2022-жылдын февралында ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин арасынан инфляциянын эң жогорку деңгээли Беларуста катталды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
"Мурунку айга салыштырмалуу Биримдиктеги бардык эле мамлекеттерде баалар жана тарифтер жогорулады", — деп айтылат билдирүүдө.
Инфляциянын өсүүсү (2022-жылдын январь айына салыштырмалуу):
Февралда кайсы тармактарда эң көп кымбаттоолор болгонуна токтолсок, Беларуста кызмат көрсөтүүлөргө болгон баалар 5,4 пайызга жогорулады. Ал эми Россияда азык-түлүккө кирбеген товарлардын баасы 1,5 пайызга көтөрүлдү.
Кыргызстан тууралуу айтсак, буга чейин Улуттук банк жыл башынан бери баалар 1,5 пайызга өскөнүн айткан. Кыргызстанда баалардын динамикасына дүйнөдө азык-түлүк менен күйүүчү майдын кымбатташы таасир этип жатат. Улуттук банк тышкы экономикалык силкинүүлөргө туруштук берип жана инфляцияны ооздуктоо максатында акча-кредиттик шарттарды (эсептик ставка 8,5-10 пайыз) катаалдаштырууну улантууда. Учурда акча рыногунда абал туруктуу кармалып турат.
https://sputnik.kg/20220317/eaehbde-inflyaciya-kanchaga-ostu-1062899046.html