Бүгүн:

Акыркы кабарлар

22:15
Садыр Жапаров АКШда ири компаниялардын өкүлдөрү менен жолукту
23:23
Сүйүнчү! Акжол Махмудов дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
23:21
ЕАЭБде түз инвестициялардын көлөмү өстү
23:15
БУУ Кыргызстанды колдоого даяр. Жапаров АКШда Гутерриш менен жолукту
19:10
Измирде көз жумган кыргызстандык учкучтардын сөөгү Бишкекке жеткирилди
19:08
Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында сүйлөдү. Эмнелерге токтолду
18:59
Садыр Жапаров Нью-Йоркто Эмомали Рахмон менен жолугуп сүйлөштү
18:58
Москва Бишкек менен Душанбени кескин билдирүүлөрдөн карманууга чакырды
23:18
Садыр Жапаров БУУ Башкы ассамблеясынын иш-чараларына катышуу үчүн Нью-Йоркко барат
23:16
Байден Борбор Азиядагы беш өлкөнүн башчылары менен жолугушуу өткөрөт
23:10
Мээ, бөйрөк, жүрөк. Ооруну сезбеген органдардын тизмеси
23:25
ЖККУ өлкөлөрү баңгизатка каршы масштабдуу операция өткөрдү
22:19
ЕАЭБде өнөр жай өндүрүшү 2,8%га өстү
20:35
Чүйдүн райондору менен Кытайдын бир катар аймагы "достошмой" болду
23:25
Кыргызстанда Евразиялык соода шаары жана индустриалдык-логистикалык парк курулат
23:14
ЕАЭБ өлкөлөрүндө жумушсуздук 12,4%га кыскарды
02:35
Жогорку Кеңеште бетти жаап жүрүүгө тыюу салуу сунушталды
02:33
Кытайда өтө турган Азия оюндарына Кыргызстандан 230дан ашык адам барат
23:53
БУУ: Жер шары байкоо жүргүзүлгөндөн берки аптаптуу ысыкты башынан кечирди
23:47
Чачка эмне үчүн эрте ак кирерин дарыгер түшүндүрүп берди
22:25
КР сурдо грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курамасы Дүйнө чемпионатында 4 медаль жеңди
22:22
ЕАЭБ ичинде банктык кепилдиктерди таануу келишимине кол коюлду
23:39
Санкт-Петербург шаарында Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
22:25
Путин Жапаровду Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады
22:12
Окумуштуулар көп кыймылдабаган балдар кийин жүрөк оорусуна кабыларын аныктады
23:25
Кыргызстандын тайбокс боюнча курамасы Азия чемпионатында 18 медаль жеңди
23:24
Кыргыз-казак чек арасындагы абал турукташып, кезек жоюлду
23:25
Казакстандын УККсы чек арадагы фуралар боюнча көрүнүшкө түшүндүрмө берди
23:28
Кыргызстандыктар, өзбекстандыктар чек арадан эми ID-карта менен өтө алат
22:07
Диетолог стресстен оңой чыгууга жардам берчү азыктарды айтты
23:26
Кыргызстандык академик чек арадагы көйгөйлөрдөн улам казак бийлигине кайрылды
23:34
ЕАЭБде дары-дармек каттоону жөнөкөйлөтүү иштери жүрүүдө
22:51
ЕАЭБде курулуш темпи активдешти. ЕЭКтин алты ай боюнча маалыматы
23:30
Трансулуттук УКТ мүчөсү кыргызстандыктын $1,8 млн криптовалютасын ээлеп алган
23:26
Администрация: Садыр Жапаров “Барселонанын” легендалары менен таймашат
23:17
Бали! Калмира Билимбек кызы дүйнө чемпионатынан коло медаль утту
23:43
Өлүмдөн кийинки өмүр. Бүгүн ырчы Виктор Цой эскерилүүдө
23:03
ЕАЭБдин бардык мамлекеттеринде өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү өстү
23:02
Кыргызстан II КМШ оюндарында жалпы медалдык эсеп боюнча 7-орунду ээледи
23:01
Санкт-Петербургда кыргызстандык таксист келиндин төрөтүнө жардам берди
22:58
Минск шаарында КМШ өлкөлөрүнүн II оюндары салтанаттуу аяктады
22:57
КМШ оюндары. Самбо боюнча курама команда 3 медаль жеңди
22:56
КМШ оюндарында Кыргызстандын футзал боюнча жаштар курамасы күмүш медаль багындырды
22:51
Россиялык дарыгерлер Ошто кыздын жамбаш сөөгүнө операция жасашты
22:48
Адистер кечки тамактан баш тартуу эрте өлүмгө кептээрин билдирди
Бардык кабарлар

Президент Садыр Жапаров “БА мамлекеттери – Кытай” онлайн-саммитинде сөз сүйлөдү

Жаңылыктар / Аналитика
1 881
0

«Бүгүн биз мамлекеттерибиздин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүккө негизделген мамилелер жогорку деңгээлде экенин ишенимдүү айта алабыз», — деп билдирди президент Садыр Жапаров бүгүн, 25-январда, дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата өткөн Борбордук Азия жана Кытайдын мамлекет башчыларынын онлайн-режимдеги саммитинде.

