Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга еврооблигациялар аркылуу 500 млн евро тартууну ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору» улуттук форумунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал бийлик инфраструктуралык курулушту баштоо үчүн 18.8 млн доллар тапканын, ошол эле учурда Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушунун биринчи фазасына 458 млн доллар керектелерин айтты.
«Биз эл аралык каржы институттары менен активдүү финансылык консультацияларды алууну баштадык жана биринчи жолу евробонддор рыногуна чыгып жатабыз – биздин өлкө бул рыноктон четте калган жалгыз өлкө. Биз быйыл европалык рыноктордон 500 млн евро карыз алып, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун биринчи фазасын баштоону пландап жатабыз», – деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи агрегатынын курулушун баштоо планын да билдирди. «Биздин энергетиктер бүгүн Москвада акыркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Быйыл экинчи агрегаттын курулушун жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи фазасынын курулушун баштайбыз деп ишенем», – деп кошумчалады ал.
https://economist.kg/kyrgyzcha/2022/02/10/kyrgyzstan-kambar-ata-ges-1di-kuruuga-evroobligaciyalar-arkyluu-500-mln-evro-aluunu-k-zd-d/