Тышкы иштер министрлиги Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин консулун чакырып нота тапшырды. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Анда кыргыз тарап Чолпонбек Сыдыковго карата Казакстандын укук коргоо органдары мыйзамга каршы чараларды колдонуп, ден соолугуна оор жаракат келтиргенине тынчсыздануусун билдирген.
Ошондой эле окуянын бардык жагдайларын аныктоо үчүн тыкыр жана объективдүү иликтөө жүргүзүү керектиги тууралуу маселе көтөргөн. Аны менен катар ТИМ казак тараптан бардык күнөөлүү кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартууну жана Сыдыковдун саламаттыгына оор зыян келтиргени үчүн компенсация төлөөнү талап кылган.
Мындан сырткары, бүгүн Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков менен Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Бакыт Рысбеков мекендештен кабар алганы барган.
Жолугушууда Сыдыков тебеленген укуктарын жана эркиндигин коргоо, калыбына келтирүү, келтирилген зыяндын ордун толтурууга иликтөө жүргүзүү үчүн көмөк көрсөтүүнү өтүнгөнү айтылат.
Натыйжада Акыйкатчы аппараты Кыргызстандын Башкы прокуратурасына жана Ички иштер министрлигине тиешелүү каттарды жөнөткөн. Анда төмөнкүлөр камтылган:
Эске салсак, Алматыда эмерек чогултуп иштеген 46 жаштагы Чолпонбек Сыдыков 8-январда каттоо мөөнөтү аяктап, Бишкекке келмек. Бирок аны шаардан чыккан учурда кармап кетишкен. Ошол бойдон 11 күндөн кийин Алматыдагы ооруканалардын биринен табылган. Мекендеш 20-январь күнү Бишкекке алып келинди. Дарыгерлердин ала диагнозу боюнча, Сыдыковдун бир нече кабыргасы, эки буту балтырынан сынган, мээси чайкалып, башынан жаракат алган.
https://sputnik.kg/20220121/tim-kazakstan-nota-sabalgan-sydykov-1061428020.html