Мамлекет башчысы Борбордук Азия мамлекеттеринин, анын ичинде Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасы менен дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чара БА элдери үчүн маанилүү окуя болуп саналарын белгиледи.

«Заманбап дүйнөлүк түзүлүш терең кайра куруу мезгилин башынан өткөрүп жатат жана аймактык коопсуздук, туруктуулук маселелери боюнча биздин иш-аракеттерибизди координациялоо, саясий, экономикалык, соода жана турмуштун башка маанилүү чөйрөлөрүндө кызматташууну чыңдоо зарылдыгын талап кылууда. Кытай Эл Республикасы аймактык коопсуздукту чыңдоо, Борбордук Азия мамлекеттеринин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө ар тараптуу жардам көрсөтүү, ынтымактуу жанаша жашоо жана эл аралык абалдын стабилдүү болушу үчүн демилгелерди көтөрүү жана аларга көмөк көрсөтүү үчүн чоң күч-аракетин жумшап жатат», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Президент 30 жыл мурун, 1992-жылдын январында, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда дипломатиялык мамилелерди орнотуу жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлганын эске салды. Биргелешкен коммюникеде белгиленген эгемендүүлүктү жана аймактык бүтүндүктү өз ара урматтоо, кол салбоо, ички иштерге кийлигишпөө, тең укуктуулук жана пайда көрүү, тынчтыкта жанаша жашоо принциптери бүгүнкү күнгө чейин кыргыз-кытай мамилелеринин негизин түзөт.

Садыр Жапаров белгилегендей, бул жаатта эки өлкөнүн чек ара маселелери толук чечилип, 1996 жана 1999-жылдардагы келишимдер менен мыйзамдуу түрдө жолго коюлганы чоң жетишкендик болду.

Бүгүнкү күндө мамлекеттер аралык чек ара Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы бөлүүчү сызык эмес, эки элибиздин ортосундагы ынак коңшулаштыктын жана достуктун көпүрөсү болуп саналат. Өз ара аракеттердин аркасында кызматташтыктын бекем пайдубалы түптөлдү.

Мындан сырткары, Мамлекет башчысы эки тараптуу мамилелердин негизги документи болуп 2002-жылы кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы ынак коңшулук, достук жана кызматташтык жөнүндө келишим саналарын кошумчалады. Бул Келишим мамлекеттик жана гуманитардык деңгээлдеги байланыштарды активдештирүүгө чоң түрткү берди.

«Байланыштарды өнүктүрүү жана чыңдоо 2013-жылы өлкөлөрүбүздүн мамилелерин таптакыр жаңы деңгээлге чыгарды. 2019-жылы кол коюлган Ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү боюнча биргелешкен декларация Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосунда биздин элдерибиздин ортосундагы ынак коңшулукка жана достукка тоскоол болгон кандайдыр бир маселелердин жоктугун тастыктайт.

Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү өлкөбүзгө ар тараптуу колдоо жана жардам көрсөтүп келет», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Ал кытай капиталынын катышуусу менен өлкөдөгү транспорт, энергетика, саламаттыкты сактоо, ирригация, билим берүү, социалдык объектилерди куруу жана башка ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылганын белгиледи. Бул долбоорлор биздин бакубат жашообуз үчүн чоң социалдык-экономикалык мааниге ээ.

Аны менен бирге, президент Садыр Жапаров кытай тарапка жана Борбор Азия мамлекет башчыларына БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын жалпы дебаттарында демилгеленип, БУУнун 2022-жылды «Туруктуу тоолорду өнүктүрүүнүн эл аралык жылы» деп жарыялоо жана ЮНЕСКОнун «Тоо мөңгүлөрүнүн мониторингин жана изилдөөсүн күчөтүү» резолюцияларын колдоого алып жана биргелешкен демөөрчүлүк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди

http://kg.kabar.kg/news/prezident-sadyr-zhaparov-ba-mamleketteri-kytai-sammitinde-s-z-s-il-d/

скачать dle 11.0фильмы бесплатно