Мамлекет башчы Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасы аркылуу эки айдан кийин кыргызстандыктарга Кумтөр алтын кениндеги каржылык жана башка ишмердүүлүк боюнча отчет берилерин убадалады.
Президент Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн текшерүү үчүн Эсеп палатасын жибергенин белгилеген.
"Кумтөр кенине 2021-жылдын 17-майында тышкы башкаруу кирген, андан бери бир жыл өттү. Текшерүү бүткөн соң (болжол менен эки айдан кийин) жалпы элге маалымат берилет", — деген Жапаров.
Эске салсак, 4-апрелде президент Садыр Жапаров Кумтөр кени толугу менен Кыргызстандын карамагына өткөнүн, канадалык компания менен бардык маселелер чечилгенин жар салган.
Тараптардын ортосундагы келишимде төмөнкү шарттар каралган:
Жапаровдун кайрылуусунан киийн Centerra Gold Inc. Кыргызстандагы "Кыргыз алтын" ишканасындагы бизнес-активдерин сатууга макулдук бергендигин жана өлкөдөн кетерин жарыя кылган.
https://sputnik.kg/20220510/sadyr-zhaparov-kumtor-otchet-1064274353.html