ИИМ 22-январда кармап кеткен иликтөөчү журналист Болот Темиров милиция кызматкерлеринин коштоосунда бара жатып, "мага чагым болду, ыргытып кетишти" деп айтууга үлгүрдү.
Анын алдында адвокат Нурбек Токтакунов Темировго карата кимдир-бирөөдөн арыз түштү деп түшүндүрүшкөнүн айткан. Темиров менен бирге тинтүү учурунда кеңседе болгон журналисттердин айтымында, күч кызматкерлери имаратка күч менен кирип, иликтөөчү журналисттин чөнтөгүнө "белгисиз зат" салышкан.
Temirov LIVE командасынын өкүлү, журналист Актилек Капаров укук коргоо органдарынын кызматкерлери кеңсеге саат 19:15терде киргенин билдирген. Журналисттин айтымында, тинтүүнү ИИМдин алдындагы Башкы тергөө башкармалыгынын Баңги затты мыйзамсыз жүгүртүүгө күрөшүү бөлүмүнүн өкүлдөрү жүргүзгөн.
41 жаштагы Болот Темиров курч журналисттик иликтөөлөрү менен таанылган. Ал маалыматты ар кыл булактардан салыштырып, факт жүзүндө тастыктап, иликтөөлөрдү жүргүзүп келет. 2020-жылдын 9-январында Бишкекте белгисиз адамдар сабап кеткен. Ал окуяны өзүнүн журналисттик кесиби менен байланыштырган. Кийинчерээк аны урган эки адамды милиция кармаган.
2020-жылы Болот Темиров АКШнын Мамлекеттик департаментинин Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча алгачкы сыйлыгына татыган.
https://www.azattyk.org/a/31666534.html