сом;
- Талас облусу — 2 млрд 102,3 млн сом;
- Ош шаары — 1 млрд 825,2 млн сомов;
- Ош облусу — 9 млрд 315,6 млн сом;
- Баткен облусу — 4 млрд 072,3 млн сом;
- Жалал-Абад облусу — 8 млрд 722,2 млн сом.
белгилей кетсек, пенсия жана жөлөкпулдардын каржылануусу 2021-жылдын декабрь айына 4 млрд 537,2 млн сом түздү.
http://kg.kabar.kg/news/sotcfond-tk-n-zhyly-pensiia-zhana-zh-l-kpulga-50-8-mlrd-som-karzhylangan/