Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартиби бекитилди. Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартиби жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү максаттуу трансферттерди берүү жана бөлүштүрүү процессинин натыйжалуулугун жогорулатуу, финансылык ресурстарды бөлүштүрүүдө адам факторунун таасирин азайтуу, мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу максатында иштелип чыккан жана бекитилген.

Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартиби бекитилиши менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары максаттуу трансферттерди эсептөө жана бөлүштүрүү боюнча так жана негиздүү эрежелерди алат.

Мындан улам жана Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 55-беренесинин жоболорун аткаруу, мамлекеттик финансыларды башкаруу системасын өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге максаттуу трансферттерди берүү тартиби бекитилген.

http://kg.kabar.kg/news/respublikalyk-biudzhetten-zhergilikt-biudzhetterge-maksattuu-transfertterdi-ber-tartibi-bekitildi